– Дүйнөдө жакшы адамдар көппү же жаман адамдар көппү?
–«Жакшы адамдар көп, ошол үчүн дүйнө ушундай жаңырып, кооз болуп баратат-дедим.
* * *
Жол менен кетип баратам. Чымын-чиркейлер мени айлана учуп, айтышты:
– Эй, жолочу кичинекей болуп биз да сапар тартып келатабыз, жолочу болуп, сен дагы сапар келатасың, баарыбыз жол карытып келатабыз.
* * *
Кеч күздө топ куштар сүйлөшүп жатты:
– Убакыт чукулдап калды, түштүк мекенибизге аман-эсен жетип алалы.
Аларды карап карга айтты:
– Кетсеңер аман баргыла! Мен ушул жерде туулуп, ушул жерде өлөм. Бир да жолу башка жакка кеткен эмесмин, менин ата-журтум ушул аймак.
* * *
Жан дүйнөсү, руху өчүп бараткан адам күндүзү күндө, түнкүсүн түнкү жылдыздардын алдында калып эскирип саргарып калган барактай.
* * *
Балалуу аялдын колу байлануу, жалкоо адамдын иши байлануу, түрмөгө түшкөн адамдын убактысы, тагдыры байлануу.
* * *
Туулган жерди, Ата-Журтту сүйүү сенин жүрөгүңдөн агылып жүрүп отурат. Ата-журтту сүйүп карылыкка моюун сунасың. Бирок сүйүүң карыбай жашарып жүрүп отурат.
* * *
Баш кошкон кыз, жигиттин сүйүүсү күн сайын жаңыланып, гүлдөп жүрүп отурат. Ал таалайлуу көрүнүш, ошонусу менен сүйүү түгөнбөйт жана карыбайт.
* * *
Адам үч нерсесин туура башкара албагандыгынан аксайт. Курсагын тойгузам, жана эки санынын ортосундагы денесин баш аламан урунгандыгынан аксайт. Анан дагы баш аламан көп сүйлөп жиберип оозунан аксайт.
* * *
Жаштык, эмгек, сүйүү, талант төртөө бактылуу жолочулар. Алар биригип келечекке аттанса, сөзсүз бир жакшы башталышты таап чыгат.
* * *
Нагыз сүйүү адам жаралаганда эле пайда болгон. Ал ошондон бери жашап жана өмүр сүрүп түбөлүктүүлүккө кабылган.
* * *
Кыз таш боор жигитке туш келсе, анда сүйүү болбойт. Таш боордук сүйүүгө каршы келет. Алар бири-бирине кокусунан жолугуп калган адамдар.
* * *
Адам өзүнө жакшы жолдош тапса, ал кубаныч, жаман жолдош тапса, ал арман. Демек арман менен кубанычтын ортосунда достук куралат экен.
* * *
Бактылуу сүйүү болгон жерде жаштыгың кайра төрөлөт. Андай жерде өмүр сүрүү өтө кубаныч жана бактылуу.
* * *
Муштум болгон жерде сүйүү болбойт. Андай жерде сүйүү коркуп ыйлап көзүнөн жаш төгүлүп турат.
* * *
Адамда таланттын даарыганы ага бакыттын конгону. Ушул көрүнүш бактылуулуктун башталганы. Өзүнчө бир жаңы жашоонун башталганы.
* * *
Тоо аралап келатам. Береги ит мурундун түбүндө илгери шылдырап аккан жагымдуу булагым бар эле. Сапар келип ошол булактын түбүндө эс алчумун. тагдырбы, булагым акпай соолуп калыптыр. Бул көрүнүштү карап туруп, өзүмүн жакын досуман айрылгандай сезимге чырмалдым. Атаганат тагдыр, мезгил десе.
* * *
Чалгычы чөп чаап келатат. Чөптөр:
– Өлдүк, өлдүк жашообуз бүттү, – деди.
Мен айттым:
– Эч нерседен коркпогула. Ал тагдырыңыздар.
* * *
Жел кайдан сокконун билбей калдым, учкул өмүрдүн кандай өткөнүн да, билбей калдым? Өмүрдө эмне кылдым муну да билбей
калдым? .
* * *
Базардан келаткан адам бар, базарга бараткан адам бар. Базарга барбай эле эл байлыгын жеп, жашаган адамдар бар.
* * *
Бир куштун сайраганы жаздын белгиси, көп куштун сайраганы өчпөс жаздын даңазасы.
* * *
Байдын жер жарган тоюнан, эмгекчилдин каниет кылып ичкен чайы ыртык.
* * *
Кыска өмүрдүн өзү аяныч. Ал өмүр тукумсуз өтсө, андан бетер аяныч. Бул баянды козгоонун өзү аяныч.
* * *
Майрамда күн да башка, эл да башка, айлана чөйрө да башка. Ошентип баардыгы кубанычтуу, ба0,0ардыгы башка.
* * *
Улуу ийгиликке жеткен адам мурункуга караганда
тааныштарынын көзүнө башкача көрүнөт.
* * *
Өмүрдүн өткөнү ыр. Ал ырды өкүнүч, кубаныч аралайт.
Турмуш ошонусу менен кызык жана табышмактуу.
* * *
Эртең менен эрте турсам Балыкчынын шамалы дуулдап согуп жатыптыр. Заман катаал болуп, элде жокчулук өкүм сүрүп турган заман.
Жалаңдаган шамал көчөдөн-көчөнү, үйдөн-үйдү аралай чабат.
– Кышка кандай даярсың, отун сууң жайындабы? – деп ар бир үйдү кыдыра суроо салып, ашыга желип-жортуп баратат.
* * *
Устат да болсун, шакирт да болсун. Анткени турмуш