***
Атаңдын көрү дүйнө күн,
Арманы көп дүйнөнүн.
Кейитип турган адамды,
Кейиши көп өткөндүн
Атаңдын көрү арман ай,
Армандын көп болгону ай.
Айдыңдуу эле адамдар,
А дүйнө кетти таптырбай.
***
Эзелкини эбиреп,
Эстеер киши болбосо.
Абалкыны баяндап,
Айтаар киши жок болсо,
Өткөндү такыр унутсаң,
Ошондо адам өкүнөөр.
Өкүм мезгил тарыхы,
Өксүк кылып өчүрөөр.
Биздин Көңдөй айлында,
Бийлер болгон бир далай.
Эсенгул, Жоомарт, Күрөңкө,
Эл башкарган Элчибай.
Ата-баба тарыхын,
Айта берем тартынбай.
Ушулардын санжырасы,
Унутулуп барат айтылбай.
Ак кагазга түшүрөм,
Анын баарын кайталай.
Чамалап эске салалы,
Чаласы калса жазылбай.
Комузчусу күү чертип,
Кооз күндү эшитип,
Кошубай деген бай өткөн
Коктудан атын чаптырып,
Койлорун тосуп жоноктон.
Түшүп келген колоттон.
Боолотуп жылкы айдаган,
Боогачы деген бай болгон.
Бордунун түзөң белине,
Боз үйү менен эл конгон.
Баятан келди эзиме,
Бай өткөн биздин бабалар,
Ар изи калган белгисиз,
Айтылбай калган тарых бар.
***
Бир көгөрүп алганда,
Айтканынан кайтпаган.
Кежирленип калганда,
Кекчилдигин жанып башкача
Карыш жерге баспаган,
Карматып келип көктүгүн,
Тууганына жакпаган
«Көк жинди» деп аталган.
Калдайган тоонун бетине,
Карала коюн жайдырган,
Үн чыгарып кайкыдан
Ит агытып, куш салган,
Өзүнүн түзгөн байлыгын,
Ырчыларга мактаткан.
Айдар менен бир болуп,
Жер чийип эгин айдаган.
Эгинин койго алмашып,
Акырындап байыган.
Айты ата менен бир болуп,
Алыш-бериш мал баккан.
Кыздары кетип кырымга,
Уулу кетип урумга,
Күлүктөрү күргүчтөп,
Торгойго аты дүңгүрөп,
Ысабек деген бай өткөн,
Ырыс конуп башына,
Ар бир иши шай өткөн.
***
Какылдаган карга жок,
Кукулдаган кузгун жок.
Бүтүмү оор турбайбы,
Бүгүн турган эртең жок.
Өмүрдүн баарын өзгөртүп,
Алыс жакка жөнөтүп.
Астыга айдап күндөрдү,
Айга айлантып жоготмок,
Күкүмдөй кылып мүнөттү,
Күнгө айлантып коротмок.
Кеңеш берген биздерге,
Кебин айткан сиздерге,
Кечөөгүнкү кары жок.
Кейишке баттык дүнө шок
***
Мамыр баскан жайлоого,
Коңгуроо гүлү жыш өскөн.
Малдуу, жандуу ток пейил
Мамбет ата бу өткөн.
Жакындары тууганына
Өз жардамын аябаган.
Жайылма деген өтөккө,
Жайында конуп мал жайган.
Ошол күндөр ажайып,
Келген жок го айланып.
***
Жонокчодон көрүнүп,
Жорго минген пенде өттү.
Жылкысын төмөн чубуртуп,
Жылгындуудан бирөө өттү.
Жылкыларын жыйра айдап,
Ден соолугу өтө шай,
Демигип атты камчылай,
Үн чыгарып бакылдай.
Кабагы ачык жаркылдап.
Мунарык тоону аралап,
Жорго менен сабалап,
Жонду койбой аралап
Алтымышбайдан төрөлгөн
Мукаш аба өтүптүр.
Муңдуу элес көчүптүр.
***
Токторбайдан Орозо
Сөз бурабыз ошого
Карааны тоодой шам чырак,
Кабагы ачык жаркылдак.
Бабаларды жондотуп,
Байыркыдан ыр ырдай.
Башынан өтүп көп окуя,
Өзүнчө бир олуя.
Куудул Кожо Насирдин,
Күлкүчүсү өз элинин.
Торгойго аты таралган.
Толгон-толгон кеп калган
Кылыктарын эстесек,
Кылымдык күлкү тараган,
Баяны көп айтылган.
Уккан адам тамшанган.
Көргөн адам карыяны
Ээрчип алчу калбастан.
Өтө жалкоо адамды,
Маш кылуучу мазактап.
Уккандар ал жорукту,
Ыкшып күлүп каткырмак.
Кап-кара жал куйругу,
Кара аты анын дулдулу,
Куручук менен Шаршенден,
Кем калбаган жоругу,
Жанында турган адамдын,
Бөйрөктөрү бүлкүлдөп,
Кагын болуп калгансып,
Кабыргасы сүлкүлдөп.
Эси оогон күлкүдөн.
Өлүп калган адамды,
Оюна койбой күлдүргөн.
Көп сөз кылаар эрмеги,
Көнөчөктүн тентеги,
Кайран киши бир келген,
Кайрылгыс болуп жол кеткен.
Мына ошол баяндарды,
Ырдап берип ыр кылгам,
Колумдан келчү иш экен,
Андан башка не кылам.
***
Кыйкырса тоолор коштогон,
Тоолор өңдүү тоо болгон.
Бакылдап келип сүйлөсө,
Башка адамдар таң калган.
Уулу кетип урумга,
Кызы кетип кырымга,
Балдары тың чыгып,
Атагы калып артында
Жолукканга кеп айтып,
Жон-жондорду жайлаган.
Тоолордо үнү таралган,
Токтосун деген ата өтүп,
Токтобой жылып көп заман.....
***
Ат үстүндө эрлерди,
Аңтара салып бөктөргөн,
Күлүктү минип шамдагай,
Боюу узун далдагай.
Ичинде такыр кири жок,
Башкага жаман оюу жок,
Кармаганын капшырган,
Кем калбаган баатырдан.
Баякун деген бабадан,