Выбрать главу

Ким-кимден келип чыкканын билбей, тамак жеп, курсагын тойгузуп жашап жүрүү өзүчө бир маңкурттуктун чыныгы образы болуп эсептелет. Ал ошол санжыра китепти окуп эле койбой, ал китептен адамкерчиликти, жакшылыкты, ата –бабаларынын жакшы элесин коргөндөй болсун. Ошолорду көрүп, жашоого кайраттанып, жакшы жашап, биздин элди сүйүп, бир атадан таралганыбызды сезип, туугандык ымалага келсин. Жогоркуларды аткарбаса да, эл ичинде жакшы эмгектенип башкалардын алдында кор болбой жашасын. Азар баарыбыз бир айылда жашабай калдык турмуштун огуна тушугуп, жаштарыбыз ар кайда кетип жатат. Антпесек болбойт, алар ошол жерге барып, тыйын-тыпыр таап жашоолорун жакшы жагына бурбаса болбой калды. Ошол алыскы биз көрбөгөн жерде жети атасын, байыркы аталарынын тарыхын жакшы билип, алардын арбагына сыйынып, куран окуп, өздөрүнүн жашоосун жакшы өткөрүп, аман-эсендикте жүрүүгө аракет кылсын.

Биздин айыл улам-улам өсүп, кийинки жаштардан азамат уландарыбыз чыгып келатат. Алар өздөрүнүн эле намызын коргобостон жалпы айлыбыздын кадыр-баркын көтөрүп элдин алкоосуна татыктуу болууда. Ылайым эле ошондой болсун. Алардын эл алдына чыкканы, биздин алдыга чыкканыбыз. Баягынын тукму, же уруусунан чыккан улан ушинтип өсүп жатат деген сөздү уксак гана. Ошол ар –бирибиздин сыймыгыбыз болуп эсептелет. Ылайым эле ошондой болуп, башка журттун алдында биздин кадыр-баркыбыз өсө берсе гана. Айта турган дагы бир жакшы окуя болуп өттү. Мына даңазалуу Ысабек атанын тукуму болгон Шайлоо инибиз жалпы эл менен бирдикте, касиеттүү Беккулу атанын 350-жылдыгын чоң шаани менен өткөрдү. Ал дагы биз үчүн жалпы эле көл айланасындагы журт үчүн зор кубаныч болуп эсептелет. Ошондой эле эзели салынбаган Ыйык Мечит курулуптур. Бул дагы болсо, биздин айыл үчүн жакшы нерсе. Журтубуз мусулманчылыктын жакшы жактарын даңазалап, жаштарыбызды жаман жоруктан сактап калат. Бул демилгени өткөрүүдө таланттуу агабыз Мусажан байкенин дагы чоң салымы бар экени айтпасак да сезилип турат. Ал байыркы ата бабанын өнөрүндө эң сонун ажайыптуу эстеликти орнотуптур. Ушул эле сонун эстеликтен байыркы биздин ата бабаларыбыздын эң сонун элеси чагылып турат. Айлыбыздын ар бир адамы өзүнүн колунан келишинче ушундай жаңылыктарды жарата берсе ал жеке адамдын ийгилиги эмес баарыбыздын ийгилигибиз экенин түшүнүүгө убакыт келди. Жердештерибиздин сүрөтүн чогултушуптур. Ар бир адам өзүнчө санжыра, жомок. Анын өмүр баяны бир китеп. Демек алар жөнүндө бир унутулбас баян жазып, аны жалпылап чогултулган каражат менен чыгарса да болот. Ошондо ал ыйык эстелик кийинки муунга таберик сыяктуу кала бериши ыктымал. Кандай жашадык, жер үстүнө эмне эстелик калтырдык? Аны баалоо кудайдын бир иши. Эмне эмгек калтырганыңды айланаңдагы адам билет, ал билбесе кудай билет деген ыйык кеп бар эмеспи. Ошондой эле бир адамдын аты, ысмы бир сап ырда же, бир сүйлөмдө эскерилип кетсе кандай кубаныч.

Дагы бир айта турган жакшы иш бул Муратбек агабыздын ыр жана санжыра жазылган китеби болуп эсептелет. Анда ыйык Беккулу атанын үч уулунун таралышын жазып бериптир бул дагы жакшы ийгилик болуп эсептелет. Улгайгандар ошентип өздөрүнүн колунан келишинче иштерин иштеп кетсин, калганын кийинки жаштарыбыз улантып алышаар. Анткени бизге караганда кийинки муунадырыбыз бизден да мыкты, билимдүү, тарбиялуу болот эмеспи. Биздин келечегибиз, кубанычыбыз ошолор болуп жатпайбы. Биз улай албаган нерселерди ошолор улаган жатпайбы. Биз ошолорго таянабыз. Алар биздин келечек-күнүбүз болуп эсептелет.

Менин эч кандай филологиялык же журналистик билимим болгон эмес. Адамдар жазуучу же акын болуш үчүн билим алышат экен. Мен андай билим ала алган жокмун. Филолог болгум келген тилекке каршы ал факултетке өтө алган жокмун ал окуу жайына өтұш үчүн эки миң сом пара төлөп өтчү бизде андай акча болгон эмес. Атам болгон 20 сом пенсия алчу, кантип ал окуу жайына өтмөк элем. Мен тескери геофакка өтүп калдым бул окуу жайынан окугум келген жок. Эптеп өзүмү күчкө салып айылга келиптир» дегенден уялгам. Мен койчунун баласы болгом. Ата-энем агам менен тоодо кой кайтарчубуз. Жай, кыш боюу мал жанынан чыкчу эмесмин. Балалыгымда бир да адабий китеп окуган жокмун. Газета, китеп окугум келчү ашырчубуз. Сыртка кой айдап баратканда кой жайылып оттоп баспай койгонда Дүйшөн байкем мени менен катуу урушчу: « Сен койду жаман кеайтарып, арыктатып, кой баспай жатат» деп ар дайыма урушчу. Анда Жусу байкем айтчу « Муну эмне кыласың, мындай балдар көчөдө бөтөлкө сатып, момпосу жеп жүрөт, койду кайтара албаса да, кой четинде жүрө берсин, карааны болот. Кийин кой кайтартып, койчу кылып ал» дечү.

Мен чыгармачылыкта бир да адамдан кеңеш алган жокмун. Же менин устатым да, таптаган адамым да болгон эмес. Бир Зарыл деген таанышым болгон ал: « Сен жапайы өскөн талантсың» деп айткан. Менин өмүрүмдө сүрөөнчү спонсорум да болгон эмес. Ошондой болсо дагы мен бул өнөрдү таштабай жигердұұ улантып келем. Азыр он томдук чыгармаларымда даярдап жатам.