Выбрать главу

Осмондон Барыктабас, Жолдош, Кул, Кенжебек.

Абадандын Бакисинен: Темирбек, Чоко, Самий, Калыя. Темирбектен: Ыдырыс, Амантур, Жамангул, Жумагул. Самийден: Сатыбек. Калыядан: Сүйүнбек, Ырысбек, Жыргалбек.

Абадандын Маамбегинен: Мустапа, Кемел, Жамашбек, Жанбала. Мустападан: Кедеймат, Табылды. Жамашбектен: Рыскелди, Калыбек, нурбек, Качкын. Маамбектин Жанбаласынан Камчыбек.

Балбактын Чынгышынан: Элчибай, Жоомарт. Жоомарттан: Султанбай, Кудуш, Тынымсейит. Султанбайдан Кудайберген, андан Табылды. Кудуштан Аттокур. Тынымсейиттен: Табылды, Кабылды, Эрмек, Элдияр, Жарты.

Шоңконун Сүйөр уулунун тукумдары.

Сүйөрдөн Шүкүркан. Шүкүркандан: Эсенгул, Боркөтөн. Шүкүркандын Эсенгулунан: Ыманалы, Султан, Абак, Апыш. Ыманалыдан: Мазен, Зыя, Жакып.

Мазенден : Доктурбек, Өзүбек, Казыбек, Кыжыбек, Тынчыбек. Зыядан Аскарбек, Өмүрбек. Аскарбектен: Таалайбек, Марат, Мурат. Өмүрбектен: Нурлан, Тилек, Алтынбек.

Эсенгулдун Султанынан: Болот, Кудайберген.

Эсенгулдун Апышынан Акжолтой.

Шүкүркандын Боркөтөнүнөн: Урдөөлөт, Рысменде.

Урдөөлөттөн: Эдилбай, Бурганак, Данияр. Рысмендеден: Асирдин. Булар Ак Суу районунда турушат.

Автор жөнүндө маалымат

Кадыр Абакиров Тоң районундагы Темир – Канат айлынын Иймек кыштоосунда малчынын үйүндө төрөлгөн. Балалыгы, окуучулук кези ушул айылда өткөн. Атасы кой багып, жайында жайлоодо, кышкысын кыштоодо күн өткөрүп көчүп жүргөн. Малчы Ат-Жайлоо, Чоң-Таш, Арпа-Тектир, Тешик-Көл, Жылуу-Суу, Кара-Каман жайлоолорунда көчүп мал багып жашаган. Автордун балалыгы жайлоодо жүрүп жаратылыштын ыйыктыгын эртелей сезген. Анын болгон чыгармаларында ушул ыйык жерлер ар бир сабында кездешет. Автор өзү өткөргөн балалык кезин кубануу менен сөз кылат. Анын балалыгы жаратылыш менен биригип калган. Чыгармачылыкка үчүнчү класстан баштап кирише баштаган. Анын биринчи ыры « Көгүчкөн» деген ыр эле. Мектепте окуп жүргөндө «Эмгекчил» газетасына ар кандай кабарларды жаза баштаган. Анын биринчи китеби 1980-жылы жарык көргөн. Республикалык газета, журналдарга чыгармалары жарыяланган.

Ал акын, жазуучу, сатирик, санжырачы, педагог болуп эсептелет. Анын он миңге жакын ыры, аңгемелери, поэмалары бар. Андан сырткары «Педагогдун асыл ойлору» деген эки томдуктун автору. Автор ошондой эле обондуу

ырларга текст жараткан. Мындан сырткары ар кандай сыйлыктын ээси. Акын өзүнүн туулган жери жөнүндө санжыралап төрт китеп жазып чыкты. Азыркы учурда 10 томдуу чыгармаларын даярдап жатат. Анын миңдеген жомоктору жана учкул сөз китеби жарык көргөн. Ал Кыргызстан жазуучулар союузунун мүчөсү. Эл агартуунун мыктысы даражасына жеткен. Анын көптөгөн ыр, поэмалары, жомоктору жана башка чыгармалары бар.

Ал Чүйдө Токмок шаарында жашап, ошол жерде чыгармачылыкта эмгектенет.

Мазмуну

1 Бул китеп жөнүндө еыскача пикир................................ ....7

2 Бул китеп хөнүндө ой..................................................... .....9

3 Бабалардын санжыра… .................................................... ....10

4 Ак бата саптары................................................................. …11

5 2 – бөлүк. Жоокерлердин арманы.......................................43

6 3 – бөлүк. Элеси турат эсимде..........................................62

7. 4 – бөлүк. Замандаштарыма тамаша- чын арлаш...............82

8 Мен жашаган 1979- 1984 жылдардагы замандаштарым-

дын элестери. ................................................ .84

9 Классташтарым........................................................... .. .218.

10. Жоктоо ыры.......................................................................261

11 Бабалардын таралышы.....................................................254

Кийинкиге эстелик болсун деп.

Бир кезекте биз сүрөткө түшкөнбүз.

Ал кезекте жайнаган шаттуу чак

Алоо жанып майрамдай күндөрүбүз.

Мемиреп жай күнүндөй токтобой

Мезгил өтүп, закымдады арадан

Кээ бирлери келгис жакка кетиптир,

Кейиштүү арман ошондой жаралган.

Кеткендерди эскерет жаштарыбыз

Бобереги ап аппак сүрөттү карап.

Татынакай шаттуу күндөр алыстап.

Таптарбады алар минген акбоз ат

Мезгил улуу биздерге баш ийбейт

Оордубузга жаңылап жаштар келет.

Ал муундар азайганды толуктап,

Ар дайыма кеткендерди эскерет

А биз түшкөн бо береги элестер,

Эскирбестен тура берет күлмүңдөп.

Ошол муундар улам карап сүрөттү

Ойго батмак биз жөнүндө сөз сүйлөп

БИР СҮРӨТ

Эчаакы бобул түшкөн сүрөтүбүз

Келечекте болуп калаар эскерме.

Өкүнүп дайым карай жүрөбүз

Өткөн күндү улам-улам эстегенде.

Бобереги мотурайган бөбөктөр

Улан болуп небак эле бой жеткен.

Ортодогу ак чач болгон энекем,

Алда небак сапарлап жол кеткен…