Жаза менен тартабы.
Өкүм жанга кол көтөрүү,
Өлүм менен барабарбы?
Же болбосо аял затына,
Күнөө конуп калганбы.
Жаза кимде, күнөө кимде,
Жаратканым салмактайбы?
Жазымышта эмне болду,
Жазасын ал тактайбы.
Эгер кимде күнөөлү,
Эгем өзү жазалайбы.
Жазымыштан алыс качпа,
Жаза турат алды жакта.
Карамырза кара ниет,
Кол көтөрдү энеге,
Каргап салды энебиз,
Касиет бар тилинде.
«Саргарып тапкан тукумуң,
Саны жүзгө жетпесин.
Саны жүзгө жетсе да,
Өмүрү күзгө жетпесин.
Өкүнүч өз башыңдан,
Өкүнтүп такыр кетпесин
Армандуу Карамырзанын,
Арбыбай калды тукуму.
Караңгы түндө башына,
Каргыш тийип куруду.
Карамырза атанын,
Башына кайгы айланды.
Тагдыр жазып койгонбу,
Таппай калды айланы.
Тукуму калды арбыбай,
Жазмыш тагдыр ушундай.
Карамырза атабыз,
Катуу ооруп айыкты,
Алы такыр жок калып,
Аябай тартты азапты.
Кара жаны ырбаят,
Эч нерсеге жарабайт,
Караандай суу ичип,
Карыш жерге жыла албайт,
Оңдуу кепти айта албайт.
Онтотуп оору тынчты алат,
Өлүү десе өлүү эмес,
Тирүү десе тирүү эмес,
Оозуна суу тамызат
Ооруп жаны кыйналды,
Азап тартып чымын жаны.
Эненики жетти бекен,
Айтып салган каргышы.
Карамырза атанын,
Азап тартып калышы,
Ал тагдырбы жазмышпы.
Өзгөгө күнөө кылгандар,
Өзүнөн-өзү жаза алат.
Жараткан аман барында,
Жазадан ал кача албайт.
Эркектерге караганда,
Аял заттын күнөөсү аз.
Аял зат назик жан,
Каршылашкан оң таппас.
Ургаачыга күч колдонгон,
Эркек үчүн жаман да
Айыпка батып булганбай,
Абийриңи таза карма.
Кыргыз эли бул жерде,
Кээде тигил тарапта.
Көчүп-конуп жүрүшөт,
Ак карлуу тоо аймакта.
Убакыт учуп токтобой,
Өткөн экен далай жыл.
Мезгил болсо алып учат,
Улантып улуу кадамын.
Алсейит ата бугу энеден,
Жамангул, Бооке уул тапкан.
Сабалатып кеп козгоп,
Санжырачы аны айткан.
Көл жээгинде даңктанып,
Көптөн бери жашашкан.
Бугу аталып келаткан,
Ушул болгон баянды,
Уламада баары айткан.
Уланып учкан тагдырды,
Уламачы улап жараткан.
Ал кезекте ата баба,
Жашаган Нарын тарапта,
Кээ биринде быякта,
Кээ биринде тиякта.
Кайберен эне көп өтпөй,
Ооруп жатып калыптыр.
Төшөккө жатып калганы,
Өзүнчө бир тагдырдыр.
Чамасы кеткен бугу эне,
Чакырып жатты балдарын.
Керез сөзүн калтырып,
Кеп кылып жатты баянын:
– Ардактуу эр өткөндө,
Ак аргымак ат калды.
Айды чапчып жаныбар,
Азаптана окуранды.
Сабалай суу акканда,
Сай-сайда нук калат.
Кара тоодо агарган,
Кар эрисе суу агат.
Атын такыр жоготпой,
Ата өтсө уул калат.
Эне кетсе кыз калат,
Энесинин элесин,
Эске салып муңканат.
Эскирбес өмүр уланат.
Арыбай жол улаган
Атан өлсө тайлак бар,
Дайнын айтып эскерчү,
Дагы далай баян бар.
Айланайын туугандар!
Жамангул менен Боокеден,
Төрөлгөн далай уландан.
Жаштар өсүп жетилеер,
Карыялар карып улгаяр,
«Бугу энеден туулган»-деп.
Башка журттар айтышаар,
Бакылдаша кеп кылаар.
Улуу тоону этектеп,
Узун-узун көч келет.
Узун көчтүн арасында,
Улуулардын саясында,
Урматтуу ошол энеге,
Уландары эркелеп,
Карегинен айланат,
Караанына жалбарат.
Мемиреп учуп токтобой,
Мезгилдер сызып оболой.
Узап кетсе энеке,
Уулдары не болот.
Убакыт жылып көчкөндө,
Унутулаар жетимдик,
Чүрпөлөр өсүп жетилип.
Туу белде аккан суулардай,
Турмуштун өзү закымдаар.
Тектирден өрдөп кеткен көч,
Теңир Тоого жайгашаар.
Айтылуу ошол эненин,
Артында калаар тукуму.
Ысык Көлдү жайлаган.
Ылоолотуп жылкы айдаган.
Ырыстуу эл бугубу,
Мүйүздүү эне өлөөрдө,
А дүйнөгө көчөөрдө,
Уулду болду Жамангул,
Жар Кыяга канат кагып,
Жапан куш келип конду.
Жар Кыяга куш конгону,
Жакшынакай иш болду.
Асыл эне кайтаарында,
Атадан уул төрөлүшү,
Абдан сонун иш болду.
Бугу эне ошол кушту,
Кондуруп алып колуна
Өөп койду бетинен.
Улам-улам сылады,
Ошол уулду чекесинен.
Анан мындай сөз айтты:
– Көч менен узап алып,
Көз жуумп эгер мен кетсем.
Сан жол менен коштошуп,
Сапарым арып мен кетсем,
Менден белек болсун,-деп,
Небереми Белек койдум.
Не бир сонун ой ойлодум.
Эмчектеги ал бала,
Энеден калган Белек болду.
Тукумдан туяк кагып,
Туягын ташка жанып,
Тууруна келип куш конду.
Айланайын туугандар,
Асманы бар конушка,
Ак шумкар келип конду.