Выбрать главу

Кабанак итке ашынган.

Жолго бүттү камылга,

Жомоктой түн жатканда,

Атаар таңдын алдында,

Сейитти салып куржунга,

«Артынмак тең болсун»– деп,

Аш салып бир жагына.

Энени атка мингизип,

Муңдуу чөптүн үстү менен

Булуттуу көктүн асты менен

Желжетпес күлүк озуптур.

Мындан башка болбоптур.

Ал кезде болгон окуяны,

Аныгын ким угуптур.

Куржунга салып Сейитти,

Арылдап улам чуркаган,

Көз ачып жумганча,

Алыс жакка узаган.

Алдыда күлүк Желжетпес,

Курбудан чыккан куугунга,

Кууган менен жеткирбес.

Желип чуркап алыптыр,

Желпинип учуп Желжетпес,

Желпиништин тоосунан,

Жекшемби күнү чыгыптыр.

Эти кызып алыптыр,

Элире чуркап жаныбар,

Эринбей чуркаар чагы бар,

Желпинип чуркап отурса,

Жолдор калат созулуп,

Жолго жол кошулуп.

Булуттуу көктүн асты менен

Муңдуу чөптүн үстү менен.

Жалгыз ата туягы,

Жаратканым аны туябы.

Төрөкочкор атадан,

Төрөлүп тукум улаары.

Куржунда келген туягы,

Кудай аны туябы.

Атанын жалгыз кулуну,

Артында калган кургуру.

Бугу эненин тукуму,

Кагылайын жердештер.

Кандаш болгон берендер.

Куржунда келген баланын,

Купуя сыры ушулбу.

Улап айттым ушуну,

Улама кеп угулду.

Желпинип учуп Желжетпес,

Желпиништин тоосунан.

Жел сызгандын зоосунан,

Далай чөлдү аралап,

Даңкан чачып сабалап,

Жаратканга кылып салабат.

Агыш тоону аралап,

Артына далай жол таштап,

Жол таштаса, мол таштап,

Басаар жолу бүт таштак,

Байтак жолду аралап,

Желжетпес учуп келатат.

Агыны күчтүү суу кечип,

Алкынып учуп жер безип,

Келген дешет качкындар,

Качып кудай ургандар.

Төрөлгөн жери көзүнөн,

Төрт айланып учканбы.

Бабалардын тарыхынын

Башталмасы буларбы.

Көктө булут учунда,

Көөнөрбөс айыл бугуга.

«Көк менен учуп келди»– дейт,

Кайрат күчтөн тая элек,

Кайраттуу күлүк Желжетпес.

Суктанткан айыл бугуга,

Сууларды кечип келди дейт.

Ата менен эненин,

Артында калган туягы.

Жаратканым жашын төгүп,

Жабыгып турса туябы.

Жакшылыкты кудай берди дейт,

Жерди жердеер эр келди.

Куржунга салып ташылган,

Куурчактай бала сак келди.

«Жараткандан жакшылык,

Жалгыз туяк аман»– деп,

Карыялар чуркурап,

Калың журт ыйлап буркурап.

Улуу тоонун адамдары,

Урматтап тосту буларды.

Куржунга салып ташылган,

Куржун деген атты алган.

Улама ушул калган дейт,

Уланып кеп кеткен дейт.

Укпай койсоң өзүң бил.

Ишенбесең не деймин.

Жол колот менен берилейм,

Жоргому чаап желдирем.

Жондотуп айтып тарыхты,

Жомокчу болуп мен келем.

Сайды кечип берилейм,

Сары атымы желдирем.

Сабалата тарыхты,

Санжыра айтып мен келем.

Төрөкочкордон айрылып,

Токто эне жаш калды.

Кайгы тартып зарланып,

Кара көзүн жаштады.

Кыдык ата ошондо,

Он жетиде чагы экен.

Боконо сөөгү болкулдап,

Болуп калган чагы экен.

Токтоо энени ошого,

Бата берип, баш байлайт.

Турмуш болсо токтобой,

Туурунан учуп айланат.

Булуттар көчүп салпылдап,

Андан ары өтүптүр,

Арбын-арбын замана.

Ат көтөргүс бүт алтын,

Айтып жаткан уламам.

Ата-баба тарыхын,

Таап алдыңбы ушундан.

Аталуудай өңдөнүп,

Ата-текти айта жүр!

Энелүүдөй көрүнүп,

Эл-жериңи эстей жүр!

«Куу турмуш эми ушул»– деп,

Курбу менен курдашка,

Кужулдаган кургурга,

Куржундан кабар айта жүр!

Эл дегенде элди сүй,

Жер дегенде жерди сүй!

Алдыңда жатат жаркын жол

Айланайын аман бол!

Улама кеп улама,

Укмуштарды уланткан.

Өзүнчө бир чубама,

Атадан өтүп балага,

Айтылса экен кез келип,

Айтып жаткан уламам,

Ат көтөргүс эстелик.

Эээ…ээй…

ТОРГОЙ АТА БАЯНЫ

Жолдо такыр тынч албай,

Жорголой бер торпогум.

Улама кепти улаган,

Улана бер жомогум.

Катуу чуркайт энтеңдеп,

Кара кашка торпогум.

Бабалар жолун баяндап,

Баштала бер жомогум.

Боор түзөңдү аралап,

Бороон согуп турду эле.

Ак боз атчан көрүнбөс,

Ай караңгы түн эле.

Шар аккан сууну аралап,

Шамал согуп турду эле.

Жолочулар көрүнбөс,

Жоболоңдуу түн эле.

Куржун ата таң заарында,

Боз үйүндө жатканда.

Тамылжып келип жаңыдан,

Таң супасы башталган.

Кара чаар кабылан,

Элес чачып жаңыдан.

Эшиктен кирип чамынган.

Жолборс кирди боз үйгө

Жоболоң учуп дүйнөгө.

Эне карайт таң кала,

Көз жиберип далайга.

Баяндарда аты калган,