Атам өлүп калган соң,
А дүйнөгө көчкөн соң,
Менин энем Маниса,
Сулуусу эле аялдын,
Жары болду башканын,
Чыгып алды турмушка,
А мен аны жактырбай,
Нааразы болдум ушунча,
Башыма каршы болду өгөй атам,
Каршылашып дүйнөдө кайда батам,
Бараар жакты биле албай,
Сизге келдим сапарлай,
Тагай бий анда ойлонуп,
Ары бери толгонуп,
Мындай деген кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
–Тукуму болот экенсиң,
Саяк журттун алыскы,
Уруусун жойбой баланын,
Каршы болуп өгөй атаң,
Көрбөгөндү көрүпсүң.
Жашоо деген азап болот,
Баарысынан өтүпсүң.
Саяк деп аны атады,
Сапар келген ал бала,
«Саяк» деген атты алды.
Даңктуу уулум болгун,-деп
Ата берди батаны,
Өз ичинен кубана,
Тагай бий сылап сакалды,
Дагы бир уулду болдум,-деп,
Жаны анын жай алды.
–Эми сен бала сүйлө,– деп
Экинчи уулга кайрылды.
Чердейген бала ашыгып,
Чекесин улам кашынып,
Башынан өткөн тарыхты,
Бапылдап айтып кеп салды,
Кеп салганда деп салды:
– Менин атам Домо,-дейт,
Кашкардын жанындагы,
Кара Корун шаарын салган.
Уруусу анын кыпчактан,
Урумга кеткен аталып,
Узун элге кеп болгон,
Кыйла журтка даңкталып
Кылымдык шер болгон.
Атакем эл алдында,
Айдыңы чыгып көгөргөн,
Атамы сарт тукумдар,
Азгырык менен өлтүргөн.
Алтынымдан айрылып,
Ак шумкарым талпынып,
Арманданып шаңшыган.
Тигип койгон терегим,
Күү чыгарып зарланган.
Аянычтуу үнүн угуп,
Асыл жаным азаптанган.
Атакем менин дарыям,
Агыны күчтүү олуям,
Дарыям акпай солуду,
Асылыма не болду.
Канатым кайрылып,
Карааныман айрылып,
Азаптуу күнгө кабылгам,
Атаман кийин мени да,
Өлтүрүүгө камынган.
Түн жамынып билгизбей,
Туугандар мени качырган.
Ал тараптан качпасам,
Айрылмакмын бу баштан.
Ачка болуп калбайын,-деп,
Азык-түлүк артынгам.
Бал үмүттү бириктирип,
Балдар менен тең чыккам.
Ай чыкканын боолголоп,
Ала Тоого жол алдым.
Арманды да кубанычты,
Аркалады бу башым.
Өткөнүн эстеп ал улан,
Ыйлап ийди шолоктоп,
Балким эстеп жаткандыр,
Бала чагын ал жоктоп.
Тагай бий баланын,
Жообун угуп таңданды.
Жаны күйүп аяды.
Жанындагы баланын,
Кара чачын сылады.
Кайгылвнв кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
–Ай, балам ай, балам ай!
Асылым жанды кыйнаба.
Атаңын шейит болгону
А да болсо тагдыр да.
Ким эле алып жүрүптүр,
А дүйнөгө көчүрбөй,
Атакесин өлтүрбөй.
А да болсо жазуу да,
Баарысы тең өтчүдөй,
Ар нерсеге маш балам,
Алтын балам ыйлаба,
Кара башты кыйнаба!
Жаның аман барында,
Жакшы күнүң алдында.
Сени баккан атакең,
Жоо колунан мерт болсо,
Аркалап алыс качканда,
Азыгың жолдо бар болсо.
Кор болуп бир жаның,
Кордукту көрдүң кезинде
Арка кылаар тирегиң,
Атаңы бердиң ээсине.
Ардагыңан айрылып,
Азапты көрдүң жашыңда.
Ак жолго чыгыпсың,
Азыгың болуп жаныңда.
Анда атың «Азык» болсун,
Ак башыңа бакыт консун!
Ар дайыма көөнөрбөс,
Жакшылыкта гүлдөп өс.
Жайлоо болсун конушуң,
Жакшы болсун жолдошуң.
Ала Тоонун койнунда,
Аман-эсен болсун-деп,
Качып келген балама,
Каалар сөзүм ушул да.
Элиң сенин тирегиң,
Кана эмесе оомийин!
Бий сүйлөп токтолду,
Билгизбей көпкө ойлонду.
Үчүнчү бала кеп салды,
Кеп салганда деп салды.
Карачоро анын аты,
Энеси берген кестикти,
Тагай бийге карматты.
Энем мени жөнөткөн,
Ээн тоолор тарапка.
Элиңи тапкын,– деп айтты.
Атаң сенин Ала Тоодо,
Аттангын деди ошого.
Атам жакка ашыгып,
Кестигимди жашырып,
Иликтеп тоолор тарапты,
Издеп келем сиз жакты.
Тагдыр мага айттыбы,
Таалай жолун таптымбы.
Бий алып кестикти,
Кайта-кайта карады.
Кестикти алып эсептеп,
Кеткен жылды санады.
Толкундана тамылжып,
Таалайлуу жылмая,
Таамай айтты буларды:
– Сенин атың Карачором,
Бир кезекте мен койгом.
Уулум келип калабы,-деп
Узун сабак ойлонгом.
Кашгар шаарда болгонума,
Өткөнгө серп салсам,
Оорду менен тактасам.
Он эки жыл оошуптур,
Ошондон бери санасам.
Он эки кыш болуптур,
Он эки жаз оошуптур,
Ошондогу жаш бала,
Он экиге толуптур.
Аманат айткан балама,
Амандаштым кайта да.
Ушул дагы бактымбы,
Бир эмес үч баламды,
Аман-эсен таптымбы.
Бактысы ашкан Тагай бий,
Баарынын өөп бетинен,
Керемет жанган чоң бакыт,
Кетпей турду эсинен.
Төртүнчү бала кеп салды,
Баштан өткөн азабын
Кыскача жай баяндап,
Айтып берди баардыгын.