Выбрать главу

* * *

Өлүм – бир, өмүр – бир, алар эч убакта экөө болгон эмес.

* * *

Ээси ким экенин билип анын үйүнө бар, падышасын таанып, анын мекенине бар.

* * *

Жакшы жаңылык болуп турган элде жакшы жашоо болуп турат.

* * *

Сонун жайдын өтүшү эң сонун көрүнүш жана дагы кайра келгис арман.

* * *

Өз баламан өмүрүмү көрүп турам, а неберемен ошол өмүрүмдүн андан аркы уланышын көрүп турам.

***

Китептен кантип акылман болушту окуйсуң бирок, жашооңдо акылман адам болуш ал өзүңдөн,

* * *

Көзгө көрүнүүчү жана көрүнбөөчү нерселер болот. Көзгө көрүнбөгөн нерселер жүрөктөгү назиктик жана боорукердик. Ар бир адам ошол жагы менен сыймыктанса болот.

* * *

Жүрөк бул кичинекей эле дененин бөлүгү бирок анда ааламды сүйгөн нерсенин жашынып жатышы, биз үчүн таң калаарлык табышмак.

* * *

«Бул жашоодо эмне улук десе?», «Бир жаралган адам пендеси улук деп, айтат элем». «Дагы эмне улук десе, ошол пенденин таалайлуу жашап жатышы, андан бетер улук көрүнүш деп дагы айтат элем».

* * *

Өмүр берекесин бергенде адамдын жан дүйнөсү байыйт.

* * *

Адамдын жан дүйнөсүндө шык, талант оргуштаса анда жашоонун жаңыланып жатканы.

* * *

Так болуунун белгиси, бул турмушка ынангандык.

* * *

Анын оюнда башка бирөөнө карата арамдык болсо, ал кеселден жаман дарт.

* * *

Ар бир окуучунун жан дүйнөсүнүн кулпусу болот. Анын ачкычын мугалим, ата-эне жасап, аны жаап ача алат.

* * *

Жашоонун күзгүсү – көркөмдүк, көркөмдүктүн күзгүсү бул – түбөлүктүүлүк.

* * *

Адамдын көкүрөгүндө эмне болсо, ишинде деле ошол шоола бүлбүлдөп жанып турат.

* * *

Бала бул – гүл, эми аны накта гүл кылып өстүрүү, ата-эненин жана мугалимдердин жана замандын колунда.

* * *

Баардык адамдан чыныгы акын чыкпайт, чыныгы акын өтө сейрек жаралат. Бирок баардык адамда ыр жаратпаса да, акындык жаратылыш кездешет десек болот.

* * *

Уста балтаны курчутат. Балта отун жарат. Отун менен уста тамак бышырып ичет. Балта, отундун эки бөлөк окшошпогон тагдыры бар. Бирок экөө устаны тамакка тойгузду

* * *

Өскөн гүл – жаштыгың, жаштыгың жашыл – гүл болуп көрүнүп турат.

* * *

Ыр – бул өлбөстүк, өлбөстүктүн – өзү деле ыр.

* * *

Өткөн күндөрүбүз – мунарык. Ошол мунарыктын арасында биз сүйгөн жана азаптуу өткөргөн өмүрүбүз бар.

* * *

Келечеги жок бийлик түбү чирип, кулай турган дарактын элесин берет. Ошол дарак кулап бийликтин адамдарын басып калбайбы?

* * *

Таланттуу болуу таалайың, аны калың журтка көрсөтүү андан кийинки окуя.

* * *

Жашоодо баары эле оор. Жеңил нерсе жок. Ошол үчүн өмүр сүрүү кымбатка турат.

* * *

Жашоо парз бирок, кандай өмүр сүрдүң, ал тагдырдагы негизги

жыйындысы.

* * *

Адамдын өмүрүнүн аякташы бир сырдуу нерсенин бүтүшү болуп эсептелет.

* * *

Талант бир сырдуу эмес, миң сырдуу ошол үчүн анын жолу жаңы жаралып, өмүр сүрүшү түбөлүктүү табышмак.

* * *

Эч кимге ийгилик каалабаган адамдын бир эле досу бар ал – жалгыздык жана ичи тардык.

* * *

Жалгыздыктын бир сырдуу түйүнү бар, ал ойлонууну өзү менен ала жүрөт. Жана тынчтыкта жакшы тыянак чыгарат.

* * *

Бакыт жалгыз эмес, ал адамга дос, аны издеп таап алуу өзүбүздүн иш.

* * *

Талант деле сырдуу нерсе, себеби анын уңгусунда биз билбеген табышмактуу эмгектин көрүнүштөрүжашынып жатат.

* * *

Жашоо ар бир адамга табышмак анткени, анын сырдуу жагы ачылбай табышмак бойдон калып жатпайбы.

* * *

Түн ичинде эшикте жааган жамгырдын үнүн тыңшап жатам, демек өлбөс өмүрдүн үнүн тыңшап жатам.

* * *

Бир гүл миң гүлдүн көрүнүшүн жана жытын бере албайт, бирок аз болсо да, алардын жашоо ыргагын элестете алат.

* * *

Биз жашап, эмгектенип, кимдир бирөөн сүйүүгө, урматтоого аны жакшы көрүүгө милдеттүүбүз, анткени биз адамдарга бакытты чачалы деп, төрөлгөнбүз.