Ата журтка кошо айттым.
Уламадан кеп калат,
Ушул сөзүм аманат!
Айдыңдуу жандын сөздөрүн,
Аткарбасаң сага уят.
Кагылайын Токтоайым,
Арт жагымда калаарым.
Учуп кетеер чагымда,
Ушул сага айтаарым.
Катаал чоочун тарапта,
Кашка ат минген эр келет.
Берен кайтыш болдубу,
Эгемдин ошол жолубу.
Адашып чоочун жылгада,
Ат жаныбар кишенейт.
Кайгысы ашып жатабы,
Карангүн аны ким билет.
Кашка ат эстүү жаныбар,
Кайранын эстеп жаткандыр.
Кайра-кайра жер чапчышы,
Кайтыш болгон тагдырдыр.
Кайра-кайра окуранып,
Кагып жатат туягын.
Эгем тагдыр эмне дейт,
Ээси экинчи жол келбейт.
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң тетири теминбейт.
Кара жолдо таскактата,
Кашка атын желдирбейт.
Өкүнүч менен армандуу,
Өмүрдөн өтүп кеткен дейт.
Кайтыш болду эр азамат,
Сөөгү жерге коюулат.
Токтоайым тартты арманды,
Өлбөй гана тирүү калды.
Эмне кылат кайраттанды,
Андан башка айла барбы.
Анан өттү убакыт.
Үстү-үстүнө куралып.
Жылмайып келди кубаныч.
Токтоайым аман төрөдү.
Кыз болбой эркек экен
Чочогу бар бала экен.
Төрө атадан тукум калды,
Куруп калган энеке,
Кубаныч каптап жылмайды.
«Төрөкочкор өлбөптүр,
Кайра жаңы төрөлүптүр.
Анын жашап жатканын,
Армандуу көз көрүптүр.
Тугандар менен Алайлык,
Өз ырымын жасады.
Ата айткандай баланын
Атын Сейит атады.
Үстү-үстүн куралып,
Өзү эле келди кубаныч.
А баягы Хамиракун
Токтоайымга келиптир.
Үйлөнөлү жакында,
Өз кеңешин бериптир.
Токтоайым эне сыздады,
Жашын төгүп ыйлады:
Кичине бала эт алсын,
Арадан жыл айлансын.
Аңтаралы дүйнөнү,
Андан кийин көрөлү.
Андан ары не болду,
Кагылайын дастанчым.
Кайрылбай кеткен аяндын,
Кабарын айтчы баянчым.
Ошол кезде Токтоайым,
Көпкө ойлонуп отурду.
Кабарсыз жаткан Теңир Тоого,
Кат жазууну болжоду.
Төп ааламга таанылган,
Төрө атабыз бу болду.
Бугуа кабар салайын,
Буйгат тоодо жашаган,
Булардан кабар алайын.
Андан башка не кылат,
Ажырым ой эзмелейт.
Жерине туулган конушка,
Жетсем деген бир тилек.
Жетеби же, жетпейби,
Жетик тагдыр чечмелейт.
ЭНЕНИН КАТЫ
Убакыт кээде жай жылат
Учур келсе тез жылат.
Жолунан калбай ашыгып,
Жомок ылдам айтылат.
Бир гана чоң арман
Өткөнүбүз кайрылбайт.
Жолдо калбай сапарлай,
Жомок жортуп баратат.
Жазмачыны шаштырды
Ак кагазды алдырды.
Токтоайым кат жаздырды:
«Алыс жакта жайкалган,
Ала Тоом аман бар бекен,
Ала тоону жайлаган,
Аралап бээни байлаган,
Ак калпак кыргыз бар бекен.
Алыс жакта зарлаган,
Жерине жетпей талпынган
Күйөөсүнөн айрылган,
Кошок кошуп жашыган,
Токтоайым кабар айттырат.
Токтолбой көзүн жаш чаят.
Акмалай тоолор тарабын,
Алайган көздөн жаш тамат.
Асманга учуп талпынган,
Асылыңар жол кетти .
Көккө учуп талпынган,
Көк шумкар учуп жол кетти.
Көп санаа келди башыма,
Көк шумкардан айрылып,
Көгөйдүү кайгы бир келди .
Көк кыядан өтөөрдө,
Көгөргөн көзгө жаш келип,
Көгөй беле бул дүйнө.
Ак кыяга келгенде,
Алайган көзгө жаш келип,
Арманымбы бул эмне?
Урумдун тоосу ат жетпес,
Узаган менен бат жетпес.
Аскар белим айдыңым,
Урматтап сйүп сыйлаган,
Уулуңардан айрылдым.
Кашкалдак деген кайран куш,
Какшасам да карматпай,
Какшаал тоодо таштады ай,
Кашкалдык куш өз башым,
Карарып агат көз жашым.
Төрөкочкор өлбөдү,
А дүйнөнү көрбөдү,
Арбагы анын таалайлуу,
Болду эркек балалуу.
Анын өзү айткандай
Атын Сейит койгомун,
Ардагымы улам карап,
Мен бактылуу болгомун.
Сапар тартып келиңдер,
Артында калган тукумду,
Аман-эсен алып кетиңдер.
Уяда жаткан балапан
Учкул куш болоор маалында.
Туусун жайып асманга,
Тукуму калаар артында.
Төп келдиби кең дүнүйө,
Төрө уулуңар өлгөн жок,
Ашынса да арманы,
А дүйнөнү көргөн жок.
«Асыл атам кайда»– деп,
Айтып жатат баласы.
Тутанган жарык өмүрдө,
Тукум өлбөйт карачы.
Бөкөнө деген жаныбар,
Бөөдө өлүп карайлаар.
Аңыр деген кайран куш,
Ал жайын такыр карабай,
Алыс жакка таштабай,
Өлө электе асыл баш,
Өзүмдү алып кетиңдер.
Күчүңөрдү көрсөтүп,
Күлүк минип келиңдер.
Күкүгүм үн береби,
Күттүрбөй учуп келеби.
Күтүп жатам силерди,
Күйүткө салбай келбейби.
Кара куш кабар береби,
Кайрандар качан келет,– деп,