Выбрать главу

– Кагылайын уландар,

Бугу энеден туулгандар!

Из келиптир үйүңөргө,

Бээми ылдам көрсөткүлө,

Уландар анда кеп салды,

Кепти туюук баштады:

– Жоголгон малды билбейбиз,

Билбей туруп не дейбиз.

Сары бээ менен Кула бээни,

Сандалтпай ылдам, -бер деди.

Уурусуң да ашынган,

Ушунчаңда кет!-деди.

Алыбек менен Язбектин,

Жини келди каарданып,

Өздөрүн бирок карманып.

Язбек ата кеп айтты,

Барк, барк, этип бек айтты:

– Бээңи кайдан билебиз,

Аркы жактан издегин.

Билбеген соң не дейбиз.

Язбек ата каарданып,

Барк, барк, этип бек айтып,

Сөз менен кагып саякты,

Анысы да эп болду,

Шамыраңдаган саякты,

Шаңшаңдаткан окшоду.

Саяк болсо жинденет,

Үзөнгүнү теминет.

Кашка атын камчылап,

Кара жолдо желдирет.

Бир эмес үч эсе,

Тартасың эми айбыңды.

Көрсөткөнгө кордукту,

Бийге барып кайрылды.

Бий болсо Баястанга,

Чабаганды чаптырды.

– Карайын,-деп бул ишти,

Кабарчыдан айттырды.

Баястан ата сабылып,

Тагдырына таарынып,

Келип бийдин алдына,

Башын ийип бүгүлдү,

Жерди карап жүгүндү.

Улук бийдин алдында,

Мындай деген кеп айтты:

– Кемпирим өлүп калдыбы,

Өз башыма үйүп арманды

Кийимдерим жуулбай,

Топ балдарды бага албай,

Менин жайым ушундай.

Айланайын кудай ай!

Айлам кетти аял жок,

Аппак койнок карарды.

Кантип багам балдарды,

Таппай турам айламды.

Кычышкан жаагын тырманып,

Бий айтты анда кыңылдап:

– Жакшы баккын,-дей салды,

Энеси жок балдарды.

Алардын жетим калышы,

Айтып бүткүс арманбы.

Үстүңдө кийген көйнөгүң,

Болгон экен кап-кара.

Аялы жок эркектин,

Армандуу жагы ушул да.

Анан да бий жылмайды,

Сөз сүйлөп жатканда,

Маңдайкы тиши кашкайды.

– Кийген киймиң кап-кара,

«Кара көйнөк» аталгын.

Элеттик элде унутпас,

Эң бирсонун наам алгын.

Сөөлөттүлөр отурган,

Ошол бийдин жанында.

Бийди коштоп ырсая,

Баары күлөт жылмая.

«Кара көйнөк» деген сөз,

Дал ошондон калган да.

Чындыгында бул баян,

Белгилүү экен жалпыга.

Такыр эле унутулбас,

Өзүнчө ыйык санжыра.

Ошондон бери айтылат,

«Кара көйнөк» деген сөз.

«Кара көйнөк» деген сөзгө,

Куйма кулак болгонбуз.

Кудуңдап күлүп коёбуз.

Каада күткөн адамча,

Калдаң этип ормоёбуз

Кулагыбыз бышкан да,

Бүтөбай эмес жеке эле,

Курумшу, шоңко баарысы,

«Кара көйнөк» аталган.

Алар эмес а түгүл,

Саруу кыпчак туугандар,

Тууган болуп кол сунду,

Качмак белек алардан,

«Кара көйнөк» болуп катталган,

Жылмая күлүп шаттанган.

Ошондон бери келатат,

«Кара көйнөк» деген сөз.

Атадан өтүп балага,

Айтылып келген айдың сөз.

Таалайлу журттун баарына,

Тарап кеткен ошол сөз.

«Кара көйнөк» дегенди,

Башка элдер айтышса,

Биз терикпей калганбыз.

«Кара көйнөк» деген ат,

Энчилүү биздин атыбыз.

Бай дүнөсү айдыңдуу,

Баястан деген атабыз.

Байркыдан кеп козгоп,

Баянын куруп жатабыз.

«Кара көйнөк»-деп чакырса,

«Ия»-деп жоопту айтабыз.

«Кара көйнөк» болуп аталган,

Жумурай журттан бата алган,

Аман болуп элибиз,

Айдыңдуу тоонун ичинде,

Өмүр сүрүп келебиз.

Ай, шум дүнө, шум дүйнө,

Жомоктору көп дүйнө.

Жоругу жолдо айтылган,

Жоболоңдуу бу дүйнө.

Бар дүйнө да жок дүйнө,

Шарактап алып токтобой,

Шамалы учкан бу дүйнө.

Чубалжытып үн созгон,

Кубанычы көп дүйнө.

Томпоңдоп жолдо келген,

Торпогум да эс алсын.

Торпоу минип жол келген,

Тоголок бала тынчтансын.

Тынч уйкуга көшүлүп,

Уктасынчы калайык.

Кана эмесе туугандар.

Баарыбыз эс алалык.

Эээ…ээй…

Оролмо Тоонун шумкары,

Обого чыкпай уктады.

Ошол элдин жомогу,

Ойдон кетпес болжолу.

Агыш тоонун шумкары,

Абалкы элдин жомогу.

Алыскыдан айтылган,

Андай жомок болорбу.

Кабат жери айтылбай,

Кайсы жери кем калды.

Айтып жаткан баянчым,

Арбынын айтпай салдыбы.

Эээ…ээй…

БАЯН АНДАН АРЫ УЛАНАТ

Жолдошум берген кашка тай,

Жорголугу башкача ай!

Жортуп улам алгалай,

Жолдо келет сапарлай.

Арпа Тектир, Ат Жайлоо,

Ата бабам өскөн жер.

Кара Каман, Чатыр Таш,

Калкылдап булут көчкөн жер.

Эээ…ээй…

Санжыраны биз айткан,

Улап кетчү балдар бар.

Кээ бир жерин көркөмдөп,

Неберелер айтышаар

Нечендеген кеп таштап,

Кээ бир жерин так сактап,

Уламадан кеп калаар.

Учкай жерин жандыраар.

Эээ…ээй…

Качанкы бир баянды,

Карыялар айтканды.