Выбрать главу

* * *

Жашоо тынчтыктан турат, тынчтык түбөлүктүүнүн

түбөлүктүүсү болуп турат.

* * *

Ушакты айткан адамды шайтан түспөлүндө көрөбүз, ал эми шайтанды коргогон адамды эмне түспөлүндө көрөбүз?

* * *

Көзү өткөн адамдарды эскеребиз, аларды эскерүү менен башкаларга жасаган жакшылыгын кошо эскеребиз.Адамдарга таштап кеткен эмгегин дагы унутпай эскеребиз.

* * *

Кой маарап, жылкылар кошкурган үндү элестеттим. Демек мен туулган жерге барбай туруп эле аны сагыныч менен эсимде элестеттим.

* * *

Токтоолуктун эс акыл менен айкалышы эң бактылуу көрүнүш.Эс акыл адамдын адамкерчилигин сактап келген көрүнүш.

* * *

Каакымдар өсүмдүк анын көрүнүшү жерде да күн бар деген ыйык белги болчу.

* * *

Сууга уу төгүлсө, андагы балык өлөт, балыктан мурун агып жаткан жандуу суу өлөт. Аны карап турган адамдын жан дүйнөсү өлөт.

* * *

Ырайымсыз таш боор адамдын жүрөгүн аё сезими араласа, анда ал адамда жакшы бурулуш аралаган.

* * *

Ар бир үй-бүлө өзүнчө дүйнө анда ааламда канча дүйнө бар экенин айтууга болобу?

* * *

Адамдар мен десеңер акылга, сүйүүгө жана тунук аң сезимге баш ийгиле! Ошлорго баш ийсеңер адамкерчиликке баш ийген болосуңар!

* * *

Тирүүсүндө чындыкты айткан адам өлгөндөн кийин деле чындыкты айткан адам.

* * *

Тирүүсүндө унутулган жетекчи өлгөндөн кийин андан бетер унутулат.

* * *

Уйку – тынчтык, ал дагы адамга берилген жашоонун сонун бөлүгү, бирок өлүм эмес. А өлүм кайрылгыс жымжырттык.

* * *

Баатырдык өлбөйт ал элдин канында жашап жатат.

Ошол үчүн эл да, баатырдык да жашап жатат.

* * *

Эски нуктан жаңы нук өйдө, анткени ал жаңы жаралган көрүнүш.

* * *

Күнөө кылуу да бар аны оңдой билүү да бар, демек турмушта баары бар.

* * *

Эскилер эскирет, жаңылар келет же, жашоо көркүнө чыга берет.

* * *

Жакшылык кылуу жаман көрүнүштү түбөлүк жеңет.

* *

Наадан киши сүйүү эмне экенин билбейт, андан мурун чыныгы жашоону сүйүү эмне экенин билбейт.

* * *

Адамдагы асылдык алтындан кымбат анткени, асылдыктан миңдеген адамдар үлгү алат ошол үчүн кымбат.

* * *

Каза болгон адамдын денеси муздак.

Улуу адамды ушактаган сөз муздак.

Жакшы сөзгө жибибеген жүрөк муздак.

* * *

Ата-бабаңын тилин сактап кал!

Аталар өскөн конушту сактап кал!

Эмне жакшы нерсе болсо, ошонун баарын сактап кал!

* * *

Чындык жашоого жакын.

Эмгек талантка жакын.

Жардыга жокчулук жакын.

Бийик тоонун башы карга жакын.

* * *

Ак карлуу тоонун башы улук.

Көп жашка барган кары улук.

Калкын сыйлаган эл башчы улук.

Эл башчыны сыйлаган эл улук.

* * *

Бийликтин кумары жагымсыз нерсе, ошол кумарга

алдангандык андан бетер жаман нерсе.

* * *

Ачылган каакым жердеги күн, а күн жерден асманга чыгып кеткен от.

* * *

Бүгүнкү иш бүгүнкүсү менен эсте калбаса, ал унутулган иш, ал эми бүгүнкү иш келечекте унутулбай айтылса, ал түбөлүктүү иш.

* * *

Ооруп жаткан адамдын шагын сындырып, жаман сөз

айтуу, күнөөгө барабар.

* * *

Ар бир күн адам үчүн ачылышты, жаңылыкты талап кылат, ошондуктан адам өмүрү жагымдуу жана жооптуу.

* * *

Адам – адам менен жакшылык-жакшылык менен же, ар бири өз жолу менен.

* * *

– Өлбөстүккө бараткан жол кайда?

– Ал түбөлүк унутулгус ак эмгегиңде, – деген үндү уктум.

* * *

Асканын сыры анын бийиктигинде, аска канчалык бийик тартса, ал ошончолук сырдуу жана сүрдүү тартат.

* * *

Жаратылыш мени менен десем болот, менин жвшоом

жаратылыш менен десем да болот.

* * *

Чыныгы акындын жолу баардык кезде оор болот, ал эми адабияттын тарыхында калуу андан бетер оор болот.

* * *

Бобул асканын каардуу, сүрдүү тартканы эрдик, ал эми ушул бийик аскадан ылдый карай шаркыратманын кулап түшүшү андан бетер эрдик.