– Кагылайын Карамыза бизди коркутпай көзүңү ачсаң, эмне апаатка кабылдың баарын айтып берсең боло!
Мерген кубанычтуу эки жакты карап, анан кайра көзүн жуумп уйкуга кетип жатты. Адамдар «Жакшы эс алсын анан деле эмне болгонун айтып берет»– дешти. Уктап жатып эки жолу: «Аксак кулжа келатат, сүзөт»-деп кыйкырып жиберди. Жанындагы адамдар таң калды. Алар окуя аксак кулжа менен байланыштуу экенин сезишти. Аялдар ыйык Мүйүздүү энеге кайрылышты. Ал айтты: «Жаратканым ата-бабанын арбагы колдоптур же болбосо, зыян болуп калмак экен. Ал мергендин белин сыйпалап кармап көрүп: Кайберен белге сүзүптүр, омурткаларга зак кетиптир, жакшылап эс алсын анан дары сыйпап айыктырабыз»,-деди. Көзү ачык эне окуянын эмне болгонун бат эле билип койду.
Карамырза эки күндөн кийин эсине толук келип, уйку-соонун ортосунда өткөн бир элести эстеп, эмне окуя болгонун баарын сыдыргыга салып жатты.
Анда эң сонун жайдын күнү болчу. Жээрде атын минип, мылтыгын асынып, Котур Төргө аңчылыкка чыккан. Сорок Таштын түбүнө жашынып, кайберендерди аңдып жатты. Кайберендер эчтекеден капары жок Сорок Ташка жакындап жайыла баштады. Ошондо мерген удама-удаа мылтык атып эки аркарды кулатты. Үчүнчүсү мүйүздүү чоң кулжаны атты эле, ага ок бутуна тийип, жарадар болуп аксаңдап кетти. Мерген эми эсине толук салып, ошондогу чолок кайберен ушул кулжа экенин эстей койду. « Жарыктык эстүү кекчил жаныбар мени унутпай эстеп калган экен, канча кылса да менден өчүн алайын дептир. Алды окшойт»– ооруган жерин эстеп онтоп жиберди.
Ал жанындагыларга эмне окуя болгонун баарын аныктап айтып берди. Аны бугу эне белине кыйтайдын кырма дарысын, түркүн чөптөрдү жана жаныбарлардын майын сыйпап жатып араң адам кылды. Мерген жарым ай болот дегенде оордунан туруп басып калды. Аркар сүзгөндө белине катуу зак кетиптир, омурткалары жылышып кеткенби ким билет. Андан кийин ал чоң аңчылыкка чыга албай калды. Эки жакка көп баспай үйүн эле айланып калды. Ошол оорунун залдарыбы ооруп жүрүп, төрт-беш жылдан кийин бул жашоону таштап тиги дүйнөгө узап кете берди.
***
Күндөр тынымсыз өтүп жатты. Кайберен эненин боюна бүтүп талгак боло баштады. Болгондо да кайберендин сүтүнө. Ал башка жандыктардын сүтүн ичип көрдү бирок талгагы жазылбады. Ошол өтүнүчүн Алсейит бийге кобурады. Бий ары бир ойлонуп, бери бир ойлонуп, «Канча кылса да, кайберендин тукуму эмес беле, ошондуктан жердигин тартып, өз энесинин сүтүн самап жатса керек» деген тыянакка келди.
Бир күнү Арыкмырзага байбичеси кайрылды:
Байым биздин мүйүздүү келинибиз кайберендин сүтүнө талгак болгон шекилдүү. Ургаачы кийик атсаң, терисин сыйырбай төшү менен алып келип бере көр. Сүтүн эмсин байкуштун бир сообуна жара,-дептир.
Арыкмырза кезинде көзгө атаар мерген болгон экен. Бирок инилери менен мылтык талашып сороктоп жарышпайын,-деп куралды таштап койгон. Ал бекем жерге катып койгон мылтыгын алып, басыгы жеңил Тору атын минип, кичинекей кол чанач кымызды канжыгага байлап, эки жигит менен күлүк тайганды ээрчитип улуу тоого жөнөп калды. Убакыт көп өткөн жок, салаңдаган карды жарык асканын оң жагындагы кара корумда топ кийик жуушап жаткан экен. Мергендер шамалы жок тарап менен эч шыбыш бидирбей, кайберендерге өңүп жакындайт. Айдоочу болуп тайганды ээрчитип эки жигит кеткен эле. Алар кийиктерге улам жакындап үркүтө шыбыш берди. Адамдын шыбыртын алган кайберендер дыр коюп Асанмырза тарапка үркүй качты. Мерген эчак эле мылтыгын белендеп кайберендерди атканга даярданып турган. Эч нерседен капары жок жаныбарлар мойноктон чубуруп өтө баштады. Аңчы аңдып отуруп улагы чоңоюп калган кийикти атты. Ок жаныбардын төшүнө тийген окшойт оңко-чоңкосунан барып кулап жыгылды. Улагы жыгылган энесин карап бир-эки жолу маарап алды да, качкан кийиктердин артынан узай жөнөдү. Арыкмырза кайберендин тулкусун атка артып жөнөп, аны бүтүндөй Алсейиттин үйүнө түшүргөн экен.
Эне чын көңүлүнөн ыраазы болуп:
–Тукумуңар көбөйүп, конушуңар көктөсүн ылайым жамандыкты көрбөсүн,-деп жакшы батасын берген экен.