Выбрать главу

– Кагылайын Теңирим! Улуу жаратканым! Кыргыз алакандай эле элбиз, айлнабызды душмандар курчап турат. Ушундай капсалаңдуу күндө журтубуз аман-эсен болгой эле. Душман колунан жок болуп, дайынсыз чачылып кетпесек экен. Акыл салаар, эл башкараар адамдарыбыз көп болсо экен. Башыбызга баш кошулуп, алыскы журттар менен дос болуп, элибиз азап тартып, кыргын сүргүндө калбаса экен. Мекен туткан Теңир Тообуздан кетпесек экен. Байыркы бабалардын алтындай сөзү бар: «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт»,-дейт.– Кагылайын туугандар мына ошону эске алып бата кылып койгула!– деди карыянын сөзүн угуп, баардыгы кол жайып бата кылышты. Отургандар кайта дөңгө келишти. Алар ата-бабалардын өтүп кеткен санжырасынан кеп козгоп узак аңгеме дүкөнгө киришти. Баарынын оюу чогулуп, бир бүдөмүктүү нерсеге такалды, бир даары ошону сүйлөй албай тунжурашты. Теңир Тоодон келген кызды кимге ыйгарабыз?

Сөздү Арыкмырза алып:

– Эми мергенчилер алып келген кызды кимге ыроолойбуз, кыз экен бойго жетип калыптыр. Биздин Кылжыр атанын тукумунун бирөөнө ыйгаралы тоодон табылган пенде умай эне колдоп, ак элечектүү элге-журтка байымдуу эне, бала-чакалуу болсо болду.

Ал бир аз тыным алды да:

Ырахматы болгур, Мырзакул иним өмүрдүн ырахатын көрбөй тиги дүйнөгө жаш кетти. Анын эрте кеткени менин дагы азаптуу күйүтүм болуп саналат. Анын уулдары Алсейит менен Тынымсейит жерден боорун көтөрүп тың чыгып, келатат. Жаратканым ошол оюмду бекемдесин. Алсейиттин үйлөнгөн теги анчейин болуп, чекебизди жылыта албады, айланайын туугандар мен десеңер Теңир тоолук кайыптан табылган кызды Алсейитке ыйгаралы. Ошонун башына баш, малына мал кошулсун, сүйлөп жаткан адам көзүнүн кыйыгы менен аңчы инилери Асанмырза менен Карамырзаны карады. Алар эмнегендир жактырышпаган таризде турганын сезди. Таап алган олжосун Алсейитке ыйгаргысы келбей турушкан эле. Арыкмырза эки инисинин көзүн тике карап, силердин олжо тапкан акыңарга мен карышкырга алдырбас, камчы салдырбас айгыр Ак желгени үйрү менен кармап берем,– деди.

Эки мерген бул сөздү угуп, өңүнөн кубанычтары жана түштү. Аңчылык менен алышып жүрүп, аларда камбар ата тукуму такыр эле аз болчу. Суусар тебетейин башынан алып оңдой кийип Асанмырза сүйлөдү анын тоо суугунун ысылы суугунда жүргөндүктөн кашка тиштери түшүп, суук тийип жүдөп жүргөн эле:

– Мейли агабыз эле айткандай болсун. Алсейит биздин да уулубуз болот. Ошол кургурдун бактысы ачылсын,-деди чын ыкласынан Арыкмырза Алсеитке:

– Алсейит балам бактың ачылсын кайберендин кызына үйлөнүп жатасың эми оордуңдан туруп ата салты боюнча камылгаңды көрүп, бобу карыялардан эл – журттан бата ал,-деди ырайымдуу карап Мырзакулдун баласы Алсейит жаштайынан атасынан эрте ажырап, жок- барга кабылып, анын үстүнө алган жары анчейин чыгып, ысылы- суукту көрүп, бир топ чырак өсүп келаткан эле. Байыркы бабалардын каада салтын билип, адамдын ички сырын көз карашын айттырбай туюп турчу. Журт башкараарга да жөндөмдүү жактары бар болчу. Мындай кезде жоо ирегеде турганда эл башкаруу деле азаптуу иш эмеспи Алсейит оордунан туруп:

– Ырахмат аталар айтканыңар келсин, мен силер менен болоюн,-деп ийиле үйүн көздөй шашыла басып жөнөдү. Ошентип Арыкмырзанын айлында Алсейит кайберендин кызына үйлөнүп, той шаанисин кылып жатты. Шамдагай чабандеске күлүк аттарды мингизип алыс-жакын орун алган туугандарга, элдин урматтуу адамдарына кабар айттырып жатты. Паразаттуу эл башкарган адамдар келип, тамак жеп бата берип, кетип жатышты. Алсейит кайберен кызга үйлөнгөндөн кийин анын үйүндө адамдар үзүлгөн жок. Ошондон баштап Алсейиттин башына- баш, малына-мал кошула баштады. Акылман ургаачы Алсейиттин ишин астыга жылдырып жатты. Аял эркектин оюу бир жерден чыкса иш оңолот эмеспи. Эл тынч жашап калмактар менен алака түзүп, эки журттун ортосунда аз да болсо ынтымак куралып, кооптуу дүрбөлөң азая баштады. Анан иштин баары жайында болуп, убакыт көзгө илешпей зымырай закым жасап өтүп жатты.Теңир Тоолук кыргыздар Алсейитти бий кылып шайлап алды. Ал акыл билги адамдын ич койнуна тез кирип кетип, пенденин ички сырын айттырбай түшүнчү. Кылжыр ата сыяктуу боюу бийик денеси тарамыштуу келип, тулкусуна кут уютуп койгондой баатыр сымал адам болгон. Байыртадан бери кыргыз эли баатырдык менен сыймыктанып келген эл эмеспи. Жоо капталдан күч алып турганда өздөрүн-өздөрү коргобосо ким коргомок эле. Мындай кезде элди башкарганга акылман адам керек болот турбайбы. Бирок кыргыздын аягы тиги Алай тоолорунда, түндүгү казак чөлүнө чейин чачкын болуп, бири-бирине ыраак катташпай биримдиги жок болуп жатпайбы. Келечекти ойлогон Алсейит бий калмактар менен эриш аркак чатагы жок жашоону самады. Жээ элдин ынтымакка бириктирип күчтөнтүп алууну каалады. «Кара курттай жайнаган кытайлар менен калмактар каптап кетсе элибиз чоң бүлгүнгө түшүп тагдырыбыз эмне болот. Тукумсуз калабызбы – деп санаа чегет. Ошол үчүн калмактын тайшысы эмнени буюрса ошону аткарып турабыз. Анан элибиздин амандыгын сактайбыз, жоо болуп эч кимге катылбайбыз -дейт. Абалтадан бери Теңир Тоону мекендеп келген элибиз бир-бирибизге тең ата журтпуз»– деп үнүн көтөрө сүйлөп калмак тайшысынын алдына сыпайлыгын салып анча башын ийген эмес. Калмак тайшысы да атам замандан бери кыргыздар менен коңшу келгенин эстеп, буруттар аттарын куюндата шамдагай баатыр чалыш келеерин жана мыкты эркекери бар экенин сезчү. Алар менен кармашуу жакшы натыйжа бербестигин туюп кыргыз журту менен тынчтыкта жашоону алар да самады.