Выбрать главу

– Атсаламалекум ата, келаткан жолуңуз байсалдуу болсун!

– Алекума салам балам, сени менен бир болсун!– Карыя бир азга Беккулунун жан дүйнөсүн теше тиктеп калды да,– Балам жок издегениң өңүңдөн билинип турат. Буюрса сенин үйүңдө да шаттыктын үнү жаңырат,– деп жан чөнтөгүнөн үч саканы алып берди. Беккулу ыраазы болуп:

– Ырахмат ата жакшылыгыңды өмүр боюу унутпаймын,– деп аны алкай ичинен жакшы карыя экен,– деди.

Беккулу атынан түшүп канжыгасындагы улактын терисинен жасалган кол чаначтагы кымызды ат үстүндөгү карыяга сунду. Карыя чаначты жеңил гана алып кымызды кылкылдата жутуп, кол чаначты кайра ээсине берди.

– Балам өмүрүң болсо баары болот «Оомийин каалаганыңы ыйык теңирим берсин» деп бата жолдоду да,– Кой, мен жолдон калбай кетейин – деп акбозду камчыланып закымдай жөнөй баратты.

Биздин киши «мага бул карыя эмне үчүн үч сака берди бешти же онду деле бербейт беле»– деп ойлонду. Ошондо анын кулагына «Ушунчага эле ыраазы бол!» деген жаңырык жаңырды. Ал артына бурулуп карыяны карады. Атчан адам ашып-шашып кетип бараткансыйт. Токтой турган түрү жок. Жердин шарын айланып чыкчудай. Чөнтөгүндөгү сакаларын көргүсү келип турду. Алып көрдү. «Тоодо жүргөн кайберендин чоң чүкөлөрү экен. Жакшы сака болот балалуу болум калсам ошолор ойносун»– деп кайра чөнтөгүнө салып койду. Анын эсине чүкө ойногон балалыгы келди. «Бирок кайсы балам ойнойт»– деп санаага батты. Ошондо кулагына үн жаңырды. «Капаланып келечегиңен үмүт үзбө!»– деген доош келип турду. Ал бурулуп азыркы атчанды карагысы келди. Артын акмаласа алиги карыядан дайын жок. Артында өзү кеткен талаа созулуп жатат. Талаа бетинде агарып жалгыз аяк жол созулуп жатат. Ак боз атчан мейкин талаанын четине чыга калгандай болгон жок эле го, кайда сиңип кетти,-деп биздин адам таң калды.

Чабдар атчан кетип баратат. Келечеги бүдөмүктөнүп, көңүлү чөгүңкү болду. «Үч аял алдым, Бала жок, уям тунжурайбы».

Акыры ал кайтып үйүнө келди. Ал улуу байбичеси Ак келиндин өргөөсүнө бурулуп, көңүлсүз чабдар аттан түшүп, жол жүрүп чарчаган окшойт чепкенин айкарасынан жамынып жата кетти. Анын башына « Жаш курагым да өр таянып баратат баласыз өтөмбү» деген ой калкылдап туруп алды.

Аба салкындап, күндүзгү жылуулук качып, алыскы тарап тынчтыкка даярданат. Күн батканга камынып, улуу тоолор көлөкө жамынып, жайлоого кеч келатты. Жайытка кеткен мал түнөгүнө кайтып жаткан. Ак келин бир абысыны менен бээни саап бүткөн. Жылкылар дүбүрт таштап оттогуна кетип жаткан. Үйгө кирип ак келин Беккулуга кайрылды:

– Күүгүи кирип келатат, байым, кечинде төшөк жамынып жатчу эмес. Баса бүгүн кайда барып келдиң?

– Чалкашканын үйрүн көрүп келдим. Андан башка жок издеп келатам. Жогум табылган жок,– Ак келин сөздүн маанисине түшүнгөн жок.

– Жолдон бирөөнө жолуктум.

– Ал ким экен. Эмне деди?

– Эчтеке деген деле жок. Үч сака берди,– Беккулу чүкөлөрдү аялына сунду. Ак келин таң кала сакаларды алды: – Кебетеси тоо кийигинин чүкөлөрү окшойт, чоңдугуна караганда,– деди Беккулу.

– Жакшы аппак чүкөлөр экен. Улгайган киши сага жаш баладай чүкө бергенин карасаң,– деп Ак келин каткырып күлүп калды. – Илгери үмүт менен балалуу болсок ошолор ойносун,– дегени го. Тактанын астындагы чүкө салынган тулупту алып, сакаларды ошого кошуп койду.

Ошентип жылдыздар чыгып акырындык менен түн көшүлөт. Ошол түнү Буккулу ата түш көрдү. Түшүндө үйүнө карай үч кыраан куш канат кагып учуп келатты. Аны ээрчип жайнаган топ куштар Беккулунун бөз үйүнүн үстүнө уя салып мекендеп киришти. Куштарга Беккулу ата өз колу менен жем берип жатат. Эртеси бул түштү «көз тиеби» деп эч кимге айткан жок. Жакшы аян берген түштү көпкө чейин эстеп жүрүштү. Ошондон көп өтпөй акыркы алган жары жаратканымдын буйругу менен ыйык эне Кутбүбү: Курумшу, Бүтөбөй, Шоңко деген үч бала төрөдү.