Ыйык эне менен адамдардын ортосунда жалгашкын кайберен эненин биз билбеген касиеттүү жактары арбын эмес беле. Ошондо Алсейит ата бул сөзгө анчейин маани берген эмес. Өмүрүнүн акырына чейин ошол жаңылыштыгын көп эстеп далай арманданчу, балким энеге сук артпаса алардын тукуму мындан дагы арбын болуп, акылман уул кыздары көп чыгып, эл башкарып, калың журттун эгеси болчу аалымдары да арбын болот беле ким билет? Кыргыздардын бири-бирине көрө албастыгы тээ алмустактан бери келаткан илеешчек дарт эмеспи. Эки мерген таап келген кайып кыз Алсейитке турмушка чыгып ошону менен анын зоболосу көтөрүлүп кеткен экен. Эки аңчы дайыма ошого көрө албастык, ач көздүк кылып келген. Алсейит ата бул абалды билип турса да, айкөлдүк кылып аларга эч жамандык кылган эмес.
Мезгил өтө кыш артта калып, күн жылымыктап улуу тоолордун кары кетип, жаадыраган жаз жылмайды. Тоонун жылуулугу менен текеден чыккан Теңир Тоонун эчкилери улактап, жан-жаныбарлар кыштан аман-эсен чыгып, жазгы жашоого кам ура башташты. Ал мезгилде деле Асанмырза менен Арыкмырза баягы аңчылык өнөрүн улантып жатышты. Текелерин атса бир жөн эле курсагындагы улагы бар эчкилерди атып жатышты. Алардын көтөрүм болгон этин майга аралаштырып куурдак кылып жеп жатышты.
Кайыптан бүткөн эне мергенчилерди карап:
– Абалар, эчкилер улактаар мезгилде байкуштарды атпагыла, силерге да, аларга да убал болот,-деди сылыктык менен.
–Бизге буйрук бергендей сен ким элең, тентип таштардын арасында жүргөн кезиңде адам кылалы ,– деп сени быякка алып келбедик беле,– деп акырая карады. Кыяр мергенчилерди эне сыйлоочу байкап көрсө, алардын ичинде жүргөн кастыгы бар экен. «Түшүнбөгөн кем акылдарга кайдан да айттым эле»– деп ойлоду. Бирок эркин тоонун кайберендерин күнөөсүз өлтүрүп жатпайбы. Ургаачы бул сөздү угуп денесин калтырак басты:
– Мейлиңер өзүңөр билгиле силерди урматтоочу элек бирок мага акараат келтирбегиле. Анын өзү жаман болот,– деп эскертүү иретинде айтты.
Эки бир тууган энени карап сен ким элең дегендей мазактап күлүштү. Бул күлкү эненин жүрөгүн аралап замансы куурулуп турду.
***
Тоонун адамдары өз турмушун өтөп жатты. Алар бийик тоодон түзөңдөп, шамал тийбеген ыктоо жерге кыштамай болушту. Баягыдай эле эки мерген жапайы кайберендерди ылгабай ата берди. Аңчылар көп кол салып ийгендиктен Теңир Тоонун эркин малы башка жактарга ооп кетип жатышты. Мүйүздүү эне күндө чыккан мылтык үнүн угуп айыпсыз атылган кайберендердин тукумун аяды. Кээде жаш төгүп ыйлап да алчу эле. Жаратылыш эне менен адам эненин жаралган жери бир эмеспи.
Эки бир тууган мүйүздүү энеге атаандаштыбы, аңчылыкты такыр токтоткон жок. Ала-шала кайберенди атып келе беришти. Алардын жоругу башка адамдардын иренжите баштады. Бирок аңчыларга «Бул жаман иштерди токтоткула, кайберендердин каргыш-илкиши болот жана кудайы колдоочусу бар» деп, эч ким айта албады. Анткени эки мерген тең кырс улуу-кичүүгө карабай адам задисинин көңүлүн калтырып койчу. Бир күнү мүйүздүү эне Карамырза менен Асанмырза отурган өргөөгө баратса боз үйдүн бери түшө калышында, аркар-кулжа кийиктердин баштары, мүйүздөрү аркайып-каркайып жаткан экен. Алар от жаккан күл менен аралашып калыптыр. Ошондо мүйүздүү эне катуу иренжип каргаган
экен. Бул каргыш Карамырза менен Асанмырзага карай айтылыптыр дешет. «Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе, күзгө жетпесин» деген экен. Эненин оозунан айтылган сөз жаза кетпейт эмеспи, санжырада бул эки бир туугандын беркилерге караганда тукуму аз болуп калган дешет.
Тоого көп чыгып, ден соолгунун бузулганынанбы кийинки учурда Карамырзанын башы айланып мурдунан кан көп кетчү болду. Ал эмес суук тийип, Асанмырзанын буту оорулуу болуп калды.
***
Бийик аскасы бар Нарын тоолору. Тоо башындагы карлар эрип өзөн-сайлар ташкындап кирип жаткан учурлары эле. Катуу кирген суудан ээрдей болгон кара таштар ала-сала агып кетип жатты.
Ушул күндөрдүн биринде тээ Көтур Төрдүн түшө калышындагы конгон айылдардан алты мерген аңга чыкмай болушту.
Мерген башчысы Карамырза айтып калды:
– Буюрса тоонун аркар-кулжа, кийиктери кара эти толуп майы алып калышты, атып келип, куурдак кууруп жей берели.
Анын сөзүн берки мергендер жиреп кетишти:
– Анда эмесе ошондой кылалы, ансыз деле бекер отуруп, кымызды иче берип зеригип кеттик.