Мен эки китепти ыр түрүндө жазгам. Ыр чыгармачылыктын мырзасы, эгер жакшы жазылса. Аны окуган адамдын жан дүнөсү кеңип, учкан куштай алдыга сызып канат кагып жүрүп отурат. Кийин бир топ убакыт өткөндө ал чыгарманы кайра окуп, өткөндү эскергиси келет. Кээ бир жакшы жазылган кереметтүү саптар анын эсинде калат. Туулган жердин баяны, ар бир адамдын баяны ыр түрүндө жазылганы кандай сонун. Аны жазуу өзүнчө бир тозок. Ал үчүн көп окуп, көп эмгектенүү керек. Ар бир адамдын образын эки куплет ырга салып берүү бир топ эле кыйындыкка жатат. Ал эми калган эки китепти кийин окуйбуз. Ал китепте Ырыскан, Долон бийдин жана башкалардын кыскача баяндары биздин айылган келген Түмөнбай, Абадан, Ураалы аталардын баяны кара сөз түрүндө берилип жүрүп отурат. Буюрса анда баарыныкы жазылган. Кара сөз чыгармасы ырга караганда түшүнүктүрөөк болот. Анда ар бир баян сөз түрүндө айтылып, узап жүрүп отурат.
Бизден мурунку бабалардын баянын окуу дагы бир өзүнчө керемет. Бир гана арман ошолордун баянын толугураак билбей калдык. Санжыра айткан карылардан жакшы укпай калыптырбыз. Бирок бизде негизги деталдары бар аларды алыбыздын келишинче киргиздик. Эми санжыра ар кандай болот. Кошуучу жери кошпоочу жери болот. Ар бир чыгарманын тарбиялык, реалисттик мааниси болуш керек. Тарбиялык мааниси болбосо кандай болот. Ошол жагы менен биздин кийинки муундарыбызга пайда келтирет. Жана дагы жаштарыбыз ошол санжыра баяндарды окуп өздөрүнүн түшүнүгүн кеңейтсин. Турмуштун жакшы жагына барсын, жаманчылыктан такыр эле качсын. Башка элди көрсүн, алардын жакшы жагын өзүнө алып, жаманына жолобосун. Биз айтпасак дагы жашоонун образы, илими ошондой эмеспи. Алар өздөрүнүн турмушун жакшы өткөрүү менен жакыр туугандарына жардам берип, алардын кыйынчылыктан кутултуп кеткенине кол кабыш кылсын. Ошондо туугандыктын да, жашоонун да жакшы жактары чечилет.