Келечеги эмне болоорун.
Бир күнү Беккулу ата,
Майназарды чакырды.
Отургузуп жанына,
Кымыз, эт коюп алдына,
Анан мындай кеп салды,
Кеп салганда деп салды:
– Жабыккан ойду жашырбайм,
Жатындашым Майназар.
Сырдашыман аянбай,
Сырымы айтам кайталай.
Козголгон ойду жашырып,
Коркунучка кала албайм.
Көгөргөн калмак бу Каабын
Көрсөткөн турат кордукту.
Жан башы кара казандай,
Жасаган турат зордукту.
Жатындашым Майназар,
Ажырасам балдардан,
Алдырып ийип таалайды,
Азапка батып чырмалам.
Үйрүлүп келип чоңойткон,
Үч бөлтүрүгүм бар эле,
Жараткан мага берди эле,
Жаалы күчтүү бу калмак,
Үчөөнү тең жалмайбы.
Капага мени салбайбы,
Качып кетип бу калмак,
Кайра келип бир күнү,
Какшасам да болбостур,
Өзөгүнөн өрт жанып,
Өлтүрүп салаар өзүмдү.
Чунак калмак каарданып,
Чукуп коёр көзүмдү.
Кара баштан айрылсам,
Калдайган чоң калмактан,
Кантип алам өчүмдү.
Ооз тийип кымыздан,
Ойлоно бир аз тынымдан.
Майназар баба кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
– Колоктогон бу калмак,
Көрсөткөн турат азапты,
Тажаалданган калмактын,
Тазалап көзүн салсакпы.
Кан ичеер калмактын,
Каңдап башка чапсакпы.
Тымызын такыр билдирбей,
Тындым кылып салсакпы.
Калмак бизди көрө албайт,
Карарган дити агарбайт.
Ашыңды ичип жүрсө да,
Акыры кетет кайрылбайт.
Чамынган ал каапырдын,
Чамасын биз байкайлы.
«Малды сатып келгиниң,
Түштүк жакка жумшайлы.
Алыстатып каапырды,
Амалын мындай табалы.
Такыр дитин бербесе,
Тазалап көзүн салалы,
Аны мындай кылалы,
Билдирбей туруп тымызын,
Биз да издейбиз амалды.
Эл-журт билип калбасын,
Элең ушак айтпасын.
Керең сөздөн сактасын,
Кемпир ушак чыкпасын.
Зордукчул шүмшүк шайтан,
Өз кулун өзү жеди,-деп,
Башкага кеп таралат.
Айылдын аяк-быягын,
Айың ушак аралайт.
Майназар ата жол алып,
Кетти келген жагына.
Кетеерде мындай кеп айтты:
– Бек туралы убадага,
Ооздон сөдү чыгарбай,
Убада деген убада.
Жайлоолорго эл конгон
Кой семирип нык болгон.
Өйдө-төмөн чубашып,
Өрүштөргө мал толгон.
Эртеси туруп таңында,
Беккулу келип Каабынга,
Мындай деген кеп айтты:
– Анжиянга көп малды,
Айлашкының,-деп айтты.
Жалаңдаган жигиттерди,
Жолжош кылып шайлады.
Койду сатып, жибек, шайы,
Алып келгин,-деп айтты.
Кара ат минип даңкайып,
Кара жолдо шаңкайып,
Каабын калмак аттанды,
Жанында жаш жигиттер,
Арытып улам сапарды,
Айдап барат сан малды.
Камынышып жигиттер,
Кара тоону ашышты.
Калың малды айдашып,
Калбай жолдо шашышты.
Каабындын оюу бузулуп,
Өзүнчө эле чамынды.
Шайтаны кайнап бузулуп,
Шамыраңдап алкынды.
Тажаал кул эки адамды,
Таяк менен чаап салды.
Кордукту катуу баштады.
Аянычтуу байкуштар,
Аябай тартты жабырды.
Баардык жигит бир болуп,
Калмакка текши асылды.
Бирөө атып салайын,
Ала чуркайт бараңды.
Кара атын камчылап,
Ат үстүндө баркылдап,
Каабын жолго аттанды.
– Беккулу чалдын өзүнө,
Көрсөтөм,-деп кызыкты.
Чийинден ары чыгарбай,
Чийемин,– дейт сызыкты.
Айдап малды бараткандар,
Алыскы жолго шашкандар,
Беккулу көзөл атагы,
Чабаганды чаптырды,
–Каабын калмак качты,-деп,
Кабарды жаңы айттырды.
Каабындын келе жатканы,
Майназар эрге угулду.
Олбурлуулар биригип,
Он бештейи чогулду.
Ат үстүндө аркайтып,
Ак бараңды асынды.
Абал жаман экенин,
Каабын дагы байкады.
Каабын калмак чамынат,
Мындайча кеп салат:
– Кара жан аман турганда,
Кайрылып келип артыма
Көрсөтөм,-дейт кордукту
Бобул турган кыргызга.
Калмакка карай аттанды,
Кара тоого бет алды.
Кыргыздар билет калмактын,
Кайрылып кайра келеерин.
Билгизбей туруп акырын,
Бир жаман иш иштеерин.
Ал калмактын артынан
Жигиттер түштү куугунга.
Майназар менен Жолчоро,
Он жигит барат куугунда.
Ат үстүндө кармашкан.
Каабын да оңой эр эмес
Алыска алып ыргытат,
Анча-мынча тең эмес.
Камандай чалып жандарды,
Карыштырган далайды.
Буркан бойлоп баратты,
Алдындагы кара атты,
Ээ-жаа бербей алкынтты.
Бай калмак жерди басканда,
Калчадан ары ашканда,
Жаман Эчки жеринде,
Жорулар учат каркылдап,
Жон-жондордо арылап,
Сырттын жери созулган,
Сырдана жер үн берип,
Жылдыздуу жылга күү чертип,
Жыбытга-жыбыт кошулган.