– Шүмшүк бурут Алсейит мени сызга отургузуп, качып кеткен экен ээ мүйүздүү катын колума тийбей калган окшойт,– деп катуу өкүндү. Мас болуп жаткан кароолчуларды сүйрөп барып эс алсын деп терең орго салдырып таштатты. Жини келген тайшы күлүк аттарды мингизип жигиттерди куугунчу кылып жибеди. Колго тийсе көк ала кылбай аман алып келгиле, алардын жазасын өзүм берем,– деди. Куугунчулар күлүк аттарды мине иттерди абалата, туяктар дүбүрт таштай тапырата чаап кетишти. Ал эми эки жакка көп чыгып жүргөн жол оңутун билген куугунчу келеерине шекшинген кексе Алсейит бий түз жолго салбай тескери багытка баштап аларды амал менен буйтай эчак эле алыстап кеткен.
Калмак жигиттери буруттарды издеп ашуунун белине чейин чапкындап келип, кайра таппай үйлөрүнө кайтышты. Алар болгон абалды тайшыга айтты. Кымызга тойгон тайшы:
– Атаңдын көрү ит бурут түлкүдөй көз жазгырып, алдап кетти ээ,– деп эчтеке болбогондой жоон курсагын сылап карс-карс күлүп кала берди.
Ошондон кийин ала-сала көп убакыт өттү. Дайралар далай ирет ташкындап, далай ирет суу үстүн муз басып, бошоно керемет үнүн алыска угузуп жатты.Түлкүлөр ийнинен чыгып эчен жолу түлөп, далай жолу кар басышты.
Чагылгандар жарк-журк эте асманды жара аскаларды көзөп жатышты.
Жамандыр-жакшыдыр Теңир Тоонун кыргыздары өз турмушун өткөрүүдө. Албетте калмак менен кыргыздардын ортосунда кабалаңдуу көңүл чөгөргөн көп эле окуялар болду дечи. Аларды биз кийинки санжыраларда баян кылып айтаарбыз. Бул баянда бугу эненин кайып болуп кетиши жөнүндө уламада айтылган кептерге кайрылалы. Албетте бул улама ушундай болду беле, же башкачабы ким билет? Андан бери оболоп учкан куштай далай кылым өтүптүр. Жээ көргөн киши жок же кагазга калем менен чийип жазган адам жок. Атаңдын көрү дүйнө бок. Бирок эл оозунда ушундай болгон деп улама болуп айтылып келатат. Эгерде эл арасында айтылса анын чындык жагы деле бардыр.
Көбү төгүн көбү чын
Көрүп келген киши жок.
Жармы төгүн жармы чын,
Жазып калган киши жок.
Улуу китепте ушундай ыр жазылган.
Жазуу буйрук экен Мүйүздүү эненин тагдыры Кылжыр атанын тукумдары менен тыгыз байланышып калбадыбы. Жашоонун жыргалы менен азабын паразаттуу Орозбакты атанын укум-тукумдары менен бирге көрүп жатты.Турмушта адамдардын башына кандай күндөр, кандай тагдыр келип -кетпейт. Жакшылык да жамандык да өтүп, акыры бу жарыкчылыктан кайтып кетеер мезгил келет турбайбы. Баардыгы күлүк мезгил менен жамырап кошо келип-кетип жатты.
***
Ата менен эненин башынан биз айткандай ала-сала ар кандай окуялар жылып өтүп жатты. Эне атактуу Алейит атанын тукумун улап андан кийин жарыша небере-чөбүрөлүү болду.
Ошол жылы мыйзамдын гүлү учуп, мезгил күзгө таяп калган маалы эле. Баса жыл маалы баягы мүйүздүү эне келин болуп келген учуру болучу. Ошол күндөрдүн биринде энени денеси салмактанып төшөк таянып жатып калды. Жээ карылыкпы, жээ келген оорубу же тагдырдын жазмышыбы ким билет? Сыркоо адамдын айылдын кемпир-чалдары кирип-чыгып, ден соолугун сурап-көрүп, билип жатышты. Анан кантмек эле журттун тоодой-таштай энеси акыл салаар касиеттүү пендеси ооруп жатса, алар кыйгачтап өтүп кетмек беле. Анын оорусу улам күчөп, күч ала берди. Эне Жамангул, Бапа балдарын анан жакын көргөн санаалаштарын жанына чакыртып алды. Баардыгы касиеттүү энени аяп,-Эмне дээр,– экен деп анын айткан сөздөрүнө кулак буруп турушту. Эне боз үйдүн капшытына төшөк таянып жатат. Анын тегерегинде келин, кыздары неберелери отурушат. Төрдө Алсейит ата сакалын сылап санаада өтө ойлуу. Эненин оор абалын кайра оңоло албастыгын ушуну менен тиги дүйнөгө узаарын кыраакы карыя сезип жатат. Абышканын көз алдына эне менен бирге жашаган кайталангыс сонун мезгили жаа тартып келип-кетип турду. Ата унчукпайт анын баарын көз алдына чубуруп эстеп отурат. Ата ал күндөрдү кантип эстебейт. Алсейиттин кеңешчиси, акыл салаары, кеп айтаары, жардамчысы эмес беле. Эне отургандарды кыдырата карап келип, анын көзү Алсейитке барып токтоду:
– Байым, эми капа болбо тагдырдын жазмыш иши ушул экен. Жашоонун ачуу-татуусун нике кайып бир болуп өмүрүбүз кошулуп-шашылып өттү… Эмнегендир ичеер суум түгөнүп аяктап бараткандай болду…мынтип Жамангул, Бапа балдарың чачын ак аралап бой тартып, өзүң менен жарыша өмүр сүрүп келатышат. Жаныбыздагы калмактарга жем болбой өз күндөрүн өзү көрсө экен. Жанындагы улан, кыздарын бир сыйра көз жүгүртө карап:
– Балдарым, ынтымактуу болгула! Ички ынтымагыңар бузулса жоо чапкандан да жаман болосуңар. Мен силерге туу казык боло албайм. Жаратканым пендесин берип, кайра алмагы бар. Менин жаным узап кеткени жатат. Ирегеде калмактар бизге тынчтык бербей келатат. Ата-бабаларыбыз алар менен көптөн бери кармашууда. Менин атымы балдарым чакырып калаар. Силердин турагыңар ушул жер жана берекелүү көл аймагы болот. Эне кайратынан тайып кеттиби айтаар сөзүн билбей калгансыды. Анын сөзү башкаларга аянычтуу таасир бердиби эненин жанындагы жашык келиндеринин бирөө үн чыгарып ыйлап жиберди. Эне кайраттана колун көккө серпе: