Выбрать главу

Дарак деген бир жерде көгөрүп,

Асманга боюн керип оболоор.

Бири болсо чоң жерде жетекчи,

Бири болсо, өмүр боюу директор.

Ээрчишип эгиз козудай келдиңер,

Өтөөр далай билинбей мезгилдер.

Агылып өмүр өтүп кеткенде,

Ак эмгекти эли журту эстешеер.

Иним Абакиров Кумарга

Адамдагы талант деген,

Баардык жанга ыйгарылбайт.

Өнөрү бар улуу адамдар,

Өргө карай тынбай кадамдайт

Талантыңы бекем сактап,

Талаага аны таштаба

Чагармачылык жолуң менен

Чыгасың бийик аскага.

КЛАСТАШ КУРБУМ БАКТЫБЕККЕ

Бала кезде Бакыны,

«Куркук» деп атап алганбыз.

Ал кезде шайыр шат элек,

Айдыңдуу ойноок чагыбыз.

Азыр болсо абышкабыз,

Ал убактар кайра келбеер.

Купшуңдап куудул сөз айтып,

Куркугум аман жашай бер.

Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу

Касымбек абам менен Бурул апама

Апам айтат: -Биздин бала эле,-деп,

Абам айтат:-Мага бала болгон,-деп,

Даам татыдым экөөнүн тең колунан.

Дайындуу күндөр дайым кетпей оюман.

Мен жөнүндө жакшы кебин айтышса

Мемиреген мезгил өттү карматпай

Мен силерди чыгарбаймын эсимден,

Мээрим чачкан энем менен атамдай.

Асек иниме

Өмүр боюу эмгектенди

Агартуу илим тармагында.

Анын асыл эмгеги

Жомоктолуп баарында

Бирге ойноп бир жүрчүбүз

Оромпой тээп жүгүрүп.

Балалык бир керемет,

Бакыт чачкан сүйүнтүп.

Жада калса ачууну,

Биригип алып ишчү элек,

Таба албай үйүбүздү,

Темтелеңдеп келчү элек.

Анан мезгил өтүптүр

Көздү ачып-жумганча.

Кара мурут ак болуп,

Карып кеттик кандайча?

СССР дин жана Кыргыз Рес-ынын Жогорку Советинин

депутаты

Бүткүл союздук жаштар сыйлыгынын лауреаты

жана көптөгөн сыйлыктардын ээси

Кожокен уулу Куттубекке

Кыраан бүркүт канаттарын кайкытып,

Кырлуу тоодон улуу эрдикти жаратат.

Ал эрдикти, аңгемелейт эл-жери,

Аска-зоолор жаңырык коштоп баратат.

Ал даңктуунун жасап өткөн эрдигин,

Арадагы баардык куштар жасашпайт.

Катаалдыктан от жүрөгү коркпогон,

Каармандыкты ала жүрүп коштогон.

Кайкып учкан кыраан гана жаратат.

Эл ичинде уу-дуу кептер айтылып,

Эрдик даңкы кылымдарды аралайт.

***

Агам Абвлгазы уулу Жапаска

Жылдар өтсө келатасыз эсимде,

Агаларым сапар жолдо эскерилип.

Адам болуу чындыгында өтө оор,

Алдыга кадам шилтеп телчигип.

Чоң бакыт жакшы адам болуу да,

Башкалар суктанып сизди караган.

Айкөл болгон жашоо деген бир келет

Жөнөкөйлүк жан дүйнөдө уюуп калган.

***

Турдубай уулу Сатарга

Бир жолу жолуктум Сатарга

Жаштыгы ойт берет өңүндө.

Калыс токтоо карап баардыгына,

Каадалуу сөздөр сүйлөмүндө.

Өңү дагы картайбастан жаш экен

Баардыгы эле баягыдай бала экен.

Жан дүйнөсү жакшы адам карыбайт,

Оңой менен карылыкка алдырбайт.

Беккулу атанын атактуу уулу, милициянын генерал майору

Аалиев Чыныбекке арналган жоктоо ыр

Тоңдо Темир-Канатта бүт дубанга белгилүү Беккулу атанын тукумунан таралган Аалиев Тукеш деген белгилүү адам жашады. Ал жаштайынан билимге берилип китепти көп окуп, эл менен бирге болуп, өтө билимдүү адам эле. Кийин жогорку окуу жайын бүткөрүп, райондун ар кандай чарбалык жана партиялык ишинде иштеп элдин алкоосуна ээ болгон касиеттүү адам болгон. Кудай бергениненби ал он баланын атасы болду. Анын балдары дагы өзүндөй тарбиялуу, парасаттуу болуп чоңойду. Уландары бойго жетип, биринен сала бири аким, мер жана өлкөбүздүн ар кандай жооптуу иштеринде иштеп журт башкарып, калктын терең кадырлоосуна ээ болот. Ошол уландарынын ичинен Аалиев Чыныбек деген өтө тың баласы бар эле. Ал милициялык окуу жайын эң жакшы деген баалар менен бүткөрүп, өлкөбүздүн ички иштер кызматында иштеп жүрдү. Ишин өтө так бүткөрүп, баардык жумушта эң жакшы иштеген, өз өлкөсүн берилип сүйгөн жигит эле. Жакшы иштегендиктен кызматынан бат эле жогорулап жатты. Оомал төкмөл дүйнө ошол учурда өлкөбүздө рекеттер, өлкөнү тоноочулар, карапайым адамдардын байлыгын тартып алуучулар, жана башка терс иштерди иштеген коркунучтуу топтор чыга баштады. Аларга коомдун да алы келбей турду. Ушулар менен күрөшүү органдардын иши болуп калды. Ошол терс күчтөр менен бетме-бет тирешүүдө Чыныбек тике маңдай чыгып, далай мен-менсиген адамдарды кармап аларды өз жайына отургузуп, өлкөнү терс күчтөрдөн арылтууну үстүндө жүрүп, көптөгөн адамдардын алкооуна ээ болду. Ал Пишкек шаарынын милиция органын жетекчиси болуп далай жумуштарды аткарды. Шаар толук терс күчтөрдө тазалангандай болду. Бирок канкор өч алуучулар аны машинасында кетип баратканда жок кылышты. Бүтүндөй өлкө баатыр уулунан айрылып кайгыга батты. Баатыр уулдан айрылуу өлкө үчүн оор жоготуу болду. Тагдыр экен анын бир туугандары жараткандын жазмышына көнүп, айласыздан жоктоп калышты. Анын эмгеги бааланып, милициянын генералы деген чоң наамга жетип далай сыйлыктары бар эле. Тоң районунун милиция бөлүмү ушул жигиттин наамына аталып калды. Артында аны жоктотпой балдары калды. Ушундай өлкөнүн тынчтыгына өмүрүн арнаган жигиттин эрдиги үчүн Эл Баатыры деген ардактуу наамды берип койсо деле аздык кылбас эле. Балким ал үмүт деле акталып калаар. Тирүү адамдар үчүн ийгиликтин эрте-кечи жок эмеспи. Адамдар үмүт менен жашайт эмеспи. Эмне болсо дагы баатырдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, артында калган эли аны дайыма эскерип жүрсө болду.