* * *
Жаштык күндөгү жагымдуу учурду эскерүү бир чоң таалай өмүрдө жакшы мезгилдин өткөнү чоң майрам
* * *
Өткөн күндөрүбүз окуп бүткөн аңгеме, келээр күндөрүбүз окуйлу деген чыгарма.. Андагы катышкан каарман биз тааныган айланабыздагы эл.
* * *
Адамдын кайгылуу өткөн күндөрү трагедиялуу чыгарма. Ал
трагедиялуу чыгарманы окубай эле койгон жакшы. Анда өткөөдөгү кайгы муң эске түшөт.
* * *
Адамдардын мүнөзү бири-бирине окшош болушу мүмкүн. Ал эми таланттар бири-бирине куюп койгондой окшош болбойт. Окшош болсо бири-бирине туурап жазган чыгарма болот.
* * *
Согуш болгон жерде кузгун куркулдап, карга каркылдап турду. Аны көрүп жарадар адамдардын үрөйү учуп турду.
* * *
Кээ бир үй-бүлөдө атасы да аракеч, энеси да аракеч, балдары да аракеч. Ал үйдө аракечтердин армандуу үнү чыгып, таза адамдар табылбай турду.
* * *
Бир кедейдин жардылык азабы, миң кедейдин муңу.
* * *
Турмуш ачуу да, таттуу да. Ошонусу менен жашоо бизге ынанымдуу жана кызыктуу.
* * *
Оң колум айтты:
– Карыдыкпы карыя?
Сол колум айтты:
– Кайрат качты, калчылдап калдык.
Ага буттарым жооп берди:
– Бир кезекте жаш элек, солкулдап турган дене элек, калчылдап баса албай калдык.
Мен айттым:
– Ооба ынактарым бир кезекте жаш элек, эми баарыбыз карыдык ,-деп каңырыгым түтөдү.
* * *
Кайгынын атасы да, энеси да жок. Эгер ата-энеси болсо:
– Кой уулум бирөөгө барып, аны капалантпа демек.
* * *
Акыл, үмүт, кайрат үчөөнүн жолу бир. Бир жерден чыгып, бир тарапка кетип баратат.
* * *
Өсө турган эл: «Ким элек, ким болдук?» – деп, падышасы да, ар бир жөнөкөй адамы да ушул суроого жооп берип жүрүп отурат.
* * *
«Мен учкул сөз жазып жатам. Ачылыш жасаган жокмун, болгону элден алып, кайра элге таратып жатам»-деп улуу ойчул айткан. . Мен деле адамдарга ушул сөздү айтам..
* * *
Ата-бабамын атчан өткөн тарыхын кармайын дейм, кармай албай жатам. Байыркы бабалардын тарыхынын баяны
каякка сиңип кеткенин билбей жана таппай адашып жатам.
* * *
Байыркы бабалардын ташка тарткан сүрөтүндө адамдын башы Жаратканга тийип турса, эки буту түбү түктүү жерди басып турат. Бул элин коргогон улуу баатырдын элеси.
* * *
Жараткандын улуулугу анын кол жеткис бийиктигинде турат. Таланттуу адамдын бийиктиги анын да кол жеткис эмгегинде турат. Демек, Жаратканым да, талант да кол жеткис бийиктикте турат. Муну биз Ч. Айтматовдун, С. Каралаевдин, С. Орозбаковдун жана башка Манасчылардын чыгармачылыгына карата айтсак туура болгон турат.
* * *
Кудай барбы, же жокпу, деп кабатыр болбо! Кудай бар ал сенин жүрөгүңө жакшылыкты, ток пейилдикти, баарын чачып турат. Демек, ал бар. Кайсы жерде кубаныч бакыт болсо, ошол жерде кудай болот. Кудай болгон жерде бардык иш оңунда болот. Анткени анын кудурети улуу.
* * *
«Руху жок адам өзүнөн-өзү эле майдаланып жатат» – деп осуят китептерде жазылган. «Майда бараттык – жан дүйнөнүн жардылыгына алып келет» – деп да жазылган.
* * *
Көрүстөндөгүлөр: – «Көр казалы», – дешет.
Адамдар:
– «Сөөктү жерге коёлу», – дешет.
Жакындары: – «Маркум менен акыркы жолу коштошолу», – деп кайгырып жаштарын төгүшөт.
*
* *
«Эң эле негизги нерсе – экөөбүздүн жашообуз. Андан кийинки нерсе ошол жашоону турмушка ашырганыбыз»-дейт баш кошкондор.
* * *
Унутулган ыр өткөн кубанычты эске салат. Өткөн кубаыч кайта келбей калган күндөрдү эске салат.
* * *
Өткөн күндөрүбүз канчалык кубанычтуу болсо, өмүрүбүздөн ошончолук жакшы өчпөс элес калган.
* * *
Эч нерсени бүткөрбөй өтүп бараткан адам – өкүнүчтүү адам. Түбөлүк жакырчылыкты көрүп келген адам – жокчулукту оозанган адам. Бир адамга жарыгы тийбей кеткен адам – жок адам.
* * *
Өлкөнү бийлеп турган эл башчы элине трагедиялуу тагдырды жаратса, анын өмүрү да трагедиялуу тагдырга кабылат.
* * *
Жолдун аягына чыгып, кубанып кеткен адам – таалайлуу.
Эмгеги тирүүсүндө атак-даңкка жеткен адам – таалайлуу.
Баласынын ийгилигин көрүп өткөн адам – таалайлуу.
* * *
Эмгекчил адамда бир эле сыр бар, муну да билем. Жалкоо адамда дагы бир сыр бар аны да билем. Ошол бир эле сырда ар түркүн ойлор жашынып жатканын да билем.