Выбрать главу

* * *

Адамдар самолётту, кемелерди, ар кандай жаңы ачылыштарды акылмандык менен жасаган, Бирок аларды түзгөнгө баягы эле тунук акылы жардам берген.

* * *

Ажайыптуу көрүнүш бирөө ал – кооздук.

* * *

Турмуштун агымын жиреп, каршылыкка аттанбаган адам эч убакта жаңылбайт жана жаңылык жаратпайт.

* * *

Биз билбеген ажайыптар китепте жатат. Ошол үчүн адамдар аны жан дүйнөбүз тазарсын деп окушат.

* * *

Талкалоо кайра куруудан он эсе жеңил. Бирок талкалаган

нерсени оордуна келтирүү жүз эсе оор.

* * *

Ар бир күндө жакшы жаңылык жаратып турган адам бай адам.

* * *

Жаңы нерсени жаратуу өтө оор ошол үчүн жашоо жооптуу.

* * *

Адамдын жашоосун жеңилдетип, жаңылык алып келген адам ал дүйнөдөгү жаңы адам, же бактылуу адам.

* * *

Өлүм – жеңил себеби, сен пендечилик баардык түйшүктөн кутулдуң, төрөлүү – оор анткени, сенин астыңда тоодой түйшүктөр үйүлүп турат.

* * *

Бийликтин жогорку тепкичине чыгып алып, дардалаңдап көпкөндүк ал – наадандыктын дал өзү. Же тепкичтен кулап кетүүнүн дал өзү.

* * *

Жаңылыштыгын сезбеген адам дүйнөдөгү такыр жаңылбаган адам.

* * *

Үнөм адамды көп чыгымдан сактап калат.

* * *

Билим кол жеткис бийиктик акылдуу жаштар ошол бийиктикке жетели деп, умтулуп жатышат.

* * *

Билимдүү жаштардын жолу өзгөчөлөнөт ал башкалардан ошонусу менен айырмаланат.

* * *

Төрөлүү менен өлүмдүн ортосунда өмүр болгон.

* * *

Жашоо – кубаныч, ошол үчүн анын аягы бүтпөс поэма.

* * *

Менин китептерим менин жомогум, жомогум менин өмүрүм.

* * *

Кара өзгөйлүк жана боорукерликти экөөн тең эле адам жараткан бирок аларды эки башка адам жараткан.

* * *

Мындан жүз жыл кийин биз жок болобуз бирок, жер үстүндө мындан дагы, бактылуу жашоо келсе экен деп үмүттөнүп кеткен болобуз.

* * *

Гүл бул назиктик, а кара өзгөйлүк гүлдөн ары жаткан эшектин кыгы.

* * *

Жакшылык ыплас жерде деле жашай берет. Бирок аны адамдар

ыпластан бөлүп алганга аракет жасайт.

* * *

Жаштык өткүрлүгү менен айырмаланат, бирок өткүрлүктү коштогон сөзсүз акыл болуш керек.

* * *

Наадандыкты таш боор жүрөк жаратканын билдик, назиктикти кайрымдуу жүрөк жаратканын дагы билдик.

* * *

Таш боорлук менен боорукерликти айырмалай албаган адамдан эч нерсени деле күтө албадык.

* * *

Наадандыктын бүтүүчү күнү болот. Зили жакшылыктын бүтүүчү күнү болбойт анткени, ал түбөлүктүү ыймандуу көрүнүш.

* * *

Адамдын төрөлүшү кубаныч, а өмүрдүн бүтүшү оптимисттик трагедия.

* * *

Жаратканым айтат:

– Сабады, талап-тоноду, өлтүрдү деген сөздү укпайын –дейт.

Жараткан айтат:

– Кубанычка бөлөдү Биз бактылуубуз Келечегибиз кенен деген сөздөрдү угайын-дейт.

Ак сакалчан кырылар айтат:

–Айланайын адамдар жараткан жалган айтпайт, Ошонун оюн аткарсак бизге бакыт келет,-дейт.

** *

Адам өмүр бою килем сого берет анысы өзү бүткөргөн эмгеги. Ал килемди кандай бүткөрдү иштин мааниси ошондо.

* * *

Адам үчүн -уйку эс алуучу көрүнүш.Ал эми түш жашоодон келген сыйкырдуу элес.

* * *

Уста узанат, өтүкчү өтүк ултарат, мугалим бала окутат, койчу кой кайтарат, жылкычы жылкы багат. Кыскасы бул дүйнөдө бир да адам бош эмес. Баары эле эмгектенип жатат. Мунун баары өлбөстүктүн уланышы.

* * *

Жашоодо ар бир нерсенин оорду бар, Оорду жоктор оордун таппай адашып жатат. Акыры адашкандар деле оордун таап жатат..

* * *

Эки жүздүү адамдын өңүнөн караңгылыктын көлөкөсү түшүп жатат. Ал кандайдыр бир жүрөксүнүү, коркунучту жаратып жатат.

* * *

Адамдын алдында тамеки жана бир шише арак турат.

Тамеки айтты:

– Адамым мени каалашыңча тарта бер.

Арак айтты:

– Адамым мени каалашыңча иче бер.

Мен алардан айыкпас арманга баткан оорунун залдарын көрүп турам.

* * *

Кеч күз эле. Каркыралар асманда учуп баратты. Улгайып калган карыялар асмандагы куштарды карап: