Выбрать главу

Кайрылгыс жакка барса да.

Кара-Көңдөй калың журт!

Калдайып жаткан ушу журт!

Тоолуу жерде Торгой журт!

Топуктуу эл ушу журт!

Айдыңдуу деп барктаган,

Арбагын сыйлап даңктаган,

Караанын такыр көргөзбөй,

Качса да далай замандар,

Даңктуу өткөн адамдын,

Дайындуу атын чыгарып,

Даңазалаар адам бар.

Айлындагы көчөсү

Анын аты аталган.

Ушундай улуу адам,

Унутулбй эске салынган.

***

Элчибай менен Талканбай,

Элине эмгек сиңирген.

Караан болгон бир далай,

Кары, жашы аларды,

Кайрылып эстейт унутпай.

***

Буулугуп жылдар өткөнүн,

Булуттар тоого көчкөнүн.

Байкабай калган экемин.

Баарысын азыр эстедим.

Узак жылдар кеткенин,

Унутуп кала жаздапмын.

Убайга батып кайрадан,

Ушуну азыр тактапмын.

***

Жомокчу чал эпеңдейт,

Эшеги күлүк тепеңдейт.

Байркынын жомогун,

Баян кылып кеткем дейт

Элге аты таанылган

Бабалардан бата алган.

Дайны чыгып көп элге,

Далай жыл элди башкарган,

Ысмы анын айтылып,

Ыйык журтка таанылган

Темир- Канат уланы,

Терезеде чырагы,

Көңдөйүмдүн уланы,

Көөдөндөгү чырагы,

Кадырман элдин кулуну,

Беккулунун тукуму,

Кошубайдын мыкты уулу,

Уламадан уласам,

Улуулардан сурасам,

Жумакадыр аба өткөн.

Калдайган мындай абанын,

Карааны кетпей жүрөктөн.

Мезгил деген күлүк ат,

Шабыр-шубур шашылмай.

Элестүү өткөн агалар,

Эстен чыгып капырай.

Убакыт деген учкаяк,

Абыр-шабыр шашылмай,

Урматтуу сыйлуу абалар,

Унутулуп барат капырай

***

Боргөтөн деген бабабыз,

Болотуп жылкы айдаган.

Ата-баба санжырасын,

Абалата сайраган.

Аянда аты даңкталган.

Шоңкодон чыккан Боргөтөн,

Шоңшоюп жондо отуруп,

Улап айткан санжырасы,

Уккандын көөнүн толтуруп.

Апталап айткан санжыасы,

Адамдын көөнүн толтуруп.

Жумалап айткан санжырасы,

Журттун көөнүн толтуруп.

Боргөтөндун ат кошчусу,

Божур кептин илгичи,

Шоңколордун жигити,

Шоорат сөздү билгичи,

Сур айылдын ыраңы,

Сулуу сөздүн кырааны,

Таабий деген бабабыз,

Таанылып аты Торгойго,

Тараган биздин даңкыбыз.

Сабалаган жылдардай,

Сан жылдардын карааны.

Санжыра айтуу баянын,

Боргөтөндөн үйрөнгөн,

Боолотур сөздү түшүргөн.

Талыбай сүргөн тарыхты,

Табияттан өнөрлүү.

Бөргөтөндөн ары уласа,

Боз булбулдай сайраса,

Саймалаган сөздөрү,

Санжырага көрөңгү,

Таабий деген чоң ата

Табышмак бойдон калды да.

Уулу, урук, тууганынан,

Укмуштантып кеп айткан.

Таамай сөздү чубаган,

Табылаар бекен бир адам.

***

Комузчу абаз уясы

Зыпылдап жан киргизген.

Колдору кара кучкачы,

Колдогону талант уясы,

Кыраан күүчү чертмекчи

Күүнү чертип шоңкойгон

Күрөңкө чыккан шоңкодон,

Күүсүн күүлөп отурса,

Көөнүн элдин толтурса,

Обону сыйкыр окшогон.

Кеп козгоймун ошондон

Буруп-буруп черткенде,

Булбул талдан кулаган.

Толгоп-толгоп черткенде,

Торгой көктөн кулаган.

Кайрып-кайрып черткенде,

Калк «Дагы» деп суранган.

Бирде күүсү ботодой,

Боор сыздатып боздогон.

Боз ингендей буркурап,

Ботосун издеп жоктогон.

Муңканса күүсү зар улап,

Муңдуу жандын көзүнө

Мөлтүр ысык жаш толгон.

Муун –жүүнү шалдырап,

Муңайган жүзү жалдырап,

Күйүтү чыккан тышына,

Күйүттү арман козгогон.

Бир туруп күүсүн шат кылган,

Шарабы жок мас кылган

Көкүрөктө зар эрип,

Шаң күлкүгө тойбогон.

Шаттык кумар ойногон.

Айлана күүгө оронуп,

Асманга жылдыз тоголуп.

Ай кылайган кечтерде,

Күрөңкө комуз черткенде,

Айлына доош тараган,

Айдыңы тунук абадан.

Түнкү жандык тынчтанып,

Күү кайрыгын тыңшаган.

Кымча бел кыз, жигиттер,

Бири-бирин карашкан.

Ойнун таштап күү тыңшап,

Ободон жылдыз санашкан.

Бүтөбайдын Акуну

Кыргызга аты таанымал.

Күмүш жаак жез комуз

Күрөңкө күүсүн улаган.

Устатынан укмуштуу,

Улуу күүнү кураган.

Таякелерине жол улаган,

Кадимки Кара Молдодон,

Иманкул уул Чалагыздан

Үйрөнүп өнөр жолдогон.

Иши анын оң болгон.

Талбай чертип комузду,

Талант жолун жолдогон.

Кызыл гүл ачса зоонуку,

Ак мөңгү аска зоонуку.

Кызыл шайы сеники,

Кыз бала тапсаң меники.

Өнөрлүүнү сыйлай жүр!

Өлбөс талант элдики.

Мандалак ачса тоонуку,

Аркар-кулжа зоонуку.

Кара ала шайы сеники,

Кара көз бала меники.

Кадыр-баркын сыйлай жүр!

Кажыбас талант элдики.

Алтын-күмүш жердики,

Ак нурлуу жүз сеники.

Ал мончок бала сеники,

Атын эстеп сыйлай жүр!