Уккум келет агайымдын жемесин.
«Ыр жазганды таштабагын»– айтчу эле,
Мен эскерем улуу адамдын элесин.
Ыр жазамын жердештерим жөнүндө,
Туулган жерим дайыма келет көңүлгө.
Жолу улук иштер дагы улансын,
Жомок болуп, жомоктолсун бу дүйнө.
Далай-далай агаларым бар эле
Даңазасы бар ошолордун арасынан.
Жаадай болуп мезгил алыс сызса да,
Жакшы адамды унутпаймын эч качан.
Мамбет жана Жамаке
Тынаев агаларга
Кулак болуп айдалган
Болбогон жерден жаза алган.
Атыгайдан Тынай бар
Тынайдан Мамбет бар.
Мамбеттен Жамаке,
Жана дагы Сапарбек.
Мамбет менен Жамаке,
Жети-Өгүздү жайлаган
Оргочордо кой баккан.
Мыкты чабан аталып,
Атасы болгон лауреат.
Жамаке алып баатырдыкты,
Атагын элге жайылтты.
Минтстр болуп Сапарбек,
Эл башында журт тейлеп.
Мейли кайда болсо да,
Аман-эсен жашасын.
Атагын элге жайылтсын,
Беккулу деген атанын.
Эшпер уулу Жумаш агага
Эшпер ата тукумдары
Баарысы тең тың чыкты.
Айлына эмгек сиңирип,
Албан жумуш жасашты.
Ушулардын ичинен
Жумаш ага жарады.
Күрдөөлдү эмгек сиңирип,
Далай жыл болду башкарма.
Депутат болуп катталып,
Элине калды атагы.
Мындай уулду унутпай
Биз эскерип жүрөлүк.
Анын кылган иштерин
Ардак менен сүйөлүк.
Эмгеги сиңип элине,
Аты коюулду жерине.
Эшперов болуп аталды,
Өлбөс болуп атагы.
Акын-драматург, коомдук ишмер
Калпак уулу Байсеркеге
Көңдөй жерде көз жарды,
Абылайдын Калпагынан
Байсерке ата жаралды.
Алдыга коюп максатты
Алыс сапар аттанды.
Ары акын, ары чечен
Топ ичинен кеп билген.
Өлгөн жанды күлдүргөн,
Куудул кепти сүйлөгөн.
Сабатын жойуп жашынан,
Мугалим болгон башынан.
Көөнөрбөс адам экен деп
Көпчүлүк аны сыйлаган.
Ак кагаздын бетине,
Драманы көп жазган.
Драмада оюн аткарган.
Шык жөндөмү улам жанып,,
Көргөн адам таң калган.
Ыр жазып, жашоо жөнүндө,
Чыгармасын калтырган.
Эшенаалы, Касым менен
Граматиканы түзүшкөн.
Үйрөтүп элге билимди,
Үзөнгүлөш жүрүшкөн.
Болбогон жерден жаза алып,
Контр болуп айдалып,
Уралдын Пермь жеринде,
Каза болду кайтпай калып.
Бул акылдуу адамды
Эли дайым эскерет.
Окумуштуу адамды,
Өлбөс адам деп билет.
Жашоо нугун жаңыртат,
Аккан арыктан суу агат.
Байсеркенин Муратбек,
Ал дагы тың чыгып.
Өз ысым баянын,
Өлбөс кылды таанытып.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу,
асыл педагог Айты уулу Арун агайга
Коргоп ата мекенди,
Жарадар кайтты ал жактан.
Ошол октун айынан,
Он жылдары азаптанган.
Күздүн күнү кеткенсиз…
Ошол убак эсибизде.
Бизди окутуп жүрчүсүз,
Эң кичине кезибизде.
Узак жылдар өтсө дагы,
Унутпайм асыл адамды.
Сүйүктүү сонун агайыбыз,
Сүйкүм чачып жашап калды.
Үсөн уулу Камчыбек иниме
Жайнаган эмгек сиңирип,
Жаш чагынан тың чыкты.
Комсомолдо иштеди,
Көрө билип алысты.
Депутат болуп катталды,
Аким болуп иш алпарды.
Жакшы иштеп болжолдуу
Жаратылышты жакшы коргоду.
Балыктар көлдө жайнады,
Калың бактын башына
Булбулдар конуп сайрады.
Ачык көңүл инибиздин,
Ак эмгегин урматтайбыз.
Адал иштеп, өттү жашоодон
Ар дайыма унутпайбыз.
Муса уулу Өмүрбек иниме
Жазгандарымы карасам,
Өмүрбек иним жок экен.
Бирөө безге сайгансып,
Так секирип чочуп кеткем.
Карандуу ушул инимди,
Жазбай калдым кандайча.
Ушул дагы китеппи
Бул жерден аты чыкпаса.
Ишке белдүү чоң азамат
Иш башы ушул эмгекте.
Жакындарың менен жанашып,
Жашай калгын бу китепте.
Коомдук ишмер, директор педагог, көптөгөн сыйлыктын
ээси Айдаров Усайырга жана анын жолдошу К.Рнын
эл агартуусунун отличниги, К.Рдин эмгек сиңирген
мугалими,Айдарова Батимага
Коп жылдар агартууда иштедиңер
Эл журтка арналып иштериңер.
Адыр ашып ак эмгекте тер төгүп,
Албан жылдар өмүр сүрүп келдиңер.
Ак эмгекти жаратууда зор бакыт,
Чоң ырыскы дал ошонтип табылат.
Өжөр тумуш өргө карай баратып,
Өлбөс эмгек дал ошентип жаралат.
Өлбөй калган адамдын аты калат.
Автовнештрансты жетектеген жетекчи, көптөгөн сыйлактардын ээси Абакиров Жолочуга жана СССРдин, К.Р. дин эл агартуунун отличниги, К.Р. дин эмгек счиңирген мугалими, Эмгек Кызыл Туу. Даңк орденинин жана башка сыйлыктардын ээси Исаева Зуураканга: