Уланып күндөр өтүп жатты. Тукум жоктугу атанын да капалантты. Ал өзүнүн капасын бир күнү кичүү иниси Майназарга айтты: – Иним, канча кылса да бир жатындан чыкпадыкпы. Короомдө толгон кой, адырда үйүр-үйүр жылкым бар. Бирок аларга ким ээлик кылат. Аны багаар балам жок, жоо алка-жакадан алып турганда душманга, тууганга сес көрсөтүп, камчы үйрөөр тукумум жок кор болот экенсиң,– деп арманы түтөп турду. Ошондо агасынын айтканын Майназар иниси угуп арманданды. Беккулу кайраттанып чыңалды. Бирок Майназар ары ойлонду, бери ойлонуп:-Үч аялы бар агам «Атаке» деп айтаар тукумсуз калабы, кой алдынан бак айткан ылайыктуу ургаачы издейин деп, эки жактан акмалап, айылдан айыл аралап, агасына төп келген жар издей баштады. Ошентип Беккулунун иниси Майназар тапкан Жумгалдык саяк уруусунан чыккан Кургакчүкөндүн ак жуумал бетинен нур ойногон татынакай кызы Кутбүбүгө үйлөнөт. Ал ары акылман, адамдын жан дүйнөсүн терең байкаган ургаачы эле. Беккулу ата дагы бир ургаачыга үйлөнгөнүнө кубанбай ушул алган жарымдан балалуу болсом экен деп, үмүтү астыга умтулуп, жылдыз болуп жанып учуп турду.
Анын мингенге басыгы жеңил чабдар аты бар эле. Ошол жаныбарды минип Чалкашка айгырынын үйрүн көрүп келейин деп, Ак Кыяны аралап, Көк Кыяга сапар кетип баратты. Анын санаасы алдыга учуп, жылкы издебей эле балалуу болсом экен деп жараткандан бала издеп бараткандай болду. Тоодон ылдый түшүп, түзөңдөгү байтак жол менен кетип баратты. Ички дүйнөсү эңги-деңги болуп кетип баратты. Көп өтпөй айланасынан ыйлаган баланын үнү чыккандай болду. «Бул эмне мага угулган жаңырыкпы» деп эки жакты карады. Күн төбөдө тийип, айланада жайдак жер. Бала көрүнбөйт. Тараптан шыңгыр добуш чыгып анан кулундун ичке доошу созула берип жаңырды. Ал эки жакты суктана карады, Анан дагы кулагына бир эне коңур үн менен бешик ырын ырдап жаткандай туюлду. Атчан адам жанаарак:– «Баланын үнү чыкты эле, эми кулундун үнү жаңырып, кайра бешик ыры ырдалды» деди. Жакын жерде эч кандай кыймыл байкалбайт. Атчан бараткан адам таң калды. Көп өтпөй абада шаңшыган куштун сүрдүү үнү жаңырды. Адам Көкө Теңирди таң кала карап калды. Ободо эч кандай куш карааны жок эле. Бирин-экин чымын чиркейлер, көпөлөктөр калкылдап учуп жүрөт. Кетип бараткан чабдар атчан «айланадан баланын, кулундун жана куштун сүрдүү үнү кулагыма угулду» деди. Ал алды жакты карады. Тээ береги алда кайдан түтөктөн каза болгон Жыргалбайдын күмбөзүнөн бери бир ак боз атчан киши келатканын көрдү. Чабдар атчан киши аны карап ойлонуп калды. Издеп жүргөн жылкылары эстен чыгып кетти. Көп өтпөй ак боз атчан алды жагынан чыга келди. «Мага кандайча ылдам эле жете келди жана эле тиги кырда эмес беле» деп таңданды. Ак боз атчан киши жакындап келатты. Ат үстүндөгү адам улгайган карыя экен. Далай жашка барса да, тың күүлү элести берет. Алдында мингени бул жердин жылкыларына окшободу. Чабдар атчан Камбар ата тукумуна өтө сынчы аяр адам эле. Канча кылса да көнуп-көчүп жүргөн тоолуктун баласы эмеспи. Жылкы жаныбарга ынак малсаак болуп өстү. Буттарынын сөөгү жазы келип, алты ай басса арыбас, он күндүк жолго чыкса чарчабас сыяктанып, жамбаш жагы кенен келип, жарыктыктын жал куйругу күнгө күмүштөнүп төгүлүп турат. Анан дагы бир укмушу ак боз аттын чекесинде карарган тагы көрүнүп турат. Жаныбарды көпкө карап калды. «Бул мал кайсы жердики. Биздин чөлкөмдө мындай тулпар жок эле го, калмактар тараптан мындай малды көргөн эмесмин. Кебетеси түштүк тараптан оошуп келсе керек. Адамдын көңүлүн өзүнө тартып турган тулпар экен,-деди. Бул жаныбар тоо кайып менен суу кайыптан жалгашкан мал экен. Араптардын таза кандуу аргымактары ушундай болчу эле го» деп ойлонду. «Өткөн жылы коңгуроолуу кербенчилерди коргоп келген сакалчан кара баатырдын аты ушундай ыргыштап турчу эмес беле». Ак боз атты минген карыя жакындай берди. Беккулу карыяны берилүү менен карап калды. Абышканын сакалы куудай ак бирок өңүндө түгөнбөгөн кайраттын элеси төгүлүп турат. Сыйды акылман экени сезилип турат. Карыя биздин адамга жакындады. Биздин адам атынын тизгинин тартып өзү биринчи салам узатты: