Выбрать главу

Колундагы болгон малын

Беш бөлүккө бөлүп салды.

«Беш береним эле» деп,

Бешөөнө тең ыйгарды.

Улуу уулу Беккулуга,

Энчи малын бөлүп берди,

«Тун уулум эле,-деп,

Туу казыктын өзү,-деп,

Туумуду алып жүрөөрүм,-деп,

Туу түбүндө тураарым,-деп,

Жылкы берди, уй берди,

Арбын, арбын мал берди.

Айдап берди караны,

Аттан берди канчаны.

Качырганды куткарбас,

Кара мылтык бар эле.

Сен ошону алгының,

Аңчылык кесипке,

Ардагым сен жакынсың.

Куш салганды башынан,

Жакшы көрдүң жашыңан.

Какшаалдан кармаган,

Кара бүркүт бар эле.

Ошону кошо алгының,

Кары атаңы эстей жүр!

Калбасын такыр арманың.

Экинчи балам Майназар,

Экиленген жан багаар.

Куудулдугу бир далай,

Купшуңдаган шумпай ай,

Шумураак чыгып башынан,

Шумдукту сүйлөйт капырай.

Акбоз жоргом бар эле,

Сен ошону алгының.

Ала -Тоолук элди карантып,

Жорго салып чапкының.

Аңчылыкка алыс чыкканда

Ак шумкарды кошо алгының.

Торгой ата балдарына,

Энчи арнап баардыгына.

Беш уулуна бөлүп берди,

Жыйып алган байлыгын.

Көрүнгөн тоонун ыраагы жок,

Көңүлүн таап алардын.

Ыраазы болуп кубанган,

Беш уулу ошол атага.

Кудуңдашкан балдардын,

Кубанганы бакты да.

Даңктуу атадан энчи алып,

Дардаңдап калды балдары.

Бешөө минип беш күлүк,

Белестеги жолду улады.

Алыска жайган атагын,

Айдыңдуу Торгой атанын,

Калмактан колго түшүргөн,

Он кулу анын бар эле

Ичте-тышта жумшап жүргөн.

Баардык ишин бүтүргөн

Жайлоолорго аттанган,

Жайында малын кайтарган.

Жыбыттардан жылдырып,

Жылкыларга көз салган.

Ошол онун беш уулуна,

Бөлүп-бөлүп арнаган.

Ата кургур башынан,

Балдарга бакыт арнаган.

Каабын деген калмагы,

Он сегизге барып калган.

Ар нерсеге байкоо салган,

Демөөрү күч шамдагай,

Денеси чоң далдагай.

Бала күндө колго түшүп,

Кыргыз тилин билип алган.

Сай-сайда болгон кагылышта,

Ата-теги анын чачылган.

Бабасын эстеп сагынып,

Бала ичинде кек калган.

Он кулунун ичинен

Ушунусу коркунучтуу.

Кээде жасап жиберет,

Эң бир жаман жорукту.

Башка кулу баш көтөрбөй,

Каалаганды аткарат.

Алар көнүп кыргызга

Калганы тынч жашашат.

«Улуу уулум» -деп Беккулуга,

Каабын кулун арнады.

Дардайган кул атанын,

Өз энчиси аталды.

А дагы бир калмак бала,

Жейрен жатчу үңкүргө,

Качып барып жашынган,

Өз аты анын көмүскө,

Жейренбай болуп аталган.

Ал баланы Майназарга,

Белек кылып арнаган.

Ошол күндөн баян таштап,

Дастанчы чал кобуранган.

Борколдой деген баланы,

Муса уулуна карматты.

Ата болсо балдарына,

«Алгын»– деп энчи таратты.

Бешөөнө тең энчи берип,

Бейгам бакыт арнады.

«Бактылуу уулдар болушсун»,

Бабабыз күлүп жылмайды.

Торгой чалдын беш уулу,

Энчилерин бөлүп алып.

Туу жондордо жашоодо,

Турмуш менен алышып.

Беккулуга буюрган,

Каабын чыйрак неме эле.

Дөөдөй күчтүү, бекем бел,

Чымырлык жагы бар эле.

Он сегизде анын жашы,

Күндүзү койду кайтарган.

Түнүндө жылкы жанында,

Түйшөлтүп күлүк чаптырган.

Жылкыны жаят адырга,

Мүйүздүү мал каптал да.

Эмгекчил болуп жашынан,

Эринбей ишин аткарган.

Болк-болк этип жаштыгы,

Боконо сөөгү катыган.

«Ар дайым мени эзет»-деп,

Арамзаа жагы ашынган.

Арамдык мүнөз жашынган,

Кыргыздарды жок кылып,

Жылкыларды жыйра айдап,

Жыбыттагы жолго салмак.

Жыла качып чыгышка,

«Жылсамбы»-дейт калмакка.

Белгилүү да арам оюу,

Бирөө айтып койгонбу,

Байымдуу ата байкады,

Башын улам чайкады.

«Калбай бери келгин»-деп,

Каабын кулду чакырды.

Кабаарып мындай кеп салды:

– Кичинеңде сени бактым,

Кул дебедиң өзүңдү.

Жакын жандай сыйладым,

Жактыргамын мүнөзүңдү.

Жакшынакай сулуулардан,

Жан жолдошту таап берем,

Арыба деп бата берем,

Куттуу үйдөн кур чыгарбайм,

Кур койбоймун энчиден.

Калмак, кыргыз эки тууган,

Каралдым бизди ким тууган.

Сербейип өмүр сүрсүн,-деп,

Сен байкушту ким тууган.

Элден качып бөлүнбөй,

Элге бергин дилиңди.

Ушунчаңда акыл салам,

Угуп кой, айтаар кебимди.

Бирок Каабын кыйды да,

Бирикпес кара көңүл да.

Өзгөртпөдү ал өзүн,

Жоо сымал арам ой ойлоп,

Жоготпойт жаман мүнөзүн.

Майназар айтты Беккулуга:

– Этият бол калмактан.

Эсил башка азап үйбө,

Ар дайыма сактансаң.

Балпактаган куу калмак,

Балакетти салат го.

Жан багып оокат кылганды,