Выбрать главу

* * *

Ар бир болумушту, ар бир окуяны тагдыр дейбиз. Демек, ар бир окуядан, ар бир болумуштан биздин аз да болсо тагдырыбыз жатат.

* * *

Кыргыз болуп калганыма өкүнбөйм. Кыргыз болуп башка эл сыяктуу өнүгө албай калганыма өкүнөм.

* * *

Эки адам убадалашып жатышат. Алардын ортосундагы чындык бирөө. Жана асманда тийип турган күн бирөө.

* * *

Биз карылыктын келишин күткөнбүз. Биз адамдар үчүн бакыттын келишин да күткөнбүз. Ал эми капыстан өлүмдүн келишин такыр күткөн эмеспиз.

* * *

Чындыктын жүзү бизге даана көрүнүп турат. Ал ошонусу менен жалпыбызга сүйкүмдүү.

* * *

Намыс арыкта агып жаткан суу эмес. Арыктагы суу агып кетет. Ал эми намыс сенин жүрөгүңдө жашап, жоголбогон керемет.

* * *

Зили калп айтуу оорусуна чалдыкпа! Анда баскан жагыңан адашып, өз жолуңу таппай каласың!

* * *

Чыныгы сүйүү эч убакта өзгөрбөйт. Өзгөрүлгөн нерсе сүйүү эмес. Жээ чыныгы турмуш эмес.

* * *

Акылсыздын чеги бар. Акылмандуулуктун чеги болбойт. Ошол үчүн жашообуз бактылуу.

* * *

Улуу адамдар деле биз сыяктуу жардылыкта оор турмушта жашаган. Болгону алар эл үчүн жанын сабап, жакшы иштерди иштеп кеткендер.

* * *

Бир жакшы ишти бүткөрүш үчүн акыл жана акча керек. Эгер бирөө эле жок болсо, иштин натыйжасы болмок беле?.

* * *

Биз жымжырттыкта болуп, бир кишинин сөзүн угушубуз керек. Бирок ошол кишибиз акылдуу, улуу кеменгер эл башкарган киши болуш керек.

* * *

Эне бала үчүн кенен аалам, ал эми бала эне үчүн жаз алдында жаңы бүрдөп келе жаткан жаш өсүмдүк.

* * *

Жакшы буюм көпкө сакталат. Качан ал өз сапатын жоготкондо, ошондо жоголот.

* * *

Асыл-ой мурас баардык замандарда сакталып келген.

Анткени анын ичинде такыр түгөнбөгөн керемет ойлор калкып жатат.

* * *

Кээ бир адамдар айтат: – Сүйүү кармалбайт, – деп.

Сүйүү жүрөгүңдө гана кармалат. Сүйүүнү кармай албаган

жүрөк, жүрөк эмес.

* * *

Жүрөгүнө сүйүүнү алып жүргөн адамдар, алар бактылуу адамдар.

* * *

Жаап жаткан жаигырга:

– Жамгырым сен мага жомок айтчы!-дедим. – Мен жомок айтып жатам сен тыңшабай жатасың, Тыңшасаң укмаксың, менин үнүмдү улгайып калган адамдар угуп, айткан жомогума түшүнөт .-деди.

* * *

Чындыкты айткан адамдын сөзү – күмүш, ал эми элди чындык жолуна үндөгөн адамдын сөзү – алтын.

* * *

Жашооң канчалык тынч болсо, өмүрүң ошончолук бакубат жана пейпил.

* * *

Жаштар – жаштыгы менен бактылуу. Ошол жаштыкты эмгек менен айкалыштырса, алар андан бетер бактылуу.

* * *

Бай менен жарды экөө тең эле адамдар. Болгону бирөөндө бар, экинчисинде жок.

* * *

Кылыч эмне үчүн жасалат. Адамды өлтүрүү үчүнбү, же Ата-Мекенди коргош үчүнбү? Буга аны урунган жоокер жооп берсин.

* * *

Сүйүү бул түгөнгүс нерсе. Ошол үчүн анын жолу бийиктиктен башталган. Ал түгөнгөн күнү жашоонун жүрөктөгү оту өчүңкү тартат.

* * *

Мөмөсү бар даракка көптүн көзү түшөт.

Эстүү, сулуу кызы бар үйгө жигиттердин көзү түшөт.

Талантты бар адамга журттун көзү түшөт.

Демек, пендедеги жакшылыктын баардыгына адамдын көзү түшөт.

* * *

Атасы кетсе, бала үчүн эне калат. Энеси кетсе, бала үчүн жетимдик калат.

* * *

Адам аракты ичет. Арак тиги кишинин акыл-эсин ичет.

Кыскасы экөө бирин-бири ичет.

* * *

Өмүр сага бир берилет. Аны жаман нерсеге алдырып жибербей сак бол! Келечегиңе сак бол! Баарына сак бол!

* * *

Эски нук жаңы нукка керек.

* * *

Китептей дос күткөн эмесмин. Китеп менин сүйүүм. Китеп кубат берген бвйлыгым. менин кубанычым жана убактымды алган арманым.

* * *

Баатырдык өлбөйт. Баатырдык элдин канында жашап гүлдөп жатат. Ошон үчүн элде, баатырдык да, баатырдыкты жараткан, баатыр да баардыгы жашап жатат.

* * *

Акылмандуулуктун өзү жакшы, анын уңгусунда, элге арналган жакшылык сүйүнүчтүн уңгусу бар.

* * *

Саламаттык жана ден-соолук ар бир адам үчүн керек. Адамдар үчүн эмес ал биздин коомго керек.