Ошол үч бала бой керип чоңойду. Анын уландары көлдүн айланасын мекендеп кыргыздын кыйрын аралады. Бир адамдын тукумунан көптөгөн түтүн булап укум-тукуму уланып жатты. Атанын урпактары Тоң Районундагы Темир Канат жана Большевик айлындагы калкты түзүп турат. Андан башка көптөгөн жерлерде бар. Темир Канат айлы бүтүндөй Беккулу атанын тукумдары. Бул элдин айлы Курумшу, Ураалы, Бүтөбай, Шоңко деген тукумдарынан таралган. Касиеттүү Темир Канатты Беккулу айлы деп койсо да болот.
Баятан бери санжыра айтып жаткан карыя чарчап калган окшойт бир азга эс алып, анан сөзүн улады:
– Баягы Беккулу атага жолдон жолуккан Боз атчан киши бакыт даарыган Кыдыралейсалам эле. Ал баардык эле кишиге жолуга барбайт. Сейрек гана адамдарга жолугат. Ага кезиккен адамдын бактысы ачылып, тукуму уланып кетет. Атага Кыдыралейсалам жолукпаса туяксыз болуп калат беле ким билет. Анда биздин бул дүйнөгө келишибиз арсар болот болчу. Ырас ал атабыз Кыдыр алесаламга жолугуп жаратканым жалгап анын тукумдары көбөйбөдүбү. Ал эми тарыхта тукумсуз өтүп унутулган пенделер ааламда арбын эле эмеспи. Атанын боз үйүнө келип конгон үч куш: Курумшу, Бүтөбай, Шоңко уландары эле. Бул баян улама болсо дагы турмуш менен айкалышкан чындыгы бар болуп жатат. Ушу аңыз санжыраны мен атамдан уккам. Атам өз атасынан уккан экен. Биздин жети атабыз ушул улама санжырада унутулбай айтылып келатат. Ушул баян кеп биздин түпкү атабыздын санжырасынын бир бүркүмү гана. Ал эми кийинки жолукканда калган уламаны айтып берем деп асыл карыя сөзүн аяктады. Санжырачы баянын бүтсө да биз тунжурап ойго батып калдык. Байыркы аталарызбыздын санжырасын угуу биз үчүн канчалык кубаныч, канчалык таалай. Алар биздин көз алдыбызга тирилип келгендей болду.
Күн ачык. Алыстан аба термелип закым жасайт. Ыйык күн өз сапарын улап кетип баратат. Айланада чыккан суурдун үнү болбосо тарап тынч. Ободо бир бүркүт үн салып чыгышка карай канат сермеп токтобой учуп баратат. Кыраан учуп канат сермеп, баатырдыкты көрсөтпөсө, ал жашай албай калат. Ата бабабыз өскөн касиеттүү Тешик Көл акырын көбүк чачып жайкалат. Жел менен жаралган тармал толкундар жээкке карай тынымсыз келип- кетип турат. Бул жер ошол санжырада айтылган биздин бабаларыбыздын ыйык турагы
***
Асмандап учкан ылаачын,
Жетөө экен көз салсам.
Жете албай келген өмүрдө,
Жети атам тура санасам.
Көктө учкан шумкардын,
Жетөө тең чыкты карасам.
Жеткис жылдыз өңдөнгөн,
Жети атам экен байкасам.
***
Жети шумкар сабалап,
Учуп өттү бийиктен.
«Жетим уул»– деп аташат,
Жети атаңды билбесең.
Кыяда өскөн карагай,
Кыяр жан кетти кыя албай.
Жети атамды билейин,
Жетим уул деп аталбай.
Дүңгүрөмөдө карагай,
Дүйнөкор кетти кыя албай.
Жети атамды билейин,
Жетим чоркок аталбай.
БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ
Илгери мен айылым жөнүндө бир нерсе жазайын деген бир дагы оюм жок болчу. Мурун ыр, аңгеме, сатиралык чыгармаларды жаза коюп жүрчүмүн. Анан айылдан Балыкчыга барып жашап калдым. Бир күнү Балыкчыдан Төрт-Күлдүн кашатына түшүп калып, Шамалдай байкеге жолуктум. Ал киши айтып калды:
–Сен матириалис, Шайыксың, жазганыңын баары матриал-деди.
Мен унчуккан жокмун. «Жөн эле айтып жатса керек»– деген ойго келдим. Ага бирдеме десем да, дебесем да, эч нерсе чыкпасын билип турам. Анын айткан сөзүн өз ичимен тыянак чыгарбасам болбой калаарын билип эле турам. Мен көп адамдардын айтканына анча маани бербей алардын оюн өз ичимен тыянак чыгарууга небак эле көнүп калгам. Эгер ал киши мага ушундай сөз айтпаса бул китеп жазылбай эле калат болчу. Анда мен башка нерсеге алаксып кетмекмин. Андан кийин бул сөздү унута алган жокмун. «Айылда жүрсөм да жөн койбойт, эми бул жакка келсем дагы ар кандай сөздү айтат»– деп ойлондум. Айылда жүргөндө мен кимди жамандап, материалдап иштен түшүртүптүрмүн. Же болбосо, ким менен урушуптурмун. Же кимдин ишин алып кызматка турайын дептирмин. Ошол ой мага тынчтык берген жок. Ойлонуп-ойлонуп отуруп, «кой буларды баарын чогу санжыра кылып жазайын, мен баары бир булар үчүн матрийалис экем го»– деген ойго келдим. Же бир жолу булар үчүн матириалис аталайын дедим. Ошентип санжыраларды карап отуруп, жазууга кириштим. Адегенде оңой болгон жок. Эмнеден баштап, эмнеден бүтүрүүнү билбей жаттым. Санжыра китептерди жана көптөгөн чыгармаларды окуп отуруп анан жаза баштадым. Баардыгы 4-китеп болду. Үчөө толук бүттү. Бирөө калды. Аны камынсам бат эле бүткөрүүгө болот. Экөө кара сөз, экөө ыр түрүндө кетет. Анан эмне кылмак элем. Ата-бабалардын жолун, алардын баскан изин унутуп таштасак, кудай бизди жакшы көрөбү? Бул китептер тээ береги эле 1990-жылдары толук жазылып бүтүп калган. Андан бери жомокторго, башка жазгандарга алышып отуруп, буларга кол тийбей жүргөн эле. Жакында ошолорду бир сыйра карап, айрым жерлерин оңдоп чыктым. Алчусун алып, кошчу жерлерине коштум. Ошол мурунку жылдары кол машинка менен басып айрым адамдарга берген элем. Жердештерим ал китептерди окушуптур. Ырахмат. Айрым адамдар кээ бир ырларды жатка айтып берди. Бул китепте кимдин кандай жазылганын айтып жатышты. Мен турмушта болгонун-болгондой эле жаздым. Кимдир бирөөн жамандайын деген ниетим такыр болбойт. Анча-мынча юмор аралашты. Ансыз кызыксыз болуп калган жатпайбы.Туулган жер жөнүндө жазыш керек Анын ойдуң-кырларын ырга салуу парз. Ата-бабалардын баянын ырга салып кетпесек болбой калган жатпайбы. Биздин өткөн өмүр баяныбыз ошол жазылган ырлардан ачылат. Канчалык көбүрөөк окуп, көбүрөөк эмгектенсек ошончолук жакшы болот. Ар бир ырдан өткөндөрдүн элеси биздин көз алдыбызга кайкып келип-кетип тургандай болсун. Биз ошол элестерден өткөн күнүбүздүн баянын көрүп тургандай бололу. Көзү өтөп кеткен биздин жакын адамдарыбыз биз менен кошо жашап жаткандай болсун. Ошондо биздин эскерме китеп баяныбыздын көркү чыгат. Ар бир адам санжыра китепти окубай койсо деле болот. Бирок өткөн ата-бабаларыбыздын баянын жети атасынын баянын билбей кандайдыр бир маңкурттук абалда калган болот. Ошол үчүн ар-бир адам кандай деңгеелде болбосун ата-бабаларынын баянын окууга аракет кылат. Жаштарга эч нерсе эмес, ал эми бобу улгайып бараткандар кандайдыр бир түрдө сөзсүз кызыгат. Ансыз деле биздин айыл бир атадан тараптыр ошол жагы кызык болуп жатпайбы. Ошол үчүн Беккулу атанын ар бир тукуму кайра эле санжырага кайрылып келип туруп алат. Эгерде бир жерде жашагандар ар кандай кыргыз урууларынан болсо, анда бир жөн. Аларга жети атасынын же андан аркы ата-тегин жөн салды билип койсо болот. Көрүнгөн жерде менин жети атам мындай десе болду алар кутулат. Алардын баянына эч ким деле кызыкпайт. Болгону кайдан тараганын билип койсо болду. Сөз аяктайт. Ал эми биздики алардан айырмаланып башкача болуп жатпайбы. Беккулу атанын айлы бир кутучада жаткан өзүнчө бир жагымдуу күү чыгарган музыкалык инстурумент. Ошол үчүн алар кайра эле баягы жети атасын, алардын келген баянына жана ар бир адамдын тарыхына кайрылып туруп алат. Башка жактан келген адамдарга ушул айыл бир атадан тарагандар десек, алар таң калат. «Кантип эле ошондой болсун» деп. Биз аларга ата-бабаларыбыздын санжырасын сүрүп берсек. Алар бизди сыймыктуу карап калышат. «Бир жерде болуп, бир атадан таралган бактылуу жандар турбайсыңарбы» деп бизди бактылуулук менен карашат. Мына ушул жагы баарыбызга айтып бүткүс керемет.