Выбрать главу

Карап жатам силерди.

Убайым көрүп жаш агызган,

Ушул катты жаздырган,

Тоолуу элге жете албаган,

Тозокту көрүп кыйналган,

Токтоайым,-деп билиңдер,

Күлүк минип сапар келип,

Күттүрбөй алып кетиңдер».

Хан сарайда иштеген,

Урмат менен кеп билген.

Алайлык кыргыз туугандан

Алып жатты жардамды.

Акылман жакшы эл экен,

Абийир менен кеп билген.

Аркалык,-деп Токтоайымды,

Аябай эле сыйлады,

Берип жатты жардамын.

Эл деген эл экен,

Элейип жалгыз калбадым.

Эне катты жаздырды,

Чабаганды чаптырды.

Бирок ички сырларын,

Башкаларга айтпады.

Адамда такыр урагыс,

Талкаласа жоо алгыс,

Үмүт деген дагы бар,

Үмүт менен жашады.

Белин бекем байлады.

Жараткан Алла Тааладан,

Алып жатты жардамды.

«Оңолобу ишим»-деп,

Алыскы бугу элинен,

«Келеер бекен киши,-деп,

Жашоо жолун эңсеген

Жакшынакай ой менен

Жаңылык күтүп жашады.

Төлгөчүнү чакырды,

Алдына төшөк салдырды.

Тамак-аш коюп сый менен

Төлгөсүн жайып тарттырды.

Төлгөсүн тартып жатканда,

Төлгөсү төп түштү,

Буту колу жок түштү.

Төлгөчү муну айтканда,

Токтоайым күлү жылмайа,

Ак батасын суранды.

Армандуу эне кубанды,

Алыскы бугу элинен

«Кабар келип калат»,-деп

Курган эне сүйүндү,

Кара жолду көп карап,

Кабарчыны күтүндү.

***

Ал катты алган чабаган,

Чаап баратып чарчаган.

Дайындуу эчен тоо ашты,

Даңкайган эчен бел басты.

Ак боз атын желдирип,

Арык бойлой баратты.

Даңазасы алкынган,

Дайындуу эчен суу кечти.

Тапырата жол кетти.

Таштак жолдо желдирди,

Үстү-үстүнө камчылап,

Үзөнгүнү теминди.

Күн эмес жума санап,

Күнгө күйүп баратты.

Бирде тоюуп курсагы,

Биринде ачка жол тартты.

Көл боюнда тоолу жерге,

Акыры жетип бугу элге,

Туугандарга кат берди,

Карарган кара шамалды,

Кара башта кайгыны,

Баарын айтып таштады,

«Айрылдык» деп кайрандан,

Карыялар жашып ыйлашты.

Энелер жана жеңелер,

Тартып жатты азапты.

Келиндери кошок кошуп,

Кеткендерди кошо кошуп,

«Кем дүйнө»-деп ыйлады,

Кеп сөзгө келе албай,

Келиндер жаман кыйналды.

Арбакка багышталып,

Ай туяк бээ чалынды.

«Жакшы тилек колдо» деп,

Жаратканга жалбарды.

Акыры туугандар,

Кеп-кеңешке келишти.

Алдыдагы болоор ишти,

Акыл менен чечишти.

Дагы эмне болгонун

Алдыда айтаар жомогум,

Түн кирсе ай чыкмак,

Бизге келди эс алмак.

Жолдо жортуп келаткан

Жомок дагы чарчады.

Түн кирип, ай чыкты.

Шаңкайып тоолор алыскы

Эс алышат баардыгы.

Эс алалы биз дагы.

КУРЖУН АТА БАЯНЫ

Баштап алдык баш жагын,

Баяндайлы ар жагын.

Анан анан не болду,

Айталы эми ошону.

Чын төгүнүн ким билет,

Жомокчу аны эскерет.

Бабалар жолу бу болду,

Ушундай болгон окшоду.

Таң калтырып жараткан,

Тагдырдын ошол жолубу.

.

Белектин уулу Ыстам бар,

Дубанда жок бай эле.

Жаратып койгон пендеде,

Жан дүйнөсү шай эле.

Ыстам байдын жылкысы,

Жылгаларда жайылган.

Жыламыштан кайырган.

Жылкычылар шаңданган.

Желип учкан жылкыдан,

Тоодой болгон даңкы бар,

Тобурчак аттын тукуму,

Тоо торунун улугу,

Жети жолу байге алган

Жергебиз бүт шаңданган.

Желгенине жел жетпес,

Жел жетпес күлүк жаралган.

Басканына мал жетпес,

Башкача күлүк жаралган.

Тоодой болгон тулпарга,

Тоолук элдер толкундап,

Толгон ырды чыгарган.

Белектин жаккан адамы,

Бежиреп акыл салаары.

Акүптүн уулу Акүчү,

Желжетпести минди эми,

Желбегей тонду кийди эми,

Бурулбай жолдо камынып,

Булдурсунду колго алып,

Кайсы бир эл жашаган,

«Кайыптын жери кайда»– деп,

Камына чыкты аттанып,

Азыгын баарын колго алып

Арбын, арбын жол басып,

Кыргыздын ушул элинен,

Бугунун ыйык жеринен,

Учуп күйүп жол алып,

Узаган дейт камданып.

Акүчү деген берен бар,

Атка жеңил тайга чак.

Арбын жолду так байкап.

Жети өзөн суу кечкен,

Жердин атын так билген.

Жекелешип сүйлөшсө,

Жети буру тил билген.

Кужулдап топту жиреген

Куран окуп, дин билген.

Байыркыны бат тактап,

Кагаз жазып, ыр чийген.

Көзү небак ачылып,

Көрбөгөндү көп көргөн.

Көп окуя оор турмуштун,

Көбүн баштан өткөргөн.

Дубанга бүт белгилүү,

Асыл ыйык жаны бар.

Кулагында шамы бар,

Кулайым деп көз салган,

Кодогону дагы бар.

Жергемде күлүк Желжетпес,

Жел жетеер бирок ат жетпес.

Жылкы ичинен атактуу,

Жылып учкан канаттуу.