үйрөнүүчү жана үйрөтчүлөрдөн турат. Жашоону ушул экөө бар кылып турат.
* * *
Бардык нерсени пайдалуу деп да айтууга болбойт. Бардык нерсени пайдасыз деп да айтууга болбойт, анткени жашоодо орто заар нерселер көп болуп жатпайбы. Орто заар нерсесиз турмуш да болбойт.
* * *
Күн күркүрөп, чагылган жерге түштү. Ошондо айлана жарык боло түштү. Азга созулса да, чагылган бир жарк этип өлдү. Ошол жарык көз ирмемге созулса да айланабызды көрүп калдык.
* * *
Поэзия адамдарга өлбөстүктүн шапатасын чачып турат.
Анын жан жыргаткан асыл жагын ошол даңазалап турат.
* * *
Баш аягы жок жакырчылык эл үчүн аягы бүтпөс азап болсо, ал эми хан үчүн жакындап келаткан чоң коркунуч.
* * *
Ата-журттун, туулган жердин ырын, кубанычын биз эне тилде түшүнөбүз. Эне тилибиздин ыры Ала-Тообузга миңдеген кылымдардан бери сиңип, аны өлбөс-өчпөстүгүн түшүнөбүз. Ала-Тоону да, эне тилди дагы биз өзүбүз деп түшүнөбүз.
* * *
Эне тилибиз биздин байлыгыбыз, аны түпкү бабаларыбыз бизге мурас, асыл таберик катары калтырып кеткен. Аны чайпалтып төгүп албай, кийинки муундарга чыпчыргасын коротпой, аман-эсен өткөрүп берели. Ал биздин ыйык милдетибиз.
* * *
Сыйлуу коноктун келгени жакшы, сыйга татыбаган коноктун келгенинен келбеген жакшы.
* * *
Мен кудайды тааныдым, кудайды таанысам өзүмү тааныган болом.
* * *
Кээ бир жакшы нерселер улам-улам кайталанып, жашообуздун көркүн чыгарат. Жашоодон мурун өмүрүбүздүн көркүн чыгарат.
* * *
– Эмне азап, эмне бакыт? – деп жорудан сурадым. Ал мындай жооп кайтарды:
– Ачка болуп, тарп издеп, учуп жүргөн оор убакыт, ал эми тарпты таап жеп, аябай тойгон учур – бактылуу убакыт.
* * *
Акын ырын жазган учур келет, оңдоочу учур келет, аны чыгаруучу учур келет, атак-даңкты алуучу учур келет. Анан бул дүйнөдөн өтүүчү учур келет. Аягында тарыхта калуучу учур келет. Мунун бары жазмышка жазылган тагдыр.
* * *
Бир кой күткөн кедей кубанып:
– Аябай байыдым, – деди.
Миң кой күткөн бай:
– Дагы эле аябай жардымын, – деди. Экөөнүн кимисине ишенсе болот?
* * *
Эки адам бири-бирин жакшы түшүнө албаса, алардын жолу бирикпейт. Бирөө түндүккө, бирөө чыгышка бара жатса, кантип биригет
* * *
Күз айтты:
– Биз келдик, – деди.
Жер-жемиштер айтты:
– Биз бышып бүттүк, – деди. Дыйкан:
–Түшүмдү жыйчу кез келди. Карылар айтты:
– Өмүрүбүзгө күз келип картайып баратабыз, – деп капаланды.
* * *
Замандаштар! Эне тилибиз ата-бабалар калтырып кеткен чети оюлгус улуу мурас. Ошол улуу мурасты башка элдин алдында уят болуп жоготуп жибербейли, сак болгула!
* * *
Душмандарым менен мамиле түзсөм, алдыдагы келишпестик азаят. Жол оңутун байкап, сапар тартсам алдымдагы кыйынчылык азаят.
* * *
Башканы сын көз менен кароо жеңил. Ал эми башканын көзү менен өзүңдү сын көз менен кароо канчалык оор. Жеңил менен оордун ортосу канчалык алыс.
* * *
Кооздукту жана сонундукту кадырлаган адамдын
жүрөгүндө бизди кубанткан жана сүйүнткөн жакшы сонун
башталмалар бар.
* * *
Биз гүлдү үйүбүзгө, анын айланасына өстүрөбүз. Үйүбүздүн айланасындагы гүлдү башкалар көрөт. Жүрөгүбүздөгү гүл көрүнбөйт, аны жакшы адамдар гана көрөт же өзүбүздүн жакындарыбыз көрөт.
* * *
Улуу чыгармалар түбөлүк жаңы бойдон калат. Ошол үчүн ал дайым карыбас жана жаш. Жакшы нерсе карыбай жаш бойдон калат.
* * *
Ой гүлдөрү адамды сонун жакка жетелеп, аны акын кылат. Жүрөгү, көңүлү акын болгон адам картайбайт.
* * *
Поэзия адамдагы түбөлүк өлбөстүктүн шапатасы. Анын ичин аралаган сайын таң калтырган керемет сырлар ачыла берет.
* * *
Соодагердин сырты бай болуп көрүнгөнү менен ички рух дүйнөсү өтө жакырдай көрүндү. Сыртынан ичи кем көрүндү.
* * *
Акча, байлык деп чуркап жүрүп өмүрдүн кандай өтүп кеткенин бай соодагер билбей калыптыр. Байлык чогултуп жүрүп, анын өмүрү да аз калыптыр.
* * *
Асыл ойлор – бул даанышмандыктын китеби.
* * *
Азаптуу оору менен ооруп жаткан пендеге жыл да узак, ай да узак, күн да эки эсе узак, баарысы узак.