Мергендер азга ойлонду
Ал экөө туруп болжолу,
Бир нерсеси болот,-деп,
Же сыйкырдан корктубу.
Мергендерге кыз айтты:
– Кымбатымды аттыңар
Талаада жалгыз калбайын,
Мени ала барыңдар,
Кагылайын агалар.
Угуп койбой кыз сөзүн,
Мергендер кетип баратат.
Артын карап таңданат,
Айылга карай шашылат.
Аттарын улам камчылайт.
Мейкин түздү аралап,
Мергендерден калбастан.
Кейип-кепчип ашыккан
Келе жатат кыз бала,
Мергендер үйгө кайтышкан,
Арт жагынан жаңкы кыз,
Ээрчип келди калбастан.
Кут конгон үйүмдө,
Үч кылдуу комуз бар.
Чертсе кылы дирилдеген,
Чертмесинде кайрык бар,
Башталма кайрыгынан,
Байыркы күүлөр жаңырган.
Кол ойнотсо аталар,
Комузда кайрык жаңыраар.
Кошуп койгон бир күү бар,
Байыркы эне баянынын,
Баш аягы жаңырган.
Буруп-буруп үн берген,
Бугу эне деген күү да бар.
Аба менен добуш тараар,
Абалкыны эске салаар.
Байыркы эне баянын,
Баяндап эске салаар.
«Бугу эне» деген күүнү,
Бурулбай туруп угуңдар.
Келишимдүү марал бар,
Кең дүйнөгө жаралган.
Ал кызга ким үйлөнөт,
Айылдаштын баардыгы,
Калыс карайт алдыны.
Дагы бир аян бар,
Бугу эненин башында,
Көрүнүп турган башкага,
Эки мүйүз болуптур,
Абалкы кепти тактасак,
Канчасы чын, канчасы калп,
Ала Мышык тоосунан,
Мергендер таап алыптыр,
Айылга ала барыптыр.
Сууга жуунуп жатканда,
Көрүнчү эмес бир жанга.
Жашыруун сыр ал өзү,
Көрүнчү дешет өпкөсү.
Эки элү мүйүзү,
Элечектин ичинде,
Ошондуктан энени,
Бугу эне деп аташкан.
Дал ушул ат келатыптыр,
Дайындуу болуп байыртан.
Баян болуп байыркылар,
Айтылып келет абалкылар.
Ошол кызды Алсейит,
Алган деген айың бар.
Бугу энеден жаралган,
Бурулбай кеткен баяндар.
Алсейит ата назик жан,
Бугу энени сыйлаган.
Бири-бирин сыйлашкан,
Бир ийдиштен даам татыган.
Алыста калган тарыхты,
Айта турган жайым бар.
Үйлөнөөрдө ошол кыз,
«Силерге бүлөө болдум»– деп,
Көңүлүн ачып эркелеп,
Үй-бүлөгө кайрылат,
Үч өтүнүчтү кеп салат.
Кара тоодон көрүнгөн,
Кагылайын аталар,
Каадалуу биздин акелер,
Сырдаш болоор алдында,
Сырдана тарткан кайнилер,
Үч очоктон от күйсө,
Үч үмүтүм жалындар,
Ошол жанган үмүттү,
Мен десеңер сактаңар.
Үмүтүмү жок кылып,
Кур шайтанга сатпаңар.
Кайыптан бүткөн жан элем,
Калдайып тоодо жүрчү элем,
Кайгы мүшкүл иш келип,
Катаал күнгө туш келип,
Араңарга мен келгем,
Арманымды эмне дейм.
Кулжаман айырган,
Куруп калган мергендер,
Кумдуу тоого келгендер.
Кубулуп анан кыз болуп,
Кум кайкыдан мен келгем.
Арманым бар башымда,
Андан башка эмне дейм.
Аркардан анан кубулуп,
Асыл жанга айлангам.
А кокуй ай калбаптыр,
Андан башка айла амал.
Аркалаган денени,
Адамдын алты саны бар,
Алтындай болгон башы бар.
Басынтып анан кор кылбай,
Башка мени чаппаңар.
Байкабай кол тийгизип,
Балакетке калбаңар!
Ал-жайымы сезгиле,
Айланайын туугандар!
Уламаны уккандар,
Ушул жерде тургандар.
Эринбей айтып берейин,
Экинчи собол бу болот.
Сөзүмдү уккан агалар,
Эр жигитке жакшы жар,
Эл ичинде табылаар.
Жакшы жарга жолуккан,
Жалыны бар от табаар.
Ак үмүттү жоготпой,
Аярлап бек сактаңар!
Мен жуунуп жатканда,
Карабаңар денемди.
Ургаачы жандын денесин,
Уят болот караган.
Акылсыз болот ал өзү,
Абийирге жатпаган.
Туу жондорду жайлаган,
Тукумубуз кайыптан.
Сырларым бар жашыруун,
Сыры сыртка чыкпаган.
Өтүнүч бар үчүнчү,
Адамдын жаткан төшөгү,
Арыбас ыйык жай болот,
Ак ой баскан түштөргө,
Айдыңдуу сонун түндөрдө,
Арбактар келет түндөсү,
Учуп жанган укмуштуу,
Учурдагы кубулушту.
Уктаган адам түш көрөт,
Өткөндөр бүт көрүнөт.
Байкабай калып катыгүн,
Башка мени чаппаңар,
Төшөктүн башын баспаңар!
Арман күнгө калбаңар,
Ал жакты тепсеген,
Андай адам оңолбойт,
Каргап койсо соо болбойт,
Кайыптын кызы кайберен,
Кайгылуу башым азаптан,
Төрөтүм бүтүп токтолот,
Төрдө отурбай жок болот.
Токтоп калаар төрөтүм,
Башка мени чаппаңар,
Убайымга кайра салып,
Убалыма калбаңар.
Ал пенде калаар каргышка,
Азайып калаар тукуму,
Армандуу болоор турмушу.
Кимдер мени кордосо,
Тукуму такыр арбыбайт.
Арыса да жүзгө жетпейт,
Жүзгө жетсе, күзгө жетпейт.
Кимдер мени кордосо,
Басаар жакты торосо,
Алдыда жолу арбыбайт,
Арбыса да узап кетпейт,