* * *
Адамдардын жүрөгүндө төрт нерсе, болуш керек: Сүйүү, чындык, эмгек. ойлонуу Сүйүү жашоону көркөмдөйт. Эмгек өлбөс өмүргө керек. Чындык ар бир күнгө, келечек жашоого, баарына керек. Ойлонуу болбосо, акылмандык кантип жаралат.
* * *
Ат арабаны сүйрөп баратат. Арабакеч арабаны кайда бурса, араба ошол жакка бурулат. Мезгил биздин өмүрүбүздү ат сыяктуу айдап баратат. Анда биздин арабабыз кайда? Арабакечибиз ким? Кайда баратабыз?
* * *
Бир күнүң, бир күндүк өмүр, кээде бир үзүм өмүрдөн өчпөс болуп эрдик жанат. Ошол эрдиктен өчпөс изиң калат.
* * *
Алыста жүргөн эки адам бири-бирин сагынышты. Демек алардын ортосунда жылдыз жанган жагымдуу күндөр болгон. Жагымдуу убакыттын арасында, жаадыраган жакшылык болгон.
* * *
Өнөр өчпөй турган ыйык нерсе. Ал дайыма жаңыланып турат. Ошол жаңылануусунда бир керемет жаркы жанып турат.
* * *
Балалыгым аркы жээкте, өзүм берки жээктемин. Дайраны кечип, балалыкка барайын дейм, бара албайм. Дайрадан кечүүгө болбойт. Экөөбүз эки жээктебиз.
* * *
Өткөндө жайлоого барып, балалыгым өткөн кыяны кылчак-, кылчак карадым. Кыя менин балалыгымы жоктойт, мен баардыгын жоктойм.
* * *
Унчукпай тынымсыз аракет кылган адамдар көп нерсени бүткөрүп, көп нерсеге эгедер болот. Алар жакшы жеңиштерге салтанаттуу түрдө жакындаган болот.
* * *
Ар бир күн жаңы төрөлөт. Улуу жомок, өчпөс талант да, ар дайыма күн менен кошо жаңы төрөлөт.
* * *
Жакшы учкул сөздөр кумдан жыйнап алган майда алтындар сыяктуу шоолаланып турат. Учкул сөз да жылт-жулт эткен алтындын сапатын элестетет.
* * *
Көп нерселер кайрылып келди, жаз да кайрылып келди, куштар да кайрылып келди. А эмнелер кайрылып келбей калды.., ошону эстегибиз келди…
* * *
Анын мүнөзүндө жакшы сапаттар бар. Бала чагында жакшы тарбия алгандыгын даңазалап турбайбы.
* * *
Тарых акты ак деп, караны кара деп, тыянак чыгарып коёт. Ошентип, акты карадан бөлүп, оордуна коёт.
* * *
Баласы жок, кемпири өлгөн абышка, жалгыздыкта өткөн өмүрүн эстейт. Армандуу өткөн өмүр менен эмнени эстетпейт.
* * *
Адамзат үчүн иштеп, журт тагдырын ойлогон жетекчилер өтө аз болот. Эгер алар көп болсо, дүйнө мындан бай жана бактылуу, шаңдуу болмок. Биздеги элдин жетишпеген арманы ошол.
* * *
Хан элден качса, эл да хандан качат. Хан тескей тоодо болсо, эл күңгөй тоодо болот. Ортосунда күрүлдөгөн дайра акса, эл аркы өйүздө хан берки өйүздө болот. Элин жек көргөн хандын тагдыры эми эмне болот?
* * *
Бирөө менден сурады: – «Ой узунбу же агып жаткан дайра узунбу?» Мен айттым: – «Ой узун, анткени ал дайранын баш аягын бат эле карыштап ченеп коёт».
* * *
Ден соолуктун эң мыкты дарысы күлкү менен кубаныч.
Экөө болгон жерде оорулуунун жүрөгү дарыгерсиз айыгат.
* * *
Алыскы душманым эчтеке эмес, ал эми жанымдагы душманым эң эле коркунучтуу. Анын күндө каршылык кыла бергени мага коркунучтуу.
* * *
Кичинекей балам жашоому көркөмдөп турат, менин кубанычым ошол жакта жоголбой турат.
* * *
Ырайымдуулук жана калыстык болгон жерде өмүр жаандан кийинки көк чөп сыяктуу өнүмдөйт.
* * *
Таланттын энеси – эмгек, атасы-изденүү, агасы-эргүү, иниси-окуу болот.
* * *
Малчылар тоодон көчүп кетип, тарапта кулак кескендей жымжырттык болду. Бирин-экин куштардын үнү гана угулганы болду, же такыр ың жыңсыз. Кайтыш болгондор ушул ың жыңсыз жымжырттыкка сиңип кеткендей дарексиз болду.
* * *
Элдин жыргалы, биринчи эсепте хандын жыргалы.
* * *
Адамды ынандыруу анын ишеничине кирүүнүн жакшы жолу.
* * *
Айылыбызда эчаакы өткөн көп адамдар унутулуп жок болгон, анткени алардын элеси караңгылыкка жана жым-жырттыкка сиңип кеткендей болгон.
* * *
Акылмандар айтты:
– Тирүүңдө адамдарга жакшылык чачып кал, анткени көзүң өткөндөн кийин сени пенделер ошол жакшылыгың аркылуу эскерет!
* * *
Акылмандар айтты:
– Адамдын төрөлгөн күнү,гүлдөгөн учуру болот. Жеңишке жеткен учуру болот. Өлгөн учуру болот. Өлгөндөн кийин эмгеги аркылуу эскерилген учуру болот.
* * *
Жашоонун башталган жери күн, аба, суу, жарык, кайгы, кубаныч – ал өмүр. Өмүрдүн бүткөн чеги – караңгылык жана жымжырттык – ал өлүм.