Мен Жылы Суу аркылуу өтүп, ата-бабам өскөн Тешик Көлгө карай жөнөдүм. Койдун маараганы, адамдардын үндөрүн ошол тараптан эшиттим. Ашыгып-шашылып бат эле ошол тарапка жете келдим. Жарыктык көл туп-тунук болуп күн нуруна жылт-жулт этип чагыла, алтын балыктар эркин сүзүп чабак уруп ойноп жүрөт. Тигинде биздин журт карарып турат. Мен кой кайтарган көпөлөк кууп өткөн өтөктөр турат. Мен журтту карап ата-энем бир туугандарымы эстеп көзүмө жаш тегеренди. Тоолор, түздөр баары эле турат. Биздин үйдүн карарып оорду турат үй жок менин жаркын адамдарымдын элеси жок. Кайтарып жүргөн бир короо коюм жок. Ушул жерде ойноп чуркап өткөн теңтуштарым: Шаадат, Өмүрбай, Жаныбек, Түйтө, Атчыбекти, эстеп бир эсе кубандым, бир эсе ошол күндүн келбестигин эстеп кайгырдым. Менин жаркын агаларым: Дүйшөн, Жусу, Кененбай, Алияскар, Сыдыш, Бегимат, Амантур, Огой алардын сүйкүм элеси кайда? Мени эркелеткен асыл жеңеленимин элеси кайда? Алардын сүйкүм элесин мен тирүү турганда жоготкум келбейт. Чоң залкар комузчу Акун атам кана? Тоодой керилген Азык энем, Сейдим энем кайда ? Капаландым. Кайран өтүп кеткен балалык күндөрүм. Бул көлдөн балык кармап балыкчы болгон балалыгым көз алдыма даана тартылды. Көп өтпөй койдун маараганы, коңгуроолу жылкынын өткөнү атактуу Кара-Каман жайлоосу тараптан байкалды. «Кой эртелеп ата-бабаммын изи калган улуу жайлоого барып малымы таап алайын дедим. Тешик Көлдү басып, Самынды -Сууга келдим. Таштар тайгалак баскан адам жыгылат. Ошол үчүн бул суу Самынды- Суу ичинде алтын балыктар сүзүп жүрөт. Мен кармаган балыктардын калганы сүзүп жүрөт. Нараакта Кара -Каман кандуу суу көбүктөнүп кирип турган экен. Тигинде мен кой кайтарган Ак Кайкы, Боз Дөбө, Ийри Сай жайлоолору боюн керип турат. Ошол учурдагы чоң аталарым: Ашыбай, Ысай, Текебай, Урманбет, Баякун жана башкалардын элесин сагына эстедим. Ал кездеги чабан агаларым: Кененбай, Аляз, Жусу, Шамалдай, Март, Токуш, Кудаш, Ыдырыс, Огой жаркын абаларымы эстедим. Койсун, Макеш, Гүлбайра, Гүлүй, Бурулуш, Батма, колунан даам татып, ыйык көргөн жеңелерими эстегим келди. Энелерим Сейдим, Жамийла жана башкалар эсиме келип-кетип туруп алды.
Айрыкча кенен пейил Баякун атамын жаркын элеси эсимде. Анын көлдөй созулган байбичеси эсимен кетпей калыптыр. Алардын жаркын элестери көз алдыман кетпей даана тартылат. Бул жерде дагы мал карааны көрүнбөй, бир гана ыйык тоонун жаныбары суур аңкуштап, асмандан бүркүт сүрдүү шаңшыйт. Мен балалыгым өтүп, балык кармап, далай жолу кечип ойногон Кара Каман суусу менен үндөштүм, сүйлөштүм сагынычымы жаздым.
– Кандай, балалыгым өткөн дарыям аман-эсенсиңби?
– Келгениң жакшы, эшек минген ак жүздүү арык бала элең, окууңу бүтүп ошол бойдон келбей, көрүнбөй калдың го.
– Ооба келбегеним көп болду.
– Бул аймакта бобу ата-бабаңын изи калган конушту сагынсаң керек.
– Сагындым, сагынбай кантип коём, балалыгым, ата-бабам өскөн жер ыйык эмеспи.
– Келип жүр, келбей кетпе.
– Турмуш шартка байланыштуу келбей калдым.
– Келгиниң туулган жерди сагынган киши эмгектеп да келет. Же бул аймакты бир жолу унуттуңбу?
– Кантип унутам өсүп-өнгөн жерди унутсам кудай уруп кетпейби.
– Аның туура төрөлгөн жерди унутпа бул жерге эмне жумуштап келдиң же тарабаган сагынычты жазайын деп келдиңби?
– Бала чакта кайтарган бир короо коюмду таппай жүрөм.– Агып жаткан улуу дарыям таң калды.
– Союз тарап койлорду адамдар бөлүп алып, сойгонун союп, сатчусун сатып небак эле жок кылбады беле. Силердин чарбада элүү миңге жакын кой болгон. Уй, жылкыны айтпай эле коёун. Ушул аймак малга батпай ыңкып турчу эмес беле. Бир короо кой эмес мезгил өзгөрдү баары өзгөрдү. Азыр элиңерде бир короого жетпеген кой калыптыр. Бул уят иш мал жок жайлоолор аңгырап ээн турат. Мен биздин бай колхозду анын алдыңкы чабандарын эстеп капаландым.
– Капаланба ошол малдын баары мезгил менен жоголгон. А сенин атаң, кой жайган чабандар кайда?
Үн угулду:
– Тагдыр экен анын көбү тиги дүнөгө узап кетти. Ал эми тирүүлөрү небак эле улгайып кадыр барктуу карыя болду.