Выбрать главу

Көңдөй жерин ыйгарган.

Алматай бабанын

Жаткан жери жай болсун!

Арбагы бизди колдосун!

Беккулунун тукумдары,

Бу дүйнөдө бар болуп,

Ак үмүтү шай болсун!

Арбытып басаар жолдорун,

Арбак өзү колдосун.

Жакшылык ачып кылымга,

Жараткан өзү жар болсун!

Манас ата Колдосун!

Башыбызды бириктирип,

Бакай баба бар болсун!

Балдары элди бийлесин,

Байлары жерди жердесин.

Өктөмдүү элес калтырып,

Өсүп өнсүн калайык!

Баястандын алты уулу,

Ар немеге шай уулу.

Бай атанын бир уулу

Баатыр эле Түмөнбай,

Адамды салган оң жолго,

Акылга дыйкан бир далай.

Отуздарда курагы,

Тоодой күчү ташкындап,

Толуп турган убагы.

Жаргалаңды жердеген,

Жылкылуу бугу эл менен

Баардык ишин шай кылып,

Жылкыларын жыйра айдап,

Кула ат минип көч баштап,

Кулжыгач коонун бер жагына,

Көчүп келип жай алат.

Анын арты жагынан,

Оргуп-оргуп чаң чыгат,

Тууларын желбиретип,

Туугандар көчүп келатат.

Көңдөй жерин эш тутуп,

Көөнөрбөс жерге умтулуп,

Ураалыдан: Шопок, Арт

Ушулар көчүп келатат.

Кара Колот жерине,

Конуп калды туугандар.

Конуш издеп чыккандар,

Турагы менен куттуктап,

Тосуп алды адамдар.

Оркойгон жерди карасам,

Оргуп-оругп чаң чыгат,

Кимдир бирөө бул жакка,

Көчүп конуп келатат.

Көчү болсун байсалдуу!

Эли болсун байымдуу,

Жигиттери шай болсун!

Кыздары болсун кылыктуу,

Келиндери бар болуп,

Турмушу өтүп кызыктуу

Боорлорун издеп келатат,

Бооромбай, Босток, Табылды.

Жакындары кучак жайып,

Жайыла тосту аларды.

Алыс жакты карасам,

Бор Дөбөнүн жанынан

Коңгуроолор шыңгырап,

Конуп-түнөп көч келет,

Коюн айдап эр келет.

Жылкыларын жыйра айдап,

Жылкычы келет шарактап,

Асман ачык, ай жарык,

Карач, Сыдык, Мамайлар,

Көңдөйгө келди айланып.

Бул жерге конду байыр алып.

«Биздин жер эми ушул»-деп,

Арбактарга бата айтып,

«А кудайлап жалынып,

Элге жакшы кеп айтып,

Элетте калды жалгашып.

Ураалынын кербени,

Урчук тоону айланат.

«Ушундай өттү турмуш»-деп,

Уламалуу кары сөз таштайт.

Бүтөбайдын кербени,

Бүдүрлүү тоого жакындайт.

«Бүттү, кетти өмүр» деп,

Бүлөлүү чал кеп баштайт.

Шоңколордун кербени,

Шоорат чачып баратат.

«Шоолдоп өттү турмуш»-деп,

Шоорук кары кеп таштайт.

Ак бозун улам теминип,

Ак сакалчан чал келет.

Азыркы Атыгай колот тарапка,

Акыры келип жайланып,

Ак үмүтү шайланып,

Конуп калган байыр алып.

Дагы, дагы, дагы күн өтүп,

Алда нечен түн өтүп,

Далай, далай жаан өтүп,

Дайынсыздар дагы өтүп,

Аргымакчан эр келет,

Алды жактан көч келет,

Шоңко атадан таралган,

Шоораты элди аралаган,

Балбак менен Сүйөрдөн,

Бапыраган көч келет.

Айман менен Адылдар,

Алыс жактан жол алып,

Конуш тапты байыр алып.

Булар менен ташкындап,

Бугу бүтпөс ыр келет.

Бу дүйнөгө эр келет.

Билинбей өткөн жашоонун,

Бир кайгысын жеп келет.

«Жаратканым сакта» деп,

Жашоонун камы уланат.

Калдайып жаткан кадырлуу,

Кара көйнөк эл турат.

Беккулунун уулдары,

Баардыгы тең келип бүттү.

Алп баатырлар берендер,

Алга сүрөп үмүттү.

Урматтуу ата бабалар!

Конушуңар жай болсун!

Байырлап мында жашаган,

Баарыңы кыдыр жылоолосун!!!

Кагылайын бабалар,

Карааны ыраак калгандар,

Уламадан кеп кетет,

Урпактар кайра эскерет.

Баястандын уулдары,

Чачылганды жыйнаган.

Үбөлөнүп түшөөрдө,

Үзүлгөндү улаган.

Буйрук экен дедиртпей,

Бузулганды кураган.

Умайымга салдырбай,

Уламаны улаган.

Учук жибин улам чубап,

Улуулардан сураган

Сан атадан келаткан,

Санжыраны сураган.

Беккулунун уулдарын,

Бириктирип баштарын.

Жылдырып бирге жыйнаган.

Түгөл журтту чогултуп,

Түмөнбай ата кураган.

Санжырачы санжырасын,

Саймедиреп так айтсын.

Көңдөй жерге чогулткан,

Бабаларга бата айтылсын.

Улуу, улуу, улуу тоо,

Ушунда өттү көп турмуш.

Кербендердин көчү өттү,

Кезинде ал бузулгус.

Уругуң ким, дайның ким?

Урааның ким, атың ким?

Жалындуу өмүр өтөгөн,

Жашоодогу даңкың ким?

Түбүбүз эми бек болсун,

Түктүү жер өзү колдосун!

Байыркылар бар болсун,

Бабалар өзү жар болсун!

Көөнөрбөс кылып жараткан

Көкө Теңир колдосун!

Берешен тагдыр жылоолоп,

Бек эл оңой журт эмес.

Көөнөрбөс тарых жараткан,

Көңдөй өңөй жер эмес.

Баястандын уулдары,

Беккулу уулун жыйнаган.