Алла Таала кудайдан.
Адамдын жанын соо койгой,
Асылдын башы бар болгой.
Ок жаңылган баатырды,
Олуят келип аттады.
Бир аттады чыкпады,
Эки аттады чыкпады,
Ушундай иш болобу,
Ургаачы көзүн жаштады.
–Тагдырым мени бозортуп,
Тамашалап жатабы.
Үчүнчү жолу аттайын,
Тагдырымды байкайын.
Тайып такыр тагдырдан,
Жаңылыштык жасабадым.
Жаман ишке барбадым.
Да бир жолу аттады,
Оюктай дене ачылды.
Кан аралаш ириң агып,
Ооруган дене басылып.
Ок чыкты сыртка агылып.
Эки жагын улам каранды
Жан кирип ата тынчтанды,
Байсалдуу кылып жаратканым,
Батасы тийип жараткандын.
Дарт чыгып сырт жагына,
Омоктуу өткөн атанын,
Өмүрү торго илинбейт,
Өлүм менен ажалдын.
Жамангул ата Олуят энеге,
Чоң бакытты арнаптыр.
Олуят эне ал батадан
Тогуз уулду тааптыр.
Төрт тарабы келишкен,
Тогузу тең эр экен.
Тогуз уулу эл коргоп,
Аман-эсен бар экен.
Оролмо Тоонун чоң жолу,
Оролмо тоодо айтылган,
Ошол элдин жомогу.
Буйгат тоодо айтылган,
Бугу элдин жомогу,
Байыркы элдин жомогун,
Баштай берсек болорбу.
Кара тоодо жаралган,
Кагылайын жомогум.
Оо, мунун калп менен иши жок.
Жанында болгон киши жок.
Оо, мунун жалган менен иши жок.
Төрүндө жаткан киши жок,
Оо, мунун төгүн менен иши жок.
Жогору жактан ит үрөт,
Жогору жактан ит үрсө,
Жомокчу чал келдиби,
Жобурата кеп таштай,
Жомогун айтып бердиби.
Жомокчу чал жомок айтса,
Баарысын тең жазайын.
Бул баянды оку деп,
Балдарга суна салайын.
Аркы суунун өйүзүнөн,
Ажылдап ажаан ит үрсө,
Аңгемечи келдиби
Ар түркүн сөз таштап,
Аңгеме айтып бердиби.
Аңгемечи чал келсе,
Аңгемесин угайын.
«Аңгеме баян оку»– деп,
Агайын журтка сунайын.
Узун жолдо келаткан,
Учунда бирөө көрүнсө.
Уламачы киши келдиби,
Улууларды сүйүнтүп,
Улама айтып бердиби.
Уламачы чал келсе,
Уламасын тыңшайын,
Ар бир сөзү калтырбайын,
Ак баракка жазайын.
Сайлуу өзөндү аралай,
Сак-сактап келип ит үрсө,
Сакадай чал келдиби,
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжыра баштап бердиби.
Сары алтындан куралган,
Сакадай чалдын жомогу.
Бапырап келип кеп салса,
Байркынын оролу.
Баарын угуп алгамын,
Эсиме бекем туткамын.
Түн кирип жылдыз чыкты,
Түш көрүп эми уктайын.
ТӨРӨКОЧКОР АТА БАЯНЫ
Убакыт кээде жай жылат,
Учуру келсе тез жылат.
Жолунан калбай ашыгып,
Жомок ылдам айтылат
Бир гана чоң арман
Өткөнүбүз кайрылбайт.
Жолдо калбай закымдап,
Жомок жорто баратат.
Өргө карай бараткан,
Өмүрүбүз канча ким билет.
Кутту тилек каалган,
Кудайым билсе бир билет.
Курап жазган ырымды,
Кудуреттеп сыйладым.
Учуп күйгөн ырыман
Угулабы жаңырыгым.
Сырларым жан сырларым.
Байркынын дабышы,
Унут боло баштаган.
Кабар күтүп жатабыз,
Санжыра айткан карыдан.
Төрөкокор атанын,
Баштайлы эми баянын.
Жаңылыштык эгер кетсе,
Кечиргиле ал жагын.
Алынып алган жалпыга
Төрөкөчкор башынан.
Сөздү-сөзгө тизмелеп,
Сөзмөр болчу жашынан.
Түштүктөн келген молдодон,
Арип таанып оку окуган.
Куранды кээде жатка айтып,
Жакшы адам эле окумал.
Адамдын жакшы, жаманын
Алдыртадан эле билип алган.
Абдан чебер ишмердүү,
Адамдын сырын байкаган.
Касиеттү бугу уруусунун,
Караны тоодой адамы,
« Ишбилги жана чечен» -деп
Ишенчү эле баардыгы.
Бугу уруусун жөнгө салганы,
Хан сарайга аттанган.
Жөнүн чечип алык салыктын,
Хан менен катар жашаган.
Кайрат күчкө толгондо,
Күнөстүү шаар Кокондо.
Ханга кызмат кылган дейт,
Качанкы өткөн тарыхты,
Сөзмөр жандар чечмелейт.
Сөздү сүйлөп эзмелейт.
Ханга кызмат аткарып,
Калып калат Кокондо,
Жылдар жылып аңгыча,
Ала салат айлар да.
Армандуу бир чоң кайгы…
Ай айланып жылганда…
Алтын башта бир кайгы,
Азгыруу аны бастыбы,
Жармашыптыр баатырга.
Жалалуу көрө албастык.
Жазмыштагы тагдырга.
Ал болбосо баатырдын,
Алганы сулуу бекенби,
Сулуулукка шектенүү,
Суктанта жүрөк эзгенби.
Акыры эмне болсо да,
Арман барбы жазмышта,
Алдуу жандан айрылдык.
Алыста жүргөн чагында,
Душмандын ичи тарыды.
Жан-айласы жалында,
Уу беришип жалмады.
Өкүнүч басып жаш жанды,
Хан сарайда иштеген,
Хамиракун деген бир адам,
Токтоо энеге көз салган,
Тымызын жүрүп аңдыган.