Выбрать главу

Ата-энем өлүп калган соң,

Аябай азап тарткамым

Бир өлүмдөн башканы.

Баарысын тең көргөмүн,

Сапар тартып көп жолдон

Көп жолу басып өткөмүн.

Бирөө эле чертип койсо,

Тоголоно кулап кетемин.

Такыр эле алым жок,

Таянычсыз з жашап келемин.

Уурутунан жылмайды,

Тагай бий анда кеп салды:

–Чертип эле койгондо,

Тоголоноор жайың бар.

Ал кетип, азап тартыпсың,

Айланайын каркыбар.

Мен сенин атыңды,

«Чертике» деп атайын,

Өзүңү такыр кор кылбай,

Бала кылып алайын.

Уруубуздун саны көбөйсүн,

Элибиз улам тез өссүн.

Каршы турган жоолорду,

Ылдам эле жоготсун.

Бүткүл элге таанылгын,

Бүт калкыбыз бар болсун.

Ал баланы башынан

Акырын гана сылады.

«Кагылайын берекем»

Жакшы көрүп жыттады,

«Төлгөм төп түштү,

Төртүнчү баламды,

Кудай берип таптымбы».

Дүңгүрөдү эл чакырып,

Энчи берип төртөөнө

«Төрт уулум төрт бутагым,

Ысымымды улаарым».

Үмүт кошуп күчүнө.

Жадырап жарпы жазыла

Тобу менен эл чакырып,

Адамдар такыр көрбөптүр,

Чоң салтанат мындайды.

Жылдыздуу төрт балага,

Төрт күлүктү мингизди.

Атанын ата экенин,

Ошондо бир билинди.

Урумга кетип атагы.

Уулдадан тукум уланды.

Саналуу атын чыгарып,

Санжыранын тарыхы,

Ошолордон куралган.

Бурулгус күндү элестеер

Бу баянды уккан адам.

Баяны бүттү төрт уулдун,

Башка улама башталат.

Көзгө элестеп башка жак,

Ким окуса аа жагат.

Анда эмесе пкугула,

Ата-баба санжырасын,

Көрүнбөс өткөн баяндар,

Көз алдыга жакындасын.

Жаралып башка уламалар,

Убакыт өтүп закымдасын.

***

Тагай бийдин үчүнчү уулу,

Кылжырдан баян баштайбыз.

Оролмо кепти таштайбыз,

Бий жылмайып эркелетип,

Кыңая баскан баласын,

«Кылжырым» деп койчу экен,

Кыйладан калган сөз экен.

Баштагыдан кеп айткан,

Бабадан калган сөз бекен.

Өз аты болгон Мамытбек

Өкүм жана каардуу болгон,

Көзүнөн жалын ойногон.

Ала-сала чаап уруп,

Алышканды койбогон.

Бир көгөрүп алганда,

Беттешкенге тик барган.

Кара аламан алдында,

Каалаганын аткарган.

Эрке эле башынан,

Ээленгенин кылам деп,

Эне, атасын кыйнаган.

Тоодо өскөн караган,

Карагандан тараган,

Анан ошол Кылжырдан,

Эки уруу эл жаралган.

Ошол Кылжыр атадан,

Орозбакты, Дөөлөсбакты,

Абийир топтоп башынан,

Орозбакты акылман,

Оройлонбой жини жок,

Өзүн токтоо кармаган.

Дөөлөсбакты шум болгон,

Митаам анан куу болгон.

Душманга намыз алдырбай,

Айланасы чеп болгон.

Биринчисин бугу дейт,

Көл тарапты мекендейт.

«Көлүбүз көркөм» экен дейт,

Экинчиси Сарбагыш,

Бийик тоолуу жерде дейт,

Нарын тоолор тарапта,

Кара Саз, Долон жакта,

Ал тарапты мекендеген,

Алыскы жерди жердеген,

Бийик тоону аралап,

Ачык жерде сабалап,

Ит агытып, куш салып,

Келатты шаң таратып.

Эээй…

Эзелки баба жомогу,

Эстесе келеер оролу,

Эчен-эчен жыл өттү,

Эстегинин баары өттү.

Эчакынын тарыхын,

Эстебеске чара жок,

Ой, эч деле амал калган жок.

Бугу менен Сарбагыш,

Бир атанын тукуму.

Биригишип бирге өскөн

Бир айгырдын кулуну.

Байыртадан айтылат,

Бабалардын жуп-жубу.

Дөөлөтү тайбай келаткан,

Дөөлөсбакты, Орозбакты,

Бийик тоодо жашаган,

Бир атанын кулуну,

Билимдүү адам аталып,

Биле жүрчү ушуну.

Орозбакты атанын,

Беш уулу болуптур.

Арыкмырза, Мырзакулмырза,

Асан, Кара, Токочмырзалар,

Алыс жакка аттангандар,

Бакыт каалап жалпыга,

Баары бирдей тең мырза.

«Улуу үмүткө жетсин деп

Уулдарым манап болсун»– деп,

Коюулган аты бүт мырза

Балдардын айткан атагын,

Бабалардан кеп козгоп,

Баянын айттым алардын

«Сырдаш болуп жүрсүн»-деп,

Узун өмүр сүрсүн»-деп,

Баарын мыза атаган.

Мырзалар калбайт сапардан.

Сактасын деп бир кудай,

Санжырамын жайы ушундай.

Дагы бирөө мындай,-дейт,

Баян айтып жебирейт.

Дөөлөсбакты атанын,

Жалгыз уулу Сарбагыш,

Дал ошондон тараптыр,

Сарбагыш деген ууру аты,

Санаттарда калып калыптыр,

Андан бери өтүптүр,

Арбын-арбын замана,

Эки тууган кырчылдашып,

Бир-бирине тиш салып,

Жоо болушту бөлүнүп,

Душман болуп көрүнүп,

Кайып учуп далай жыл,

Карматпай кетти караанын.

Кайсы бирин айтайын,

Катаалдыгын замандын.

Аны айтып жатпайбы,

Асыл сөздө баянчым.

Ойноп алып от менен

Ормон хан өлдү Балбайдын,

Анын каны коё бербей,

Катаал тагдыр чапчыган.