Выбрать главу

Өмүр сүрүп жашап келет биз менен

Жымжырттык, куш үндөрү кебелбеген.

Кайда кетти Өмүрбек, Эсенгул инилер?

Күлүк минип узун жолдо сапар өтпөдү.

Ай нурунда аккан суу агат шарпылдап,

Асылдар не келбеди бул жакка сапарлап.

Адамды ушунчалык таң калтырып,

Колду жуумп эсеп менен санатып,

Капаланып кайгырганда не чара,

Кайран өмүр берилиптир аз гана…

***

Майданда элин коргогон,

Өз элине чеп болгон.

Кагаз жазып чийме чийип,

Балдарга чачып илимин,

Сырын билип ар кишинин.

Элине чачып эмгегин.

Аруун деген аба өттү,

Ал өтпөсө ким өттү.

Акылы тунук эс менен

Ал агамды эскерем,

***

Мамыр баскан жайлоодон,

Малын айдап малчы өттү.

Жайылманын төрүнө,

Жайдын күнү жаан төктү.

Ырын төгүп жамактатып,

Ырыстуу бир атак алып,

Абды атадан, Ыдырыс

Түркүн-түркүн чөптөрдүн,

Түрүнөн дары жасаган.

Адырашман, чалкан чөп,

Алыс жактан алдырган.

Уу коргошун, тыйынчек,

Чайга демдеп салдырган.

Бачым жана сарамжал,

Баардык ишти шай кылган.

Адамдарды дарылай,

Албаш ишке жараган.

Туулган жери жөнүндө,

Турмушта далай ыр жазган.

Өкүнүч салып баарыбызга,

Өтүп кетти бул адам.

Өкүнүч экен шум жалган.

***

Анын арты жагынан

Эмгекчил эр өткөн.

Элине арнап кызматын,

Эринбестен шаң төккөн.

Өмүр боюу тынбастан,

Өрнөк болуп баар тапкан

Жер сугарып, эгин айдап,

Жергеми сонун гүлдөттү.

Көөнөрбөс эмгек сиңирип,

Көк жорго деген ат минип,

Көнөчөктүн айлында,

Көркөмдүү сонун жайында,

Көбөк деген эр өттү.

***

Анын арты жагынан,

Кайгуулда күзөт күзөтүп,

Кайран уулдар дагы өтүп…

Болот, Эсен эки окуучум бар эле.

Элестери, кыял, жорук , турпаты,

Өкүм мезгил, өткөндү эске түшүргөн,

Көз алдыдан алар такыр кетпеди.

Кеткен бойдон кайра артына келбеди.

Он гүлүнүн бири ачылбай,

Жыпар жыты аңкып чачылбай.

Жылгадагы жыттуу гүлдөрдү,

Жылдыздуу маалы табылбай.

Эр жигитке мекен коргоо парзы да,

Эң улуу иш буюрган экен балдарга.

Түйшүк тартып баатырларча жок болгон,

Түбөлүк даңк, улуу урмат аларга!!!

***

Чүкө ойноп сайдын жээгинен,

Абдан ынак болчубуз.

Коктулардан мааратып,

Козуну бирге жайчубуз.

Ыраакка бирге барчубуз,

Ышкын терип төрлөрдөн,

Тай минип чаап өтчү элек,

Тараша баскан бөксөдөн.

Таштарды терип жылмакай,

Тап таза сууну кешчү элек.

Таңда койду айдачу элек

«Ата» деп айтып чакырып,

Артында жалгыз туягы.

Текебайдын Түйтөсү,

Теңтушум учуп дүйнөдөн.

Мындай шумду ким көргөн?

***

Арпа Тектир жайлоонун,

Арасын сылап жел өттү.

Алынып дайым мал менен

Ак жашоо өтүп шаң менен.

Жок эмес, бар менен

Жан дүйнөсү кеп –кенен.

Айлында жүрүп түбөлүк,

Ак бата алып элинен.

Агарып туулган жеринен.

Балдары тың чыгып,

Ата атын даңктантып

Амантур деген эр өттү,

Эр өтпөсө ким өттү.

Эл ичинен жээн өттү.

***

Солто, Өмүрбек инилер

Сонолотуп куш салып.

Созултуп жылкы айдашып,

Согон өтөк жайлашып.

Созулуп катар бастыңар,

Сонун бекен оо дүйнө,

Сонуркап неге шаштыңар.

Сырларын айтпас балдар!

Сыбызгыны какпайт балдар!

Сырдуу өтөктөн өткөн балдар!

Сырттан кайып болгон балдар!

***

Кагылайын Канат, Өмүш иним

Кечөө эле бар элеңер.

Арабаны айдап алып,

Арабызда жүрчү элеңер.

Айланамды карасам,

Көрүнбөдү карааныңар.

Болуп өттү не шумдук,

Болумушка таң калдым.

Бүгүн силерди жоктойбуз,

Капа жана күйүнмөй.

Ажырашып кетүү бул,

Арман тура бүтүндөй.

Медияндын чөлүндө,

Мен эмнеге келатам.

Медер кылып жактырган,

Мээримиңен адашкам.

Канжыгамда байланган.

Кара чепкен ичик жок.

Караан тутуп сыйлашаар,

Кандашым Канат, Өмүш жок?

***

Менин сүйкүм төрт тирегим бар эле

Ата-энем, Бейшен, Дүйшөн агалар.

Төртөө менин жан-жагымда тоо болуп,

Оор кезде алар мени калкалаар.

Кечөө эле жан-жагымда турду эле,

Тоодой болуп ынактарым коргошуп.

Бүгүн болсо, мында турам жап-жалгыз,

Тоолорумду таба албай томсоруп…

***

Мен ата-бабалардын мүрзөсүнүн жанында турам. Айланамда торгой куштар сайрап жатат. Тээ бийикте куштар, чымын-чиркейлер каалгып учуп, тээ береги Атыгай колоттон ыйык куш күкүк

тынбай үнүн безейт. Андан берки колоттон карганын үн салганы кулагыма даана эшилет.Ал эми бул жерде ата-бабалардын сөөгү коюлган көрүстөндө тынчтык мемиреп каалгып жатат. Алар түбөлүк бобу чөлкөмдөгү тынчтыкта, бобу куштардын үнүн тыңшап тынч уктап жатат. Тирүү адамдын жан-дүйнөсү тынчтыкты жактырат.

Закымдап мезгил өтөт. Күндөр, айды, айлар жылды кууп өтүп замандар алмашып жатат. Өз учуру келгенде биз дагы кара жерди жамынып, сырттагы тынчтыкты тыңшайбыз. Бирок кимдин сөөгү кайсы жерге коюлат ал тагдыр. Ал да белгисиз. Мейли кайсы жерде жүрбөйлүк бобу бабаларыбыз жаткан жердеги мүрзөлөрдү биз эч убакта унутпайбыз. Анткени бул жерде биздин туугандарыбыз, жакын адамдарыбыз, ата-тегибиз жатат. Алар менен туулган жерде тирүү болуп, баарлашып, балалыкты, жаш кезибизди өмүрүбүздү өткөрбөдүк беле. Ошол үчүн бул жерде жаткан адамдардын арбактары биз үчүн касиеттүү жана ыйык. Аларды биз өмүр боюу унутпай эскерип жана куран окуп келебиз. Алар дагы ошону каалашат. Анткени алар чын дүйнөдө жашап жатышат. Эмесе андан ары баяныбызды уланта берели. Токтоп калган болбойт.