Жарганат-20, жылкы-35, уй- 23, тыйын чычкан- 7, кой- 14, коён-9, ит- 20, пил- 80, бүркүт- 100, маймыл-40, төө-35, мышык- 35, сөөлжан-15, бугу-20, аюу-50, жолборс-50, үкү-60, төө куш-60, майда балыктар-5, осетр-70, щука-100, кирпи-10 жыл, чиркей -1-2 күн, крокодил-80- 100, шимпанзе 20, горилла-50, тоту куш- 8, кептер 13 жыл жашайт.
ЖЫЛ СҮРҮҮ
Ар бир он эки жылдан кийин мүчөл жыл болот.
Биринчи мүчөл жыл 13-жашта.
1-13
2-25
3-37
4-49
5-62 дагы ушул сыяктуу болот.
АЙ ЭСЕБИ
Кыргыз эли айларды он экиге бөлгөн
Кыргызда Орустарда
1.Жалган куран Январь Куран деп эликтин текесин айтат.
2. Чын куран Февраль
3. Бугу Март
4. Кулжа Апрель
5. Теке Май
6. Башоона Июнь
7. Аяк оона Июль
8. Тогуздун айы Августь
9. Жетинин айы Сентябрь
10. Бештин айы Октябрь
11.Үчтүн айы Ноябрь
12. Бирдин айы Декабрь
БАЙЫРКЫ ЗАМАНДАРДА
(УЛАМЫШ)
Касиеттүү ата-бабабыз өскөн Тешик Көл жайлоосу. Батыштагы тоолордон түзөңдү карай жайлоонун тентек жели закымдап согуп турат. Бул жерге токумдай эле булут пайда болсо, жаан жаап анан ачылып кетмейи бар. Ылдыйда соккон желге бетин чыбырчыктатып кош көл жатат. Көлдүн айланасында суу куштары ак чардактар кайкып учуп, суучулдуктар жээк мене закымдап канат сабайт. Эки көл жер алды аркылуу биригип, эңкейиштей агып Ийри Сууга, Ийри Суу Балгартка келип куят. Анан айтылуу буркан-шаркан түшкөн Нарын дарыясы.
Биз топ балдар сөзмөр карыяны тегеректеп отурабыз. Аксакал биздин ата-бабабыздын санжырасын жакшы билет эмеспи. Анын оозунан чыккан алтын сөздү тыңшап эле угуп тургуң келет. Узак жашка барган карыя далаты таяп калса да, ары демдүү, ары акылдуу айтканы эби менен китептин сөздөрүндөй ширелүү чыгып, уккан жанды эргитет. Биз чачыбызды тасырайта алдырган чыт курсак балдар анын оозунан чыккан кереметтүү баянды тыңшайбыз. Карыя бизди бүркүттүкүндөй көздөрү менен бир карап алды да:– Ой, жумарымбектер, шымыңар шыпырылып калмай болду, мен өткөн бабалардын санжырасын айтып берейин. Бул уламаны жигит курагымда уккан элем,-деди үнүн бир аз жайлата. Биз анын оозунан чыккан сөздөрдү тыңшоодобуз. Карыя санжырасын баштады: – Адыр менен түзөңдөрдө шамал ойноп, жылгаларда түлкү жойлоп, күн токтобой айланып, пендеге билинбей замандан заман оошту. Ошол байыркы-байыркы мурунку өткөн кылымдарда кыргыз элине, жерине кыжылдаган калмактар сес көрсөтүп үстөмдүгүн салып турду. Ошентип Алсейит ата Мүйүздүү энеге үйлөндү. Мүйүздүү эне Жамангул, Бапа деген уулдарды төрөдү. Ошол заманда Жамангул атанын Бөрү деген досу болгон. Элдин биримдигин каалаган Бөрү чечен ары өлүмдөн коркпос баатыр эле деп айтылат. Ал колго түшүп кетип он жылдай калмактарга көз каранды болгон аны менен кошо башка кыргыздар да көз каранды болуп турду. Ошол учурда калмактардын тайшысы Бөрүнүн айлына келет. Анын урматына айылда чоң той жана күрөш ойну башталды. Күрөш ойнун калмактар жогору баалашчу. Мелдешке кыргыздар тараптан Бөрү баатыр түшүп калат. Элди башкарган тайшы Бөрүгө: – Бөрү балбан, сен баатыр болсоң биздин калмак баатырын жыгып бер, жыкпасаң өмүр боюу бизде көз каранды болуп жүрөсүң, эгерде жыксаң бобул кыргыздар менен өз ата-конушуңа кете бер,– дейт.
– Акылман тайшы айткан сөзүңө турасыңбы?– дейт Бөрү баатыр.
–Турам, оозуман чыккан сөз ант,– дейт тайшы көңүлдөнө.
Ошол мелдеште Бөрү баатыр жеңишке жетишет. Калмак тайшысынын убадасы боюнча Бөрү же ал жердеги кыргыздар баары эркиндик алып бошонот. Бөрү кыргыздар менен көлгө карай көчүп жөнөйт. Көлгө келсе эч ким жок, калмактардын да алы кетип өз жерине көчө качып жаткан экен. Ансыз деле калмактардын күчү кетип, алар чыгышка карй сүрүлөт. Бул кезде бийлик талашып, ич ара согушуп жаткан болчу. Түштүккө кеткен кыргыздар кайра өз жерине келип отурукташа баштайт. Алсыз кыргыздар кокондук ханга көз каранды болуп калды. Ошондо кокондуктар ак үйгө үй-бүлөсү менен билимдүү киши жибергиле, бул жерден силер менен болгон карым-катнаш алаканы жөнгө салып турсун дешет. Анан бугу уруусу Жамангулдун баласы Төрөкочкорду аялы менен Кокондук хандын ак эшигине кызматчы кылып жиберилет. Төрөкөчкор ишке берилген, өз элин сүйгөн, баатыр сымал мусулман дининин жөрөлгөсүн жакшы билген адам эле. Ошол сапатын туугандары туура баалап аны аялы менен алыска жиберүүнү ыйлайык табышты. Анын аялы белсемдүү баатырдын кызы болуп, өңдүү-түстүү маңдайы жарык жаркылдаган ургаачы болчу. Төрөкөчкор менен жан дүйнөсү бир болуп, булар башынан туура табышкан ынак курбулардан эле. Аты Токтоайым болчу. Бирок жыл айланбай ак өргөөдө жүргөн Төрөкочкор атага уу берилип жок кылынды. Токтоайымды ак сарайдагы бирөө алмак болуп жаман алаамат башталат. Токтоайым эненин боюнда бала калган эле. Эне аман-эесн төрөйт. Атанын керези боюнча балага Сейит деген ат коюлат. Анткени атанын Сейит деген досу болгон экен. Эне «Тулпардын туягын аман-эсен туулган жерине жеткирсем»– деп кудайдан аябай тилеп санаага батат. Бугу уруусундагы адамдар да Кокон хандыгына барып, баатырдын жарын жана баласын алып келүүнү басса-турса ойлонушат. Белектин тукуму Акүчү деген атка чак, тайга жеңил баатыр атактуу дубанга белгилүү Желжетпес деген күлүктү минип атадан калган жалгыз тукумду куржуна салып Теңир Тоого алып келиптир. Баланын Сейит аты өчүп куржунда келгендиктен эл аны Куржун деп атап калыптыр. Куржун ата алты балалуу болгон. Анын улуу баласы Торгой эле. Ал беш эркек үч кыздуу болот. Торгой атанын улуу баласы Беккулу болчу. Санжыраны айтып жаткан кары жөтөлүп, бир азга тыным алып анан алтын сөзүн улантып кирди. Беккулу жаш чагында суукка урунуп оорулуу болуп анан оңолуп кетти. Ал үч аял алып, бирок балалуу болбой жүрдү. Улуусу Ак келин, ортончусу Сулуу келин, ал эми кичүүсү Наз келин деп аташкан. Аларды ошол өңү түсүнө карап аташкан. Баарысы тең акыл эстүү болуп, сырткы кебете- кешпири жагынан жаратканым эчтекени аяган эмес экен. Бирок аларга кудай этегинен айтпай бир дагы тукум бербей койбодубу. Ургаачынын тукумсуз болушу өзүнчө эле кордук эмеспи. Беккуулу Белек баатырдын тукумдары менен алыш-бериш алакка түзүп жүрдү. Таалайга жараша аларды Белек тукуму да жакшы көрчү.