Выбрать главу

Алтындан соккон дарбазам

Ачылаар да жабылаар.

Даанышман энем өттүбү,

Дарбазамы ким ачаар.

Күмүштөн соккон дарбазам

Күн нуру тийип чачыраар.

Күлүстөн энем өткөндө

Күндөйүм эми табылбаар.

Энекем, ак тактанын буту элең,

Ак сарай үйдүн куту элең.

Көк тактанын буту элең

Көк сарай үйдү куту элең.

Энекем, ак талдан уук коштоткон,

Ак сарай үйүн окшоткон.

Көк талдан уук коштоткон

Көк сарай үйүн окшоткон.

Энекем сен ыйык элең,

Ээнсиреп жалгыз калабыз.

«Бугу энекебиз тирүү»– деп

Атыңы биз чакырабыз.

Баардык камылга көрүлүп жатты. Алыс жакын жерлерге сөөк тамыр аяштарга «Мүйүздүү энебиз жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө узады»– деп чабармандар атын чапкылай кара терге түшүрүп, кабар айтып жүрүштү. Бул суук кабарды уккан пенделер «Адамдын төрөлмөгү бар экен, адамдын өлмөгү да бар экен, өмүр жалган, өлүм чын»– деп кайгырып топурак салганга даярдык көрүп, жатышты. Чабандестен жаңылык угуп эл келип жатты. Эненин коңшу турган калмактарга да кадыр-баркы бар экен аякка да чапкылап чабаган кетти. Анан кадырман адамдын кемпири өлүп жатса кабар айтылбай калабы. Энени эртең коёт деген күн жакындап келатты. Беленденген малы эчак союлуп, баардыгы шайма-шай болуп, калган. Эненин пейлиндей күн ачык болуп турду. Бул баягы ал айылга келин болуп келген күндөрдүн маалы эле. Күн кеч кирип түн жакындап келатты. Бийик тоолуу жерде түн бир топ эле суук болот эмеспи калың чепкен, тон кийген эркектер ата-бабанын расмиси боюнча сөөк күзөтүп турушту. Күн ачык туруп эле асманды булут басып, анан кичине кыламык кар себелей жаап, жумшак кебез булуттун арсынан ай калкылдап чыга келди. Бул күз айынын касиеттүү бейшембинин жумага өткөн түнү болчу. Ошол түнү кернейдин созолонгон үнүндөй болуп, калың токойдун арасынан бугунун коңур үнү угулган экен. Чыккан дабыш кимдир бирөөн чакырып жаткандай туюлду. Анан боз үйдөн арыда дөбөнүн оң капталынан дагы бир бугунун үнү ага жооп бергендей кошул-ташыл чыкты. Боз үйдү тегеректеп аңгемелешип отурган карыялар таң калышты. Бул чөлкөмдө бугу жок эле го. Алар башка жактарга үйүр тобу менен ооп кетпеди беле. Ошентип бугулардын үнү чыгып анан алыстап кыламык кар жааган жумшак түн өтүп, асмандагы бирин-экин жылдыздар жымыңдап коштошо суюлуп, тараза жылдыз батып, таң кулан өөк сала агарып келатты. Күз түнү эмеспи, суука чыйрыккан адамдар жылуу кийинип ары-бери басып турушту. Улгайып калган сары тон кийген чокчо сакалчан адам беркилерге акыл салып:

– Балдарым болгула, эненин жоктоп үн чыгаргыла таң атып кетмей болду,– деди.

Эркектер таяк таянып, сөөк коюлган боз үйдү тегеректей:

– Бир боорум энекем,– деп өкүрүп жатышты. Жоктоону боз үйдүн ичиндеги аялдардын кошогу коштоп кетти:

Ак жорго минген энекем,

Алтыным, арманданам сен кетсең.

Кара жого минген энекем,

Каарманым капаландым сен кетсең.

Кошок үнү менен талаа, түзөң акырындык менен ойгонуп, уктагандар көзүн ушалап жапырт туруп жатышты.Жакын айылдын адамдары сөөк турган үйгө агылып келип жатышты. Алардын карааны бара-бара көбөйдү. Убакыт жылып өтүп жатты. Сөөктү коюга камылгалар көрүлүүдө. Ошондо касиеттүү кары төмөндөгүдөй буйрук берди:

– Күзгү күнү кыска болуп бат эле кеч кирет. Сөөктү жууганга даярдайлы,– Боз үйдүн оозундагы чийди алып улуу кишилер үйгө кирип келишти. Сөөк жаткан жерди карап баардыгы элейип туруп калышты. Кечөөгүңкү мүйүздүү эненин сөөгү жок. Карыялар «Бул эмне көрүнүш касиеттүү кайберен эне бизди ушинтип таштап кеткенби»– дешти. Адамдардын оозу ачылып айран таң калып жатышты. Көптү көргөн чукак карыялар боз үйдүн айланасын карап жатышты. Бейшембиден жумага өткөн түнүндө кыламык кар жааган дебедикпи. Айланада бугунун изи бар экен. Анын жолу баягы эки мерген барчу Ала Мышык тоосуна карай узаптыр. Адамдар изди кууп барса жаныбар үңкүргө кирип андан кийин дайн жок. Андан башка шек билинбейт. Куугунчулар кайра үйгө кайтып келишти. Ошондо ак сакалчан карыя кеп салды:

–Түн жарымындагы чыккан бугунун үнү тегин дабыш эмес экен. Мүйүздүү энени чакырган окшойт. Адамдар эненин кайберенге айланып кеткенин сезди. Ансыз деле жаңы жааган кыламык кардын бетинде кайберендин изи калып жатпайбы, Мүйүздүү эне кайып болуп абалкы абалына айланып кетиптир. Балдары боз үйдүн жанында аны жоктоп өкүрүп турушту. Эненин жетилик, кырк ашын жана бир жылдык эскерүү ариетин жасашты. Эне көч көчүрүп эки жакка барганда өзү минип жүрчү ак боз жоргосу бар эле. Ак боз жорго оттобой энени жоктоп төрт аягы менен тик турду. Ак боздун кишенеп ээсин издегени ай талаага угулуп турду.Эл айтты: