Кыр-кыргы айдап коркутуп,
Кытайлар аны эздиби.
Тууганынан айрылып,
Туңгуюукка сиңип кеттиби.
Тамашалап жараткан,
Тагдыр жолу кантти экен.
Эки тууган аты уйкаш,
Эми алардан дарек жок,
Ал жактан киши келген жок.
Ал кезде болгон кабарды,
Аңгеме куруп кеткен жок.
Атаңын көрү дүйнө бок.
Жунгарлар менен кармашта,
Журт чырмалды азапта.
Эрксиз жашоо уланып,
Эл тентиди туш-тушка.
Берки атабыз Акбагыш,
Анын уулу Ырыскан.
Ырысканды аркалап,
Кара жанын калкалап,
Теңир Тоого качыптыр,
«Теңир үмүт колдосун»-деп,
Тектүү ата жашаптыр.
Жар бойлогон кара атчан,
Жалгыз бала Карахан.
Атанын жолун улаган,
Адырдан чыгып желдирип,
Алгыр кыраан куш салган.
Эки бала андан бар,
Нойгут менен Ногой хан.
Ногой хандан төрт бала,
Көкчөкөз менен Жакып бай,
Чыйырдын аты калгандай,
Сабалата баштаган,
Санжырабыз ушундай.
Нойгут хандан тараган,
Ноюбас кепти баштаган,
Шыгай менен Акбалта,
Жоого каршы сом балта.
Шык жөндөмү арбыган,
Улама айтам алардан.
Арстан келсе арбашкан,
Жолборс келсе жоолашкан,
Акбалтадан Чубак бар,
Чатагы чыккан ой тоого,
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Жердеген жери бийик тоо,
Жердин түбү Какшаал Тоо,
Нойгут деген эл болгон,
Ноюбас жери чеп болгон,
Андан бери токтобой,
Дайны чыкпай жоголуп,
Далай кылым сызыптыр,
Мемиреп гана оболой,
Мезгилдер жылып учуптур.
Чынгыз хандын чагында,
Ырыскан баба жашаган.
«Кошулуп бизге келгин»– деп,
Монголдор ага кеп салган.
Каарланган чыбашта,
Калк чырмалган азапка.
Бири куулуп Каңгайга,
Бири кеткен Алтайга,
Дагы бири безиптир,
Дайынсыз чоочун жактарга.
Улуулардан улаган,
Улама кеп уламыш.
Баяндаган бабалар,
Байыркы кепти улайбыз.
Курбалдаш адамдар,
Куттуу кепти улашат,
Байыркынын тарыхынын
Башталмасын сурашат.
Улама кеп, улама кеп,
Улуулардан калган кеп.
Улама кеп улама экен,
Улуулардан сураңыз,
Ары улап, бери улап,
Аныгын тактап кетишет.
Абалкы чакты эстешет.
ДОЛОН БИЙДИН
ЗАМАНЫ
Жон жондордо чогулган
Жомокторго келели.
Мындан аркы айтылаар,
Кепке кезек берели.
Качанкы өткөн заманга,
Кайра кайтып келели.
Атаңдын көрү дүйнө күн,
Андан башка не дейли.
Аркы атабыз Ырыскан,
Тайган эмес ырыстан.
Долонбий менен Домбулбий,
Ырыскандан жаралган.
Мындан аркы кебебиз,
Ошолордон башталган.
Окулялар ташталган.
Төрөлгөн дешет Долон бий,
Эне Сайдын жеринде.
Аккан дайра жээгинде,
Алкынып аккан чоң дайра,
Арт жагына акпас кайра,
Кылымга кеткен атагы,
Кыргыздын көзгө басаары,
Өзгө жанга чокутпай,
Өз журтун коргоп алаары,
Качанкыдан кабар алып,
Калың элин тактаары.
Санжырада айтылган,
Санат сөзү бир далай.
Эч нерседен тартынбас,
Эстүү жандын укмушу ай.
Бийик бойлуу жайдары,
Бүркүт тумшук абройлуу,
Акылга бай, так айтат,
Жазы маңдай айлалуу,
Жаралгандан таалайлуу.
Санжырада айткандар,
Ушул баба жөнүндө.
Учкай кепти чубашкан,
Уламаны улашкан.
Ал кездеги окуянын,
Чын төгүнүн ким билет.
Желип учкан токтобос,
Бийик тоодо жел билет.
Бир билсе жазмышта,
Аны айткан жан билди,
Аңгемени тыңшаган,
Аны уккан жан билди,
Абалата кеп кылып,
Жазмачылар чыгарды.
Жазылбай калган баяндар,
Жазмасы жок сөз калды.
Дололонбий көчүп жүрүптүр,
Аркалап бийик тоолорду.
Арымы кенен созулган
Аралап байтак жолдорду,
«Алдырбайм» деп ант берген,
Аңдып келген душманга,
Ак карлуу Ала Тоолорду,
Ай түнөгөн жолдорду.
Калмактар менен алышып,
Карлуу тоону жайлаган.
Жоо тартышта кансырап,
Жоболоңдон качпаган.
Акыл-эсти туу тутуп,
Айла менен кол салган,
Айланадан үн салып,
Ак жолборсу чамынган.
Эчаакы өткөн тарыхтан,
Эчен түрлүү кеп калган.
Бир кезде унут калгандын,
Билигин чубап чыгарган.
Ала Тоодо кыргыз эл,
Монголдор менен алышып,
Ат үстүндө чабышып,
Калмактар менен бет келип,
Маал-маалында тирешип,
Манжылар менен алышып,
Ат үстүндө чабышып,
Катарлаша бой салып,
Уйгурлар менен алышып,
Канча бир заман өтүптүр,
Кара тоого булуттар,
Калкылдап гана көчүптүр.
Андагы өткөн баяндар,
Акыл эсте калбаптыр.
Акыл эсте калса да,
Санат сөзү сызылып,
Санжырачы жазбаптыр.
Ээ…эээй....
Жунгарлар менен кармашта,
Желбегей тон жамынган.