– Карганда уулду болдум,-деп
Чоң тойду өткөрдү.
Баланы көрүп чоң кемпирдин,
Эмчегинен сүт тамды.
Бешикке салып болпойтуп,
Багып жатты баланы.
Канчасы калп, канчасы чын,
Аны билбейм мен дагы.
Улама сырын билбейсиң,
Угуп жаткан сен дагы.
Санжырачы айткан соң,
Сап-сапка тиздим сүйлөмдү.
Менде дагы жазык жок,
Аны угуп отурган,
Сенде дагы жазык жок.
Окуянын чындыгын,
Кудай билет бир гана.
Аны биз да билбейбиз,
Андан башка не айла.
Манап деп ал баланы атады,
Манаптан Сарсейит,
Сарсейиттен Үчкө, Түлкү баатырлар,
Атагы элге таанылгандар.
Түлкүдөн Тынай баатыр бар,
Маматкулдан Темир, Болот.
Анан андан Ормон бар.
Ойуй баскан кара жерди,
Ормондон Төрөкелди.
Тынайдан Атаке, Сатыбалды.
Атакеден алты бала,
Абылай, Солтоной, Карабек,
Байшүгүр, Жанкиши, Таштанбек,
Эң кичүүсү Карабектен
Салмагы чоң таштай,
Кадимки хан Жантай.
Жантайдан Шабдан хан,
Сарбагыш деп үн салган,
Байыркынын тарыхы.
Баяндалган санжырага,
Көңүл бургун баарына.
«Эл айтышкан катуу»– деп,
Дөөлөттөн Надырбек,
Надырбектен Эсенгул,
Баардыгы сегиз бек,
Эсенгулдан Ныязбек,
Өз атын өзү чакырган
А баягы баланын
Абройдуу баркы бар,
Күң төрөп коюптур,
Санжыра кепке толуптур.
Туура чыкты калмак кыздын айтканы,
Хан чыгып андан хандар таралды.
Ушуну менен бүткөн экен,
Сабалатып ташталган,
Санжыра кептин аягы.
Байыркынын аяны.
Эээ......эээй…
БУГУ ЭНЕНИН ЖОМОГУ
Асанмырза, Карамырза
Байыркы бир заманда.
Эки тууган болуптур,
Ала Мышык тоосуна,
Сан жолдорду аралап,
Сапарга чыгат жол улап.
Азыр деле ал жакта,
Кара Үңкүр деген бар.
Кара тоого барсаңар,
Калаарсыңар кабылып.
Качанкыны эске салып,
Кабарлары айтылып.
Каадалуу болуп калдайып,
Кара Үңкүрүм жаткандыр,
Кабат-кабат сырларды,
Калдайып ичке каткандыр.
Текелер өтчү шагылда,
Тектирдин бери жагында.
Тоо улары үн салчу,
Толгон жайдын чагында.
Кумай жаткан жайларда,
Кум Кайкынын алдында.
Кулжалар менен аркарлар,
Кубалашып кыраңда.
Куралып жатат сан ырлар.
Аңчылыкка чыгыптыр,
Асанмырза, Карамырза.
Алды жакты караба,
Бири кулжа, бири аркар,
Биригип турат жанаша,
Мергендер сайды бойлошуп,
Мерчемдүү жерди болжошуп,
Асанмырза үн салды:
– Ушул экөөн атабыз,
Бир кумардан канабыз.
Этин болсо солой жүктөп,
Этек жакка кайтабыз.
Асанмырза, Карамырза,
Акырын жылып өңүшөт.
Атканга көөнүн бөлүнөт.
Аңдып туруп Асанмырза,
Атып калды кулжаны,
Ала Тоонун кулжасы,
Алы кетип жаныбар,
Ала-сала куланды.
Тоонун ичи күрү-гүү,
Толгон үндөр уланды.
Жар бетинде карайлап,
Жалгыз калды аркары.
Ала Тоонун эркин малы,
Арылап алыс качпады.
Көздү ачып караса,
Мына кызык тамаша.
Аркар болсо кыз болуп,
Чыга келди кубулуп,
Эки адам таңданды,
Элейип көзү алайды.
Куруп калган ошол кыз,
Курдашын издеп жинденет.
«Куурагыр кайда кетти?-дейт,
Курбумдан айрылып,
Куурап жалгыз калдымбы.
Караан тутуп өзүмдү
Карап турган эми эле,
Кайранды таппай калдымбы,
Кара башта кайгымбы.
Карааны тоодой көрүнгөн,
Каркыбардан айрылып.
Кайгырып калаар чагымбы.
Канатым сынып кайрылып,
Безип жалгыз калдымбы.
Ардактуум кайда жоголду?
Арманымбы, кайгымбы?
Кайып учуп токтобой,
Кайгысы учуп жер чиет.
Кубарган жүзү капалуу,
Кулжасын жоктоп телмирет.
Жаш кыздын денеси,
Жабыгып улам титрейт.
Ушундай нерсе болорбу,
Бул шыйкырбы болжолбу.
Кайдан келген бул укмуш,
Укмуштан укмуш кубулуш.
Кыз бала кайгыра,
Арманы күчөп толбоспу.
Бугу турат ичинде,
Бул эмне кошокпу?
Келген эки мергенге,
Согуп өткөн желдерге,
Кыз бала айтты мындай кеп:
–Кагылайын мергендер!
Кабылып бизге келгендер,
Асылды бекер аттыңар,
Азапка мени салдыңар!
Ай, акелер, акелер,
Арманга түртүп салдыңар,
Ардагыман айырдың,
Канатымды кайырдың.
Аппак тоого нур чачкан,
Айдын он беш жарыгы.
Каадасы такыр түгөнбөс,
Кайдан табам кулжамы.
Күкүмдөнүп төгүлөт,
Күндүн жанган жарыгы.
Кууратып мени салдыңар,
Кулжамы бекер аттыңар.
-Ай туугандар, туугандар,
Айланып неге келдиңер.
Жаргалымы жок кылып,
Жылас кылып кеттиңер,
Эки мерген таңданды,
Бул шыйкырбы башкабы,
Апыл-тапыл шашты,-дейт
Айылга карай качты,-дейт.