* * *
Ай жалгыз, бирок адамдар турганда ал жалгыз эмес. Аны жалгыз
таштабай пенделер караан тутуп турат.
* * *
Чындыктын энеси – эл, атасы бейпил – жашоо. Кудайым турганда ушуну унутууга болбойт.
* * *
Караңгыдан жарык түбөлүк артыгыраак, жоктон бар артыгыраак, бай жашагандан орточо жашаган артыгыраак, баарынан тынч жашоо артыгыраак.
* * *
Таланттын артында эмгек жатат, эмгектин артында өлбөстүк баардык жакшы нерселер жатат.
* * *
Бийликте жүрүп жеп ичкен киши мекенине батпайт, эби жок калдайган идиш казан аякка батпайт, жалкоо киши үй-бүлөсүнө батпайт.
* * *
Жашоо миң сырдуу, а биз ошол сырды сактап, аралап бараткан адамдарбыз.
* * *
Көзү өтөөр адам өзүнүн күнөөсүн айтып, кечирим сураганы жакшы, анткени ал, чын дүйнөгө тазаланып барганы жакшы.
* * *
Турмушта өмүр бар, өлүм бар, кайсынысын ойлойбуз албетте – өмүрдү.
* * *
Жеңил мүнөз адамды аяйм, анткени алардын ойлоо жөндөмдүүлүгү башкачараак болуп жатпайбы.
* * *
Ооз сүйлөйм дейт, жүрөк сүйсөм дейт, мээ ойлонсом дейт. Адамдын баардык денеси өмүр сүрүп, тынч жашасам дейт.
* * *
Саламаттык узак жашоону алып жүрөт, узак жашоону эле эмес өзү менен эмгекти, кубанычты коштоп жүрөт.
* * *
Ата-журттун амандыгы баарыбыздын амандыгыбыз. А биздин амандыгыбыз ата-журттун амандыгы.
* * *
Чындыктын бар экенин билбеппиз, чыныгы адабий
чыгарманын бар экенин дагы билбеппиз, аягында чыныгы жазуучу жашап анын өтүп кеткенин да билбеппиз.
* * *
Асылдык, сулуулук, көркөмдүк менен айкалышса, жашообуз макмал төрдөй көркүнө чыкканы ошол.
* * *
Алдуудан алсыз коркот, чындыктан жалган коркот, өмүрдөн өлүм коркот.
* * *
Күн аяктап, түн келди. Баягы убакыт кайрылып келди. Эмнеге
өткөн өмүрүбүз кайрылып келбеди?
* * *
Жаратылышта толгон сырдуулук бар.
Адамда толгон сырлар бар.
Менимче адам менен жаратылышты байланыштырган бир сырдуу шыбыртты дагы бар.
* * *
Уйку дагы жакшы нерсе, ден-соолук дагы кымбат нерсе, оорулуу адамга уйку жана ден-соолуктун келгени андан бетер асыл нерсе.
* * *
Жалкоолук уйку менен, талант эмгек менен.
* * *
Элге баатырдык керек, баатыр жалгыз эмес ага эл керек.
* * *
«Менин жашоом чындык!– деп айт»., чындыктын артында чыныгы турмуш турат!» деп дагы айт.
* * *
Татаал турмуштун артында драма жатат же, чиеленишкен тагдыр жатат.
* * *
Элдин байлыгын ала качкан эл башчы арам, же ошону жактап келген пенделер андан бетер арам.
* * *
Тараза тактыкты жаратат, а тактык чыныг турмуштун дал өзүн жаратат.
* * *
Жүрөккө жакшылыктын тийгени күн, же ошол жакшылыктын башкаларга чачыраганы ал да күн.
* * *
Жүрөгүңдөн башкаларга чачылган нур асыл нерсе, ал алтындан кымбат нерсе.
* * *
Бейиш бул сыймык, же элине бейишти тараткан журт башчынын иши сыймык.
* * *
Китеп-бул сырдуу нерсе, ошол сырды түшүнүү менен окугун, окуп эле жөн койбой терең ойлонгуң андан бетер сырдуу нерсе.
* * *
Чындыкты жалган деп айтылган күнү жашоо өлөт, же жашоо өлгөн күнү адамдын жан дүйнөсү өлөт.
* * *
Ыйык от жашоону билдирет. Ыйык от адамга, же
жаратылышка, же ааламга болгон таза сүйүүнү билдирет.
* * *
Сен чындыкты көрдүңбү, демек жашоону көрдүң.
* * *
Мен өзүмү көрүш үчүн күзгүдөн эмес, башка адамдын көзү менен өзүмү карагым келет.
* * *
Коркунучтан адамдарды сактап калган баатыр жакшы же, коркунучка элин кабылтпай аман-эсен алып кеткен эл башчы жакшы.
* * *
Жүрөктөгү жалган нерсе кеткен күнү жашоону чындык аралайт.Чындык болгон жерде, чыныгы турмуш башталат.
* * *
Бактылуулукта көп сыр бар. Мен бактылуумун дегендер бактылуу эмес. Эл бактылуу деген адамдар бактылуу.
* * *
Жер улуу жана дагы күн улуу, жер үстүндө жашап жаткан адам улуу. Анан акыйкатта өз тилин, өз жерин, өз журтун сактап турган эл улуу.