Выбрать главу

Ушуларды унутпай,

Айтканым сонун кеп болду.

Унутуп салсам буларды,

Мени кудай урбайбы.

Башкалар наалат айтпайбы.

Жамангул жана Боокеден,

Төрөлөөр далай уландар.

Жаштар өсүп жетилеер,

Карылары анан улгаяр.

«Бугу энеден туулган» деп,

Башка журттар айтышаар.

Бакылдашып кеп кылаар».

Кайберен бугу эненин,

Оорусу дагы уланды.

Кирип-чыгып карашты,

Энени баккан балдары.

Ажырашуу мезгили,

Же жакындап калганбы.

Өмүрдү өлүм тоорушу

Өзүнчө бир арманбы.

Эне таңда кайтыптыр,

Эли түштү чуру-чуу.

Жондогу элди аралап,

Жоктоо үндөр угулду.

«Алтыныбыз кетти,-деп

Айрылып калдык асылдан».

Жакындар ыйлап жатышты,

Жашын төгүп жабыккан.

Өтөөр кезде энеке,

Кайраттуу турду багынбай,

Керез сөзүн айтыптыр,

Кеби анын бир далай

«Төрөлгөн пенде өлөт да,

Тагдыр жолун көрөт да,

Журту ыйлап чуркурап,

Жууп-тазалап көмөт да.

Жаралган пенде кайтат да,

Жазуу жазса барат да.

Калкы ыйлап чуркурап,

Карайлап туруп көмөт да.

Келген пенде кетет да,

Өмүр закым элес да

Баардыгы тең кайгырып,

Улуп-уңшуп ыйлашып,

Уул куздары көмөт да.

Кош калгыла уландар,

Кош калгыла туугандар,

Жеңелер кайыр кошкула!

Жергеме атак тааныткан

Апалар кайыр кошкула!

Алыс жашка жол тарткан.

Абалар аман болгула!

Ар дайыма бел туткан,

Аталар аман болгула!

«Бугу энебиз өткөн,-деп,

Буйрук жазуу көргөн,-деп,

Кары –жашы чуркурап,

Калк кайгырып көмгөн,-деп,

Санат ыр түзүп жоготпой,

Санжыра айта баргыла!

Бир-бириңди жоо кылбай,

Биримдик болсо анан да,

Сунган колуң узараар.

Баарысына жеткен жол.

Бакытка узап кете алаар.

Келген киши кетет да,

Ага убакыт жетет да,

Баян айтып жашоого,

Баарыңар кош калгыла!»

Эненин сөөгүн боз үйгө,

Этият коюп жаткырышып.

Түн боюу алыс кетпестен,

Түгөл турду кайтарышып.

Ала-салып токтобой,

Адамга үйгөн түйшүктүү

Акырын жылып түн өттү.

Алыс-жакын жерлерге,

Абдан тааныш элдерге,

Чабаганды чаптырды,

Чарчабай баарын алдырды.

Түпөйүлдүү түн жылды,

Жерге жарык төгүлдү,

Жергем кайра көрүндү.

Сөөктү сууга алганга,

Көрүлүп жатты камылга.

Эртеси туруп караса,

Мына кызык тамаша.

Бугу эненин сөөгү жок,

Баардыгы таң калышты,

Шектүү нерсе байкалбай,

Шекшимал болуп жатышты.

Же болбосо, эне сөөгү,

Асманга учуп кеттиби,

Кайып болуп байкалбай,

Кара Тоого бездиби.

Баш катырат балдары,

Башкача жооп айта албай.

Тунжурашат адамдар,

Туура жоопту чыгарбай.

Убайга батып термелет,

Ушундай укмуш болорбу.

Өкүнтүп ушул тарапта,

Өкүнүч иштер болгонбу.

Ошол түнү тарапка,

Агала жамгыр шыбыргак.

Акырын жааган шыбырап,

Айлананын баары кар.

Бир кезекте ойлонуп,

Кыраакы чукак карыялар,

Кыламык жерди караса,

Бир эчкинин изи кеткен,

Ала Мышык тоосуна,

Эчкинин изи кетиптир.

Ал кездеги адамдар,

Из тарыхын чечиптир.

Канчасы калп экенин,

Канчасы чын экенин.

Эч ким деле билбептир,

Баяндаган бул кепти

Албан жашты жашаган,

Куйма кулак бир кары,

Жобурап айтып бериптир.

Жазмачы сөрөй кагазга,

Жазаар кези келиптир.

Ошондогу адамдар,

Из тарыхын чечиптир.

Санжыра деген санжыра,

Салмагын ким билиптир.

Кайберен эне кайберендин,

Изи менен кетиптир.

Уламалап байыркынын,

Уламасын эстейли.

Бир кездеги өткөнгө,

Биз кайрылып келели.

Бугу эненин жайына,

Койгон экен эчкини.

Дал ушундай болдубу,

Даана жагын ким билди?

Ушул эле убакта,

Жылдыздардын алдында.

Миң булактын башында,

Карааны чоң калдайган,

Караңгы түндө байкалган,

Кара Үңкүрдүн өзү бар,

Өткөн жанды каранткан

Өзү эмес кара көзү бар.

Сыр жашырган үңкүрдү,

Сырлуу ошол өткөндү,

Карыялар кеп кылаар,

Ал үңкүрдүн адамга,

Айтып бүткүс ыры бар,

Ыры эмес оң сыры бар.

Сырынан да чыры бар.

Ээ…ээй…

Бейшембинин күнүндө,

Жумага өткөн түнүндө.

Ал үңкүрдөн от күйөт,

Шоола жанып бүлбүлдөйт.

Сырлары жанып тарапка,

Сырдуу дүнө бөлүнөт.

Сызылып чыккан ал күндөр,

Сыйкырдуу жомок өңдөнөт.

Өлөңү чыгып тарапка,

Өзүнчө баян төгүлөт.

Күйүп жанган ошол от,

Айтчы эмнени көргөзөт?

Алоолонгон ал отту,

Бугу энебиз жаккандыр.

Сыйкырдуу жашоо уланып,

Сыры ачылбай жаткандыр.

Ала Мышык тоолору,

Айдыңдуудай көрүнгөн.

Байыркынын тарыхынын,

Баяны учуп бөлүнгөн.

Сыйкырдуу өт көрүнсө,