Выбрать главу

Мергендер кармап алышып,

Арт жагына учкаштырып,

Атты улам камчылашып.

Кум каптаган кайкыда,

Келатышты сапарда.

Камчы уруп сары атына,

Мергендер жакын калганда,

Мырзакулмырза тосуп чыгып,

Пенделерди сынаган,

Чоң тыянак чыгарган

Адам эле кыраакы.

Ал кызды байкады,

Өз ичинен жактырды.

Чекесинен шам жанат,

Болочокту баалаган,

Адам болоор акылман

Көңүл буруп караса,

Көзү ачыктай башкача.

Мергендерди карап туруп

Мындай деген кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

– Ай, мергендер, мергендер,

Ак карлуу тоону аралап,

Аң уулап келгендер.

Даңкы чыккан ой тоого,

Жайлып жаткан жайлоомдо,

Ак желгемин үйрү бар,

Кабалаңдан коркпогон,

Карышкырды жолотпогон.

Дал ушундай айгырды,

Үйрү менен берейин.

Марттыкка мен келейин,

Кызды мага бериңдер,

Ушул ойго келиңдер.

Караан кылаар тукум бар,

Алсейит деген иниңер бар.

Алып берип ошого,

Келин кылып алайын.

Батасына бээ чалып,

Баабединди жасайын.

Тополоңдоп эл чакырып,

Тойду берип таштайын.

Ак желгени үйрү менен

Карамырза алыптыр.

Жылгага айдап салыптыр,

Жылкыга марып калыптыр.

«Ак бугуну атып салып,

Азапка башын батырып,

Айыкпас ишти кылды»,-деп,

Карамырза атаны,

Бугу эне каргады.

Каргышы такыр качпады.

«Тукумуң жүзгө жетпесин,

Жүзгө жетип кетсе да,

Алтын күзгө жетпесин».

Аз болуп калды тукуму,

Карамырза атанын.

Ким билиптир чынында,

Санжыранын ар жагын.

Кыз тоого кандай барды,

Белгисиз бизге ал жагы.

Ар кандай жоромолдор,

Айттылбастан ал калды.

Кырда турган кыргызды,

Далай жоолор каптады.

Арманы күчөп тоолук эл,

Алайган көзүн жаштады.

Айланаңда калың жоо

Азап болуп ошондо.

Туурадан үйүп азапты,

Тушунан кол салышты.

Бир тараптан уйгурлар,

Бир тараптан калмактар.

Бир атанын баласы элек,

Бир жактан казактар.

Билгизбей туруп көз артат,

Бир жактан кытайлар.

Армандуу кыргыз не кылат,

Алласы тайып башынан.

Азаптуу күнгө чырмалган.

Алакандай кыргызга,

Кимдер көзүн артпаган.

Алай-дүлөй башталган,

Арманы күчөп ташыган.

Этек-жеңин жоо алды,

Эмне болот айла-амал.

Кыз тоого кандай барды,

Суроонун бүтпөйт аягы.

Балким ошол мезгилде,

Кыйынчылык кезинде.

Бир үй-бүлө качтыбы,

Асканын түп жагына.

Акырын жылып келдиби,

Колго үйрөтүп бугуну

Буюрган сүтүн ичтиби,

Элдеги жоого көрүнбөй,

Эптеп жашай бердиби.

Буюугуп жатып алдыбы,

Балким кыздын атасы,

Салбырынга чыктыбы,

Болбосо катуу чочунуп,

Мергендерден корктубу,

Баарын эле көрүп туруп,

Такыр чыкпай койдубу.

Болуп өткөн бул баян,

Небак өтүп кеткендир.

Анын жайы ың-жыңсыз,

Аскаларга житкенби.

Эчаакы өткөн баянды,

Ырында акын эстеди.

Чынында эмне болсо да,

Бир Кылжырдын баласыбыз.

Тунжураган атанын,

Туусун жайып келатабыз.

Ыйык бугу энебиз,

Ырыстуу кыргыз элденбиз.

Аз болсо да силерге

Айтып бердим бир баянды.

Аңгеме козгоп салдым

Абалкы өткөн окуяны.

Дастанчынын сөзү бүттү,

Акырындап түн түштү.

Тынчтанып калышты,

Жан-жаныбар баардыгы.

Санжырага кунт койгон

Балдар дагы чарчады,

Сөздүн бүтүп аягы

Жыбырап көккө толушту,

Жылдыздар жанып баягы.

Жомокчунун баяны,

Жолдо келген аяны

Дал ушинтип аяктады,

Эээ…ээ…эй…

АЛСЕЙИТ АТА ЖАНА БУГУ ЭНЕ «Мүйүздұұ эненин арбагы колдосун» Бугу уруусунун ыйык сөзү

Алыскы Теңир Тоонун аймагында,

Ак карлуу тиги Нарын жактарда.

Ошол жакта Ала Мышык тоосу болгон,

Баш жагына жылтылдап мөңгү конгон.

Аркар, кулжа ал жакты мекендеген,

Тоонун чөбү назик желге эркелеген.

Ал жакта кайберендин тилин билген,

Бир кишинин өткөндүгүн мен билем.

Бир кызы, бир баласы болгон экен,

Алар дагы ушул жерден кетпеген.

Тагдыр бекен ал пенденин дал өзү,

Суук тийип каза болгон бир күнү.

Ал экөө такыр эле жетим калды,

Ата-эне жок алардын эле азабы.

Ал экөө кайберен менен сүйлөшкөн

Макулуктун тилин билип үндөшкөн.

Аркарлар келип ал үңкүргө түнөгөн,

Түнкүсүн сапар алып жел жүгүргөн.

Басса, турса аркарлар менен аралашып,

Айран ишчү кайберендин туягына.

Кийиктер менен бирге өмүр сүрүп,

Эс алуучу бийик тоонун тулаңына.

Толкун чачып мезгил өтүп жатканда,

Толуп ташкан сонун майдын чагында.

Бир уруудан көзгө атаар атанган,

Ушул бийик тоолордо жашаган.