Ал ыргып барып жерге жатып калып, көзүнөн өт чагыла, бели бир нерсе болгондой сезилди. Мерген көптө барып эс алып, эмне болгонун байкабай калды. Өз ичинен таң кала «Ушундай да болобу»-деди. Арыда өзү аткан кайберендерди карады. Бир эки кийик чала жан болуп, анда санда кыймылдап коёт. Ал кайберендерди аяды. «Же тирүү эмес, же өлүү эмес жаткан экен. Бул кудайга жакпайт. Мерген турайын»,-деди тура албады. Белин бирөө сындырып кеткендей болду. «Белими ким сындырды?» тура албады. Ал эмгектеп барып, чөнтөгүнөн курч бычагын алып, бир кийикти мууздап кирди. Мерген аны араң дегенде мууздады. Курч бычак жүлүнгө тийгенде жаныбар бутун тыбыратып, жан талаша башы менен мергенди бир канча жолу түрттү. Аңчынын алы кетип, шайы ооп барып, араң дегенде жандыкты мууздады. Ал өзүнө таң калды «Эмне үчүн жаныбарга бата кылган жокмун, мен буларды көп атып каргышына калдым беле ия?»-деди. «Ошондой болду беле? Ошондой болгонго, канча жылдан бери аңчылык кылып келе жатам?. Балалык курактан бери жаныбарларды атып келе жатам. Канча жаныбарды өлтүрдүм, санаган эмесмин. А канчасын капкан, кылтак менен кармадым. Ошол жаныбарлардын убалы мени уктатпай жатабы? Колума курал тийсе эле жаныбарларды өлтүрүүгө киришем ушул жакшыбы? Эмне үчүн аксак кулжа мени сүздү, анын менде өчү бар беле ия? Мен канча кийикти аксак кылдым, көп эле жаныбарды аксак кылбадым беле? Бул канчанчысы?» Мергендин башына сан ойлор келип-кетип турду. Анын оюу кээде чар жайыт болуп жатты. Турайын деди тура албады. Кулжа мергенди катуу сүзгөн экен. Ошол үчүн тура албады. Бирок ыйынып-ышкынып атып араң турду. Ары-бери басты такыр алы жок. «Ушундай да болобу, жаратканым мага эмне жазаны буйруп жатат». Анын колу, чепкени баары кан болуптур. Ал кан болгон кебетесин көрүп, өзү коркуп кетти. Кимдир бирөө менен бычакташкан сыяктуу болуп калыптыр. «Мен ким менен бычакташтым, адам мененби, жок кайберендер менен. Кайберендер ыйык канын мага сыйпап кеткен тура. Бул эмне? Биздин канга забын болдуң дегениби ия? Же канга кан деп жатабы? Ошондой болуптур. Белге сүзүп, омурткамы да оордунан козголткон окшойт. Белим күч бербесе баса албай адам болбой жетелетип калам го?» Ал кан болгон денесин жууганга сууну карай араң кадам шилтеп баратты. Аркар сүзгөн жери ачышып ооруп, жаны көзгө көрүнүп жатты. Дагы бир жыйырма кадам басса эле, сууга жетип кан болгон жерин жууп, суу ичип тыңып калмак. Бирок андай болгон жок. Ал илең-салаң басып баратып, анан чоң эки таштын ортосунда шиберлүү жерди көрүп, ошол жерге эс алыш үчүн отура кетти. Отура кетти да, эс алыш үчүн жантая жата кетти. Шиберлүү жерден ары аюу казган ийинди көрүп, мерген сойлоп отуруп ошого кирип кетти. Эс алыш үчүн көзүн жуумп, ошол бойдон кыйналган неме терең уйкуга кетти. Берки мергендер үн салып, Карамырзаны издеп жүрүштү бирок эмнегендир аны эч жерден таба алган жок. Анын аткан кийиктерин жана мууздалган жаныбарды баарын жада калса минген атын да тапты, бирок өзүн таба алган жок. Такыр таба албай койгондо «Карамырза аба кайдасың?» -деп кыйкырып, айлананы жаңыртып издеп жүрүштү. Эч бир дабыш жок кайда житип кеткени билинбейт. Айланадагы таш, коргулдардын баарын тинтип карап чыгышты. Бирок таба алышпады. Эмне болгону белгисиз. Бийик тоону иңир аралап түн кирип келатты. Мергенчилер кийик эмес, бир тууган абасын таба албай айлалары кете баштады. « Балким жөө айылга кетип калдыбы?» деген божомолдо болушту. Бир адамды айылга чаптырып, өздөрү айланадан издей башташты. Бирок табылган жок. Айлалары кеткенде чоң таштын түбүнө отуруп эс алууга өтүштү. «Эки жактан Карамырза келип калабы»-деп шыбырт күтүштү, бирок эч шыбыш болбоду. Айылга кеткен адам баардыгына айтып чыкты. Бирок түн кирди, караңгы түндө алар эмне кылмак эле. Ошол түнү Карамырза мергендин үй- бүлөсү такыр тынсызданып чыгышты. Мерген кабарсыз эмне болду? Ызгаардуу күз түнүндө катуу суукка учурап калбаса экен? Айыл эртеңки таңдын атышын күттү. Каардуу кыш кирип келаткан күз убагы болчу. Тарапка небак суук түшүп, жер тоңо баштап, суунун үстүнө катмар-катмар муз каптап калган.
Эртеси жерге жарык төгүлүп, таң куланөөк атты. Эркектер атчан, жөөлү мергенди издөөгө чыгышты. Ошондо Карамырзанын бой жетип калган баласына Мүйүздүү эне келип айтып турду.
– Абабыз эки жарык таштын ортосундагы аюунун үңкүрүндө жатат, аны ошол жерден таап аласыңар,-деген божомолду кобурады.
Адамдар ашыгыша жөнөп кетти. Алар жолдон дагы мергенди издеп кетип баратышты. Атчандар Котур Төргө бат эле жетип аңчыны издеп киришти. Ыйык эне айткандай аңчы чоң жарык таштын ортосундагы аюунун үңкүрүнөн табылды. Карамырзанын денеси өтө коркунучтуу болуп калган эле. Алды жагы бүт кан. Көргөн адамдар ойлонушту: «Бир жандык менен кармашкан окшойт»-деп. Денесин чечип көрүшсө баары аман эч жеринде шек жок. Анан эмне үчүн кан? Мууздалган кийикти көрүп, ошонун каны чачыраганын билишти. Мерген такыр тил оозсуз эле. Аны атка өңөрүп айылга алып келишип, чечиндирин башы -колу жууп ысык төшөккө жаткырышты. Эмчи-домчулар мергендин тамырын кармап көрүп, «Алы кетип калыптыр, көзүн ачсын»-дешти. Мерген эки күндөн кийин араң көзүн ачып, үл-бүлдөгөн жарык дүйнөнү көрүп, бирок тил-оозсуз жатты. Мерген көзүн ачканда Эмчи эне айтты: