Чежеменди Алсейитке нике кыйды,
Казакк бул кызды карматпайлы.
Алсейит айтты уят го токол алганым,
Абийир керек журтту кантип караймын.
Мүйүздүү эненин жини келип териккен,
Күш –быш этип жөтөл менен демиккен.
«Көрүнгөндү алгының деп суранбайм,
Өзүм дагы алды-артымды абайлайм.
Жоо жакадан алып турган чагында,
Жакшы тукум керек экен кыргызга.
Тукубубуз бүт майдалана кетиптир,
Журтубузга акылман жан керектир.
Тоолук элге керек экен баатырлар,
Өз журтуна тартынбай башты саяр..
Жана керек баарын билген аярлар,
Керек окшойт үн безеген акындар».
Жомок кылып бабалардын баянын,
Кеп кылайын аталардын аянын.
Алсейит бий макул болду анан да,
Мүйүздүү эне эмне десе баарына.
Эне айтты: – Өз тукумум улансын.
Улуу тоого желбирете туу сайсын.
Алсейит бий ал кызга үйлөндү,
Өрүш алып жаңы өргөө көтөрдү.
Тогузду айдап эртеси келди Телгозу,
–Кечиктиң,-деп эл айтты: -Болбоспу.
Телгозу баатыр бир кызды алыптыр,
Кайра үйүнө сапарлап кайтыптыр.
Телгозу Алсейит менен дос болгон,
Бул санжыра калган экен ошондон.
Чежемен энеден Туумакашка төрөлдү.
Аккозу жана Каракозу көз көрдү.
Ошол калмак кызы Чежемен энеден,
Чыккан экен далай-далай көп берен.
Ал энеден далай уулдар жаралды,
Төгөрөктүн төрт бурчун аралады.
Суулар акты өз нугунда токтобой,
Жай албас мезгил сыры ошондой.
Мезгил өттү акылман эне көз жумду,
Канткен менен мезгилдин жолу улуу.
Бапа ата бүт зыйнатты жасады,
Алыстан чоң молдону алдырды.
Эне сөөгүн эртең коймок болушту,
Баары бүтгү ушул жерге чогулушту.
Бул кезекте мезгил күзгө таянган,
Тоону бүтүн сары сойгок каптаган.
Кечинде тараптарга кар жааган,
Айлана бүт ак өңгө капталган.
Жылдыз батып таң агара баштады,
Сөөк кайтарып кетпеди баардыгы.
Молдо кирсе боз үйдүн ичине,
Сөөк жок тамашабы бул эмне?
Жылаң аяк аял чыккан боз үйдөн,
Бийик тоого сапар алып жөнөгөн.
Белгисиз экен ал издин аягы,
Баарысы изди карап таң калды.
Кара Үңкүргө бир из кеткен окшоду,
Аяр эне бул бир сыйкыр окшобойбу.
Мүйүздүү эне ырымда аны эскердим,
Колдосун деп бир кудайдан тиледим.
Мүйүздүү эне касиеттү жан эле,
Ал жөнүндө баян айтам дагы эле.
Мүйүздүү эне жаратылыш жайнаган,
Бакыт жолун бизге келген кайрадан.
Асман дагы, токой дагы энебиз,
Аба дагы, көлдөр дагы энебиз.
Тоолор дагы бугулар да энебиз,
Биз аларды ыйык тута беребиз.
Мүйүздүү эне түбөлүккө аман бол!
Жаратылыш жоголбогун өзүң бар бол!
Баарыбызды мүйүздүү эне колдосун!
Жолго чыктык анда эмесе жол болсун!
Бир кудайым биздин ишти оңдосун!
ЖАМАНГУЛ АТА
Эээ…й…
Эзелкинин баяны,
Элеси көп ар кандай.
Укмуш, укмуш ырлардын,
Учугун чубап чыгармай.
Ай, курдашым, курдашым,
Ачка болдум дейсиңби,
Ачка болсоң кел бери!
Сүткө талкан булгайлы,
Сугунуп аны бурдайлы.
Мезгилди бошко кетирбей,
Кайра маек куралы.
Байыркы ата бабанын,
Баянынан улайлы.
Бай тарыхын эстейли,
Башкаларды каратып,
Баян айта кетели.
Ай, шум дүйнө, шум дүйнө,
Жогмоктору көп дүйнө.
Жоругу жолдо айтылган,
Жомоктору көп дүйнө.
Бажырайып чачылган,
Бар дүйнө да жок дүйнө.
Шарактап алып токтобой,
Шамалы учкан бу дүйнө.
Кубулжутуп үн берген
Кубанычы көп дүйнө.
Ай туугандар, туугандар,
Окуя сырын куугандар.
Алсейит жубайы,
Болгон эле бугу эне.
Айткан элек биз аны,
Белгилүү журтка баяны.
Сай-сайда калып жоголгон,
Санжыра айтам ошондон.
Мунун баарын баяндаган,
Куйма кулак карыдан,
Кубанып улам сурагам.
Карыянын жомогун,
Ыр кылууну ойлондум.
Эчаакы өтүп кеткенди,
Эстегенге кез келди.
Аңгемени угуп отуруп,
Аян кылып курадым.
Байыркынын уламышын,
Баштап кайра уладым.
***
Ошол, ошол заманда,
Алаамат болуп ааламда,
Жер талашып, көп жолу
Кыргыздар менен калмактар,
Кыйры кеткен алыска,
Кытайлар менен кармашкан,
Алакандай кыргыз эл,
Ар намызын талашкан.
Калмактар кылып кордукту,
Кыргыздар ага чыдабай,
Караңгы түндө жол жүрүп,
Каршылашкан бир далай.
Кээ бир кезде кармашуу,
Намыз бербей чабышуу,
Бир жолу ошол жоо,
Катуу кылып каршылыкты.
Боз үйлөрүн кыйратып,