* * *
«Генийге кара күчүң менен жетем дебе, ага акыл-эс, эмгек, талант кудуретиң менен жетем» – деген артык..
* * *
Гений деле сен сыяктуу энеден төрөлүп, атанын тарбиясында өскөн, башкаларданэч айырмасы болгон эмес.
* * *
Бийликте мындан мурун деле жагынуучулук болгон, мындан кийин деле боло берет. Анткени жагынуучулук менен өскөн адамдар толтура.
* * *
Бир киши өлөөрүндө: «Ушундай дүйнөдөн өтөөрүмү билсем, көп нерсени бүткөрмөкмүн, азыр кеч болуп калды» – деп арманын айтыптыр.
* * *
Оозуңан чыгып кеткен сөз ок, ал ок кайра кайрылып, өзүңө тийиши ыктыммал.
* * *
Көзү ачылбаган билимсиздик, бул жакшы жорук эмес, – ал кайгылуу арман.
* * *
Карыган ата-энеңин сага берген акылман кеңеши ал сага калтырган асыл мурас.
* * *
Жакшы тарбиядан баардык асыл нерселер башталат, жана тарбия жоголбой турган ыйык өнөр.
* * *
Улгайган адамдар: «Өмүрүмдө эмне эмгек кылдым, артымда эмне эмгегим калат?» – деп тынчсызданат алар өлүм жөнүндө ойлонгон адамдар.
* * *
Кээ бир адамдар башкалардан дайыма жаманчылык издеп турат, ал жакшы сапат эмес. Ал армандуу кайгы.
* * *
Талант бийик тепкичке чыгайын дейт, бирок өмүр кыска, чаркы чамалуу.
* * *
Жалкоонун сүйгөн кесиби уйку, андан башка кесипке көнгөн эмес.
* * *
Акын калеми менен, соодагер акчасы менен, жолочу жолу менен. Демек баардыгы өз жолу менен.
* * *
Элдин тагдыры – баатыр да, баатырдын тагдыры – элде.
Алар бири-бирине, тагдырлаш-энчилеш.
* * *
Ар бир адамдын өзүнө ишеничтүү бир эле дарыгери
болот ал – өзү.
* * *
Ар кандай кубанаарлык иштер, терең ой жүгүртүүдөн башталат.
* * *
Жаңгактын мөмөсү ичинде, кабыгы сыртында, кабык сөзсүз мөмөнү сактайт.
* * *
Акылга-үмүт таяныч, доско-дос таяныч, талант-эмгекке таяныч, өлбөстүк өмүргө таяныч. Жакшыга-жакшы таяныч.
* * *
Үй-бүлө тынч болсо, үй тынч, коңшулар тынч болсо, көчө тынч, үй да, көчө да, тынч болсо, анда биз үчүн аалам тынч.
* * *
Атасынан баласы акылдуу болуш керек, анткени ал – кийинки муун.
* * *
Кооздук бул – терең ой жүгүртүүдөн башталган.
* * *
Кубанычтын өңү жашыл, жаздын өзү жашыл, жашаргандын баары жашыл.
* * *
Бир жолдо келаткан үч жолоочунун үч жолу бар, ошондой эле үч жолочунун үч тагдыры бар.
* * *
Падыша же жөнөкөй адам үчүн адилеттик – бирөө, экөөнө эки башка адилеттик жок. Анткени күн бирөө. Жана дагы ар бир адам үчүн өмүр бирөө.
* * *
Бүткөн иштердин көбү бара-бара унутулат. Эл баспай калган жол унутулат. Өлгөндүн изи унутулат.
* * *
Бийиктик бат эле жете койчу тепкич эмес, адам ойлогон ой, түрүп алчу жип эмес, таалай усталар жасаган сандык эмес.
* * *
Максатына жетпей калган адамдар ойлонуу менен таңды атырат, ойлонуу менен күндү батырат. Бирок ошонун өзүндө ийгилик болобу?
* * *
Күндүн артынан түн келет. Түндүн артынан күн келет. Баары эле кайта келет. Бирок өмүр өткөн сайын жашоо сага башкача болуп келет.
* * *
Бир чымындын өлүмү адам үчүн кадимки эле көрүнүш.
Бирок чымын үчүн орду толбос оор жоготуу болгон.
* * *
Жек көрүүдөн жамандык төрөлөт. Башка эч нерсе төрөлгөн эмес.
* * *
Асмандагы күн -бирөө, жалгыз сапар келаткан жолочу- бирөө, жалгыздык өзү деле -бирөө.
* * *
Ач көздүн жан дүйнөсү тар болгон менен аны карап турган аалам ошончолук чексиз кенен эле болгон.
* * *
Ар бир адам ден-соолугун мыкты күтсө болот, аны күтүү өзүнчө бир чоң чеберчилик.
* * *
Чындыкты жалгандан айырмалаш үчүн көсөм акыл керек болгон.
* * *
Өлүм төрөлүүдөн коркот. Өмүр, өлүмдөн эч убакта коркпойт. Ал чындыкка моюн сунат.
* * *
Элсиз ээн жымжырт жаткан жерге ар бир түндө айдын чыкканы чоң кубаныч, айдын шооласынан төгүлгөн нур чоң майрам.
* * *
Ар кандай адамдын тынчын алган кыйкырык үндөр
айлананын жымжырттыгын жутат.
* * *
Тереңди-терең, жапызды-жапыз, бийикти-бийик дейбиз. Ошол сапатынан алар бири-биринен толук айырмаланат.
* * *
Талант адамды издебейт. Адам талантты издеш үчүн жаралган.
* * *
Ийгиликке жеткен адам жеңилденет, ашуу ашып түшкөн адам жеңилденет. Ооруп айыккан пенде жеңилденет.