* * *
Алыкул Осмоновдун жана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары ченемсиз акыл, ченемсиз талант менен жаралган. Ошол үчүн алардын жазгандары ченемсиз мейкиндикти, ченемсиз ааламды аралап кетип жатпайбы. Биз ошону сезели жана чын дитибизден баалайлы.
* * *
Жаманга жакшы окшош эмес, барга жок окшош эмес, эч убакта өлүмгө өмүр окшош эмес.
* * *
Бийликте жүргөндөрдүн баардыгын жакшы иштеп жатат деп ойлобогула! Алардын арасында билинбеген жеп ичкичтер жашап жүрөт. Ошолордон сактангыла! Алар биз үчүн келмиштен миң эсе коркунучтуу!
* * *
Президенттик шайлоо жүрүп жатканда жүз бир жашка чыккан акылман карыя айтыптыр: «Шайлайлы деген жетекчибиз, элдин маңдай терин жеген желмогуз болбосун. Акылмандар, элди тескеген билермандар, урматтуу эл ошону жакшылап байкагылачы! Жаңылыштык кетирип азап тартып калбайлы!»
* * *
Улуу Пушкин өлөөрүндө төмөндөгү армандуу сөздү айтыптыр: «Мүмкүнчүлүк бергилечи ырларымды бир карап алайын!».
* * *
Өлөөрүндө бир адам өкүнүп айтты: « Жашоодо кайта жаралсам баарын жаңыча баштамакмын. Бирок баары кайтарымсыз кеч болуп калды. Бул менин кайта жаралгыс арманым!».
* * *
Чынгыз Айтматовдун бир чыгармасын окуп бир жазуучу арманданыптыр: «Мындай чыгарманы мен деле жазмакмын, болгону ал менден мурун жазып салыптыр.
Демек ар бир адам ачылышты башкадан мурун ойлонуш керек турбайбы».
* * *
Кандуу кабалаңды Напалеон, Чынгыз хан, Гитлер баштабадыбы, бирок анын азап-тозогун баары бир айыпсыз жалпы эл тартты.
* * *
Жапа тарткан адамдын өңүнөн кайгынын элесин көргөм, жокчулукту тарткан адамдын өңүнөн суранууну көргөм, барчылыкта жашаган адамдын өңүнөн бардарлыкты көргөм.
* * *
Акылмандан сурашты: « Өмүр улуубу, же өлүм улуубу? Акылман: « Тирүү жашап жаткан адамга өмүр улуу, ал эми дүйнөдөн кайтып жаткан адамга өлүм улуу, ал өлүмгө баш ийбегенге чарасы калган эмес, бирок ал жашоонун жаркын элесин көрүп, адамдар менен аралашып кеткен адам».
* * *
Аты өчпөс эргүү менен жаралган чыгарманын жолу түбөлүк өлбөстүккө карай умтулат.
* * *
«Сынган кылыч» адабий улуу чыгарма анда кыргыз тилинин байлыгы, туюму кенен ачылып, адамдардын образы даана байкалып, аркыраган дайрасы, шамалы бар укмуш сыйкыры өзүнчө тербип жаткан көз жеткис мейкиндиги көйкөлүп, кадимки биз сүйлөгөн сөз өрөөнү ачылып чыга келет.
* * *
Эне тилибиздин уңгусунда, биз сезе элек, биз билип көрө элек бир укмуш керемет ажайып нерсе жашынып жаткансыйт, ал ыйык нерсе, ак элечек кийген энебиздин курсагынан жарала келип, биз менен кошо төрөлүп, түбөлүк жашап өлбөс болуп калган сыяктанат.
* * *
Эне тилибиз ыйыктын ыйыгы.Ал баарыбыз үчүн түбөлүк түгөнгүс байлык. Жашообуз ошону менен ачылып, ошону менен көркөмдөлүп, тыкыс байланышып калган сыяктанат. Өмүрүбүз эне тил менен башталып эне тил менен аяктайт.
* * *
Кыргыз тилиндеги ар бир сөздү ыйык наристебиз сыяктуу чачынан, денесинен сылап эркелетким келет. Бирок аны кармай албайм, аны кенен жүрөгүм жана жан дүйнөм кармалап, балам сыяктуу эркелетип жатканын билип эле турам. Сезип эле турам.
* * *
Эне тилди биз канчалык баалап барктасак, биз ошончолук түгөнгүс бакытка, байлыкка жолугуп, океандай кенендикке жеткен болобуз.
* * *
Эне тилибиз биз жаралганда эле киндик каныбыз менен кошо жаралган. Эне тил эне сүтү сыяктуу таттуу андан бизди жылыткан өлбөс-өчпөс жашоонун сүйкүм мээрим төгүлө жанып турат.
* * *
Биздин бир чоң жетекчибиз эне тилин билбейт экен ал жетекчи болуудан мурун эне тилин үйрөнүп алса болмок. Эне тилин билбеген адам кантип чоң кызматка барды. Ошол жагы анын элден кемитип салган шору болуп жатпайбы.
* * *
Эне тилбиз өлбөйт, ал биздин балдарыбызга, бизден кийинки муундарга, тукумдарыбызга кол тийбес өлбөс- өчпөс мурас, байлык, таберик болуп жашап кала берет. Алар эне тилди биз сүйгөндөй сүйүп,баалап, биздин жолубузду улантып кетет.
* * *
Манас ыры турганда, эне тилибиз өлбөйт, ошол ырды жараткан касиеттүү эне тилге, касиеттүү элге, касиеттүү улуу акындарыбызга миң мертебе ырахмат айтылат! Улуу адамдардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!
* * *
Эне тилибиз жок болуп кетсе, биз жетим калып энебизди жоготкон бала сыяктуу болуп калбайлы! Ошол элести ар дайыма унутпай эсте сактап жүрөлү!
* * *
Эне тилибиздин керемети ичкериден ачылып, биздин жан дүйнөбүздү ичкериден байыта берет. Ошол ата-бабабыз жараткан ыйык дүйнөнү баалоо үчүн өнөр жана сүйүү кусалыгы керек.
* * *
Ар бир адам эне тилинин ыйыктыгын сезиш керек, аны билбей, сезбей калуу бул жашоонун оордуна келбес жоголгон арманы.