Чөбүрөлөр эстешеер,
Кыргыздын көчү көрүнүп,
Кыр-кырлардан жол кетеер.
Кылкылдаган бул көчтү
Кыбыралар сүрөшөөр.
Сан атадан келаткан,
Санжырага тамшанаар.
Кээ бир жерин унутсак,
Кемчилдигин кесе айтаар.
Эээ....ээй…
Жылып аккан санжыраны,
Жыбыралар ары улаар.
Кыйры кетип токотобой,
Кыргыздын көчү уланаар.
Тончондор, тепти, кеттилер,
Толгон баян улашаар.
Биз айтып кеткен баянды,
Билип алчу тукум бар.
Эээ…ээй…
Туура жолдон тайбастан
Тууганга калп айтпастан.
Жорголой бер жомогум,
Жороптоп сөздүн оролун.
Жолдо жүргөн жомокчунун,
Бүтпөдү такыр жомогу.
Бүгүн кечте эс алат,
Бүтчү күнү болорбу.
Узун-узун жомогум,
Уй издеген торпогум.
Аңдуу-дөңдүү жер келет,
Андан такыр коркпогун.
Алыскы сапар жолдосуң.
Бабыраган дастанчым,
Баштагын эми жомокту.
Жымыңдап көктөн көрүнүп,
Жылдыздар жанып оболку.
Өкүмдөнүп токтобой,
Өмүр деген бир келет.
Экинчи кайра кайрылгыс.
Бапырап келген бараңдуу,
Бабалардын көчкөн көчү,
Бай дүнөмдөн айрылгыс.
***
Бир кылым мурун Көңдөйүм
Билинбей ээн жатыптыр.
Караандуу болуп көркөмү,
Каркылдап учкан өрдөгү.
Сап-сап болуп бөлүнүп,
Сайынан чөбү көрүнүп.
Сайын камыш ээлеген
Саргарып жаткан кенен жер.
Жапайы жандык мекендеп,
Жашап жаткан элкиндеп.
***
Урчук-урчук жеринде,
Узун-узун чий болгон.
Кобулдардын арасына,
Коён, түлкү жойлогон.
Жылга-жыбыт арасын
Жылан жылып сойлогон.
Кому менен киргенде,
Койкойгон төөлөр жоголгон.
Асманынан каркылдап,
Алгыр бүркүт айланган.
Анда-мында куш салып,
Аңчылар өткөн кыраңдан.
Кенен жерим Көңдөйүм,
Кебелбей тынч жайкалган.
***
Ошол, ошол кездерде,
Кантон болгон Каракол.
Губернатор жай алган,
Баардык жерди башкарган.
Кадимки Тилекматтын баласы
Караколдон Чыныбай,
Каардуу катуу баштаган.
Беккулу ата уулдарын,
Бейжайлык менен айдаган.
«Эл көп болуп кетти,– деп,
Нарын жакка кеткин»– деп,
Туура эмес сөздү угуп,
Туугандардын башы маң,
Туш-туш жакка тараган.
Жердеп алаар жери жок,
Жее белсемдүү эли жок.
«Эми кайда барабыз,
Жаралган бала чаканы,
Кайда алпарып багабыз.
Кайсы жерди кыштайбыз,
Жайында жайлоо кылып,
Каяк жакты жайлайбыз.
Алтын күз нурун төгө албай,
Бир үйдө тынч отуруп,
Биригип сөз кура албай.
Бөлөкчө болуп айласы,
Бөлүндү болуп туш-тушка,
Бөгөлүп турду санаасы.
***
Баястандын алты уулу,
Ак Суунун чыккан элинен,
Чоң Жергести жердеген,
Каардуу өкүм алдында,
Ал жерден да тентиген.
Бай манабы ал жактын,
Башына токмок үйүргөн.
Кайгы каалгып төгүлгөн.
Алдыңкы күнү көрүнбөй,
Арманы учуп бөлүнгөн.
Тилекматтын баласы
Уезде туруп Чыныбай,
Кабалаңды салды эле.
Жан дүйнөсү жайылбас,
Жакырланган пас неме.
Кадамы анын арыбас.
***
«Ак Суу, Түп тарапка,
Мал-жан толуп кетти,-деп,
Калдайып улам көрүнүп,
Караан толуп кетти»,-деп,
Нарынга, Ак Талаага,
Алыскы Ат Башыга,
Беккулу уулун айдаган.
Каарды катуу баштаган,
Каарына тийип калганды,
Карсылдатып сабаган.
Шапак баатыр козголуп,
Чыныбайга жоо болуп,
Өзүнүн жерин жайлаган.
Өзгөдөн жабыр тартпаган.
Чыныбай чыкты каарданып,
Кайгы-муңду таратып,
Беккулу ата уулдарын,
Көрүнгөн жакка айдаган.
Чогула албай туугандар,
Чогусу менен тараган.
Баястандын алты уулу,
Бай өмүрү каңгыган.
Көчүп-конуп отуруп,
Жети өгүздүн Жыргалаң,
Жетип барып жай алган.
Бараар жери жок болуп,
Башка жакка жол алган.
Бек атанын уулдары,
Жети өгүздүн элинен,
Ак Талаага баратып,
Алла Таала буюруп,
Төрт Күлдүк бай адам,
Алматайга калды кабылып,
Элине кошуп алабы, -деп,
Эстүү акыл салабы,-деп,
Алты уул карайт жабылып,
Ал кезде ушул Көңдөйгө,
Айланып учуп куш конгон.
Абдраман деген Жер Үйлүк
Адамга таандык жер болгон.
Алматай эстүү пенде эле,
Беккулу ата тукумуна,
Бөлү берип кондурат.
Аргымак оозун чойдурат.
Аталардын арбагын,
Айдыңдуу жерге кондурат.
Болочоктуу бир дүйнө
Болбогонду болтурат.
Алматай баатыр бул жерден,
«Беккулунун тукуму,
Гүлдөп өсүп өнсүн,-деп,
Эли болсун жороолош,
Коюу болсун короолош.
Обого обологон,
Обону болсун обондош!
Кызы кетсин кырымга,
Уулу жетсин урумга!
Атак даңкы жайылып,
Аты калсын кылымга.
Учугун коё бербестен,
Улдары турсун намыска».
Айласы кеткен туугандарга,