– Баса чын эле үй кайтаргандай биз бала белек, эртең эле аңчылыкка чыгабыз.
– Карамырза агабыз бизди баштап чыкса эле жолубуз болот.
– Ал биздин атактуу мергенибиз, ал эмнелерди гана атпады.
–Абабыз кийиктин оттогун жакшы билет. Ар бир мезгилде кийиктердин кайда кеткенин жаңылбай айтып берет.
– Анын алдынан эч бир кийик аман качып кутулган эмес.
– Ал бир атканда жыйырмага жакын кийикти аткан күндөрү болгон.
– Карамырза агабыз ылгабай эле ата берет. Бир жолу жаш он улакты атып келиптир.
– Атса эмне экен улактын эти жумшак болот, куурдак кууруп, артынан кымыз ичип алсаң жыргап эле калбайсыңбы.
Анын сөзүнө баардык мергендер жыргап күлүп калышты.
Ошонун эртеси эле түзөңдөгү адамдар ок дары мылтыгын белендеп, аңчылыкка даярдана башташты. Аңчылыкты Карамырза мерген баштап чыкмай болду.
Анчылыкка чыгаар түнү мерген бир жаман түш көрдү. Ошол түштү аялына айтты эле:
– Аңчылыкты таштасаңчы, тоого баса албай карып деле калдың,-деди.
Бирок мерген аялынын айткан сөзүнө мойнобой койду. Аны бийик тоонун семиз аркар, кулжалары чакырып туруп алды. Алардан мурун кайберендердин куурдагын жеп, артынан кымыз ичкиси келип туруп алган эле…
***
Ошол ак кар баскан улуу тоодо кайберендердин тобу бар эле. Бул топту Аксак кулжа башкарып жүрчү. Баардык кайберендер ошого баш ийчү. Аксак кулжа өтө сак болуп, кароолду абдан мыктап коёр эле. Антпесе болбойт ар бир кайберен өз алдынча кете берсе ит-кушка же адамдарга жем болгон жатпайбы. Аксак бул жердеги мергендердин баардыгын билчү. Ал үчүн өтө коркунучтуу аңчылардан болуп, ушул Кара мерген аталган. Кайберен «Кара мерген»– деп Карамырзаны атап жатат. Анан дагы «Бүкүр» мерген деген бар ал ар дайым бүкүрөйүп басат. Ошондуктан аны ошондой атап алган. Ал ар дайыма аңчылыкка беш-алты киши жана айдооч тайгандары ээрчитип чыгат. Андан кутулуу оңой эмес. Ал «Бүкүр» далай кайберендин башын жайлаган. Аксак кулжа үчүн ушул мезгил өтө кооптуу, мергенчилер бул убакытта биринин артынан бири келип, тоонун кайберендерин атып кете беришет. Ошол үчүн өтө сак болуш керек. Аксак кулжа алар келатса, кайберендердин тобун ээрчитип, адамдар жетпеген аскаларга чыгып кете берет. Ал көп жолу ошондой кылып, үйүрдү аман сактап калган. Бирок аңчылар да акылдуу алар өтө жашыруун жол менен келип кайберендерге кол салып жүрөт. Аксак кулжа ар дайыма эки чебич, же эки улактан кароол дайындайт. Аларга ишенбей ар дайыма өзү көз салып турат. Кайберендерде ар бир топ өзүнчө жүрөт. Антпей баары чогуу жүрсө ит-кушка оңой жем болмок. Аксак кулжанын тобу башкаларга кошулбай өзүнчө бөлөк жайылат.
Мына сонун жайдын убагы жердин чөбү жакшы жетилип, күчүнө келген чагы. Ар бир жандык «Жашаң чөптөн жеп эт алып алайын»– дейт.
Ушул кезде Котур Төрдүн башындагы тайпаң бетте Аксак кулжанын тобу жашаң чөптө оттоп жатты. Эки чебич бийик таштын үстүнө чыгып кароолдо турат. Эч нерсе көрүнбөйт. Алар өтө сак. Караан болсо эле коркунучтуу маарап кабар берет. Белгини уккан кайберендер качып жоголот.
Чөпкө тойгон аттарды минип, мылтыктарын асынып, Карамырза мергендин тобу келатты. Ал Котур Төрдө кайберендердин оттоп жатканын билип, аларды үркүтпөй үч топко бөлүнүп, туш-туштан курчап мылтыктарын атмай болушту. Кексе мерген өмүр боюу аңга чыгып, кийиктердин сырын жатка билип алган эле.
Кароолдо эки улак турган эле алар сүзүшө кетип, алаксып ойноп жатып алды. Ушул кезде мергенчилер чукул өңүп, кайберендерге жакындап келди. Эки жигит тайгандарын жетелеп, жыт алдырбай, чыгыш жагынан чыгып, кийиктерди үркүтмөк. Үрккөн кайберендер жардын алдындагы чубамадан өтүп, бийик аскага карай чыга качмак. Ушул кезде тайгандар кийиктерди кууп калды, алар түндүккө карай тараша карай бой урду. Ал жерде жашынып жаткан мергендер келе жаткан кийиктерди атып кирип, бир топ жаныбар өлүмгө учурады. Кайберендер ал жерден качып, чыгыштагы аскаларга чыгып кетүүгө аракет кылып, чубамага жакындап анан аскага карай жармашып, андан ары кутулуп кетмек. Чубамада бир бала мерген менен Карамырза турган. Кайберендер жакындап келгенде экөө атып киришти. Баланын мылтыгы от албай койду. Карамырза атып жатып, бир топ кийикти кулатты. Акыры огу түгөнүп калды окшойт, ата албай калды. Бирок бир огу бар экен жакындап калган Аксак кулжаны көрүп, аны атууга камынды. Мерген бир ок менен жаныбарды атты. Жаныбар Карамырзаны тике карап кыймылдабай туруп берди. Ок анын оң капталынан терисин каарып өттү. Кайберен мергендин огу түгөнүп калганын сезди окшойт, тике эле адамга карай каршы барып, анын жанынан өтүп аскага карай чу коймок. Ушул кезде Карамырза мүйүздүү кулжанын түз эле өзүн карай келатканына таң калып, бир эсе сестенип, бир эсе таң калып, мылтык менен кайберенди башка чаап жарадар кылмак болду. Кулжа каркайган мүйүздөрү менен мергенди качырып барып сүзүп калды. Мергендин көзүнөн от чагылышып, жаны оозуна келе түштү.