–Келиңиз аба,– деп төр жактан орун бошото ылдый отурду. Карамырза аялына белги берди эле ал чөөгүнү көтөрүп, улуу кишинин колуна суу куюп, суу жоолукту карматты. Кайнагасы келинин алкай:
–Кагылайын балам, теңирим тилегиңди берсин, башыңы бакыт жылоолосун,-деди.
Аял дасторконду кеңейтип, кийиктин эти бар табакты эки бир туугандын алдына койду. Чарада жайлы-жайлай семирген кайберендин эти бар эле. Ага-ини тамакты ырахаттанып жеп, жай сүйлөшүп отурушту. Алар аба ырайы, калмактардын келип-кеткенин, Нарын суусунун тартылганын, жырткыч бөрүлөрдүн айылга жакын келгенин аңгемелешти. Оттоок издеген кийиктер кайда ооганын, азыр кайсы жерде чөп калың экенин жоромолдошту. Жакшы эттен кийин бир чыныдай чай ичишип анан күзгү кымыздан жутушту. Сөздүн аягында Карамырза жоон үнү менен төмөндөгүдөй ойду баяндады:
– Ала Мышык тоосуна баралы ал жактын чөбү калың күз мезгилинде кийиктер ошол жакка ооп кетти. Кайберендер бара-бара Кум Белди ашып Ак Кайкыны өрдөп Ичке Төргө жыла электе бир нерсе атып алалы деп кеңешти.
Асанмырза кара мурутун сылай башындагы тебетейин жерге коюп:
– Мейли ошол жакка баралы, кудайга жалынып ак бараңга окту уралы,– деп жай сүйлөп жооп берди.
Эки бир тууган сөздү бүтүрүп эртеси аңга чыкмай болушту. Мергенчилер эч жакка чыкпай үйлөрүндө отуруп жумуштарына камылга көрүп жатышты. Экөө тең жаштайынан чечекейди жара аткан атактуу аңчылардан эле. Алардын таякелери аңчылыкка шыктуу болгон. Кебетесм бул жөндөмдүүлүк аларга ошол тараптан оошкон шекилденет. Эртеси эрте туруп, аттарды токуй артмагына азык салып, таң агарып кулан өөк тартканда аңчылар тоого жөнөп калышты. Эки атчан жолдо сербейишип, Ала Мышык тоосуна карай кетип баратышкан. Алар бул жерге далай мертебе келген. Ошол жолдо олжолуу күндөрүн бактылуулук менен эскерип баратышты. Ушул тоонун кайберендери булардан чочулашып башка жактарга кетебиз деп дүбүрт таштап турушту. Эл арасында мындай деген сөздөр тарап кетти «Аңчылар улуу тоонун кайберендерин дайны жок көп атып, жиберишти. Аларды кысталыш кезде атса болбойбу, дайны жок жогото берсе, Теңир Тоолорубуз кайберенсиз калбайбы» деп кайгырышты. Алар баратышкан тарап итабар өр эле. Жайлы-жайлай эркин тоонун чөбүн жеп семирген жылкылар өргө карай братып бат эле күшүлдөп-бышылдап калышты.
Тоонун ийри-муйру жолу таштак келип, өр, бурулуштар алдыдан жолуга берди. Мергенчилер бийикке көтөрүлүп тоонун үстүндгү тектирге чыга келишти.Эртең менентен эле күн бүркөө болуп, ала булут калыңдап тоо жактан ылдый карай жылып, бат эле күзгү жамгырдын сабалай төгүп келиши, мергенчилерди шаштырып салды. Алардын кийими жети кабатынан бери суу болуп, чыдай албай калышты. Күз күнүнүн жамгыры экөөнүн шайын кетирип, Карамырза агасына:
– Аба, бир жерге жашынбасак болбой калды. Киймибиз суу болуп шөмтүрөдүк.
Алар тоодо өсүп ысылы-суука чыдамдуу адамдардан эле. Ат тизгинин бош коё берип абай-сабай катуу келатышты.
Асанмырза Карамырзага жакка эңкейе:
– Кудай буюрса, Ала Мышык тоосуна жакындадык. Тетиги бадалы аркайган таштын ар жагында чоң кара үңкүр бар. Ошого баралы,-деди. Суу болгон ага-ини аттарын шөмүрөңдөтө желдире үңкүрдү көздөй чаап баратышты. Экөө унааларынын чылбырын бадалга байлап, шашып-буша үңкүрдүн ичине кирип келишти. Үңкүрдүн ичи отуз-кырк кой батчудай кенен экен. Киргендер үңкүрдүн төр жагын элейе карап калышты. Ошол жакта көңүлүн өзүнө бурдуруп бир кыз отурат. Үңкүрдүн ичи ачык жашыл нурга толуп, жашоонун, өлбөстүктүн элесин берип тургансыйт. Тээ арыда кайберендин улактары кепшеп, айрамдары уктап жатат. Улактардан бери кичинекей ысык булак шылдырт чачып агып жатат. Ошонун илебиби үңкүрдүн ичи күкүрт жыттанып өтө жылуу. Периште жылмая эки бир тууганды карап: «Келгиле дегендей»– башын ийкеп койду. Андан берде кайберендин, бирде кыздын бирде элечекчен эненин элеси тартылып турду. Элес бирде көрүнсө, бирде көрүнбөй калып жатты. Кыз туруп кийиктин туягына жолочуларга айран куйуп берди. Аш өтө ширин укмуш даамдуу эле. Алар берилип ичип жатты бирок түгөнөөр эмес. Мергенчилер кызга ыраазылык билдирди.
Асанмырза өткөн байыркы санжыраны, болумуштарды жатка билген куйма кулак адам болчу. Орозбакты карыя байыркы ата-бабанын уламасын ар дайыма айтып береер эле. Ал балдарына кайрылып калчу:
– Менин силерге калтыраар эч текем жок, болгону ата-бабанын санжырасын айтып берем, аны силер эсиңерге бекем тутуп калгыла,– деп анан улуу сөздөн баян козгоочу.